Парламентти таркатуу жана кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүү жөнүндөгү жарлыктын мыйзамдуулугун кароодон беш судьянын баш тартуу себебин Конституциялык Соттун мүчөсү Петро Цецюк мындайча түшүндүрдү:
- Конституциялык Соттун судьялары мыйзамдарды калыс жана өзалдынча кароосуна шарт түзүлмөйүн, Конституциялык Сотто украин эли үчүн өтө олуттуу маселени кароо мүмкүн эмес деп эсептейбиз.
Конституциялык Сотко президент Ющенконун жарлыгы боюнча бүтүм чыгаруу үчүн 11 судьянын болгону жетиштүү. Сот өз чечимин айткан күндө да, анын Украинадагы саясый кырдаалга кандай таасир этери белгисиз. Анткени, көпчүлүк экс- советтик республикалардагыдай 1990- жылдардын башында түзүлгөн Конституциялык Соттун бай тажрыйбасы жана таасири жокко эсе. Же профессор Войцех Садурский айткандай, Конституциялык Сот буга дейре негизинен президент чыгарган жарлыктын же парламент кабыл алган мыйзамдын башмыйзамга каршы келтирбей жымсалдап гана келди:
- Конституциялык Сот, чындында эле, парламент көпчүлүк учурда конституцияны бузуу менен кабыл алган мыйзамдарды жонуп- жылмалап, конституциялык нормаларга ылайыктоочу күч сыяктуу көрүнөт.
Профессор Садурский Италиянын Флоренция шаарындагы Европа университетинин юридикалык департаментинде иштейт.
Украинада көпчүлүк экс- советтик өлкөлөрдөгүдөй эле Конституциялык Сот европалык үлгүдө түзүлгөн. Анын милдети: практикалык жактан алганда, мыйзамдардын башмыйзамга ылайыктуу болуусуна көз салуу жана терориялык жактан алганда, саясый дискриминацияны минималдаштыруу.
Украинада соттун 18 мүчөсүнүн алтоосун парламент, алтоосун президент, алтоосун Судьялар кеңеши көрсөтүп, тогуз жылга дайындалат. Бул жагдай- соттун көзкарандысыз чечим кабыл алуусуна жакшы өбөлгө түзөт. Бирок, Конституциялык Сот- иш жүзүндө- саясый системадан күзгүсү да, курмандыгы да болуп жүрөт. Себеби, соттун иши өлкөдөгү демократиянын деңгээлине байланыштуу болот дейт профессор Садурский:
- Конституциялык Соттун күчтүү, көзкарандысыз, ишенимдүү болуусу негизинен демократиянын бекемдигине багыңкы болот.
Украинанын Конституциялык Соту канчалык зирек экени- президент Ющенконун парламентти таркатуу жөнүндөгү жарлыгына өз баасын бергенден кийин маалым болору калетсиз.