- Бүгүнкү митингге болжол менен канча киши катышат, биринчи күнгө кандай иш чаралар пландалган?
- Бүгүнкү ачыла турган митингге Кыргызстандын региондорунан, Бишкектен 50 миңдин тегерегинде адам катышат. Бул саат экиде башталат. Митингде адаттагыдай эле Кыргызстанга белгилүү коомдук, саясий ишмерлер, бириккен фронттун лидерлери, андан сырткары “Реформа үчүн” кыймылдын жетекчилери сүйлөшмөкчү. Андан сырткары биздин программада маданий тармак бөлүк дагы бар, башкача айтканда эстрада жылдыздары, ырчылар концерт коюшмакчы.
- Мына өзүңүз айттыңыз, бүгүнкү митингге 50 миңдей киши чогулат экен. Бул өтө чоң күч. Экинчиден, айрым бир партиялар, атап айтканда республикалык “Эмгек жана биримдик” партиясы ушу күнү өз тарапкерлерин антимитингге чакырып жатат. Кокус ушундай альтернативдүү митингдер чыгып кетсе, ошончо элди башкарганга калпыстуу адамдардан аларды кармап калганга фронттун күчү жетеби?
- Фронт албетте катышуучулардын коопсуздугун сактаганга колдон келишинче аракет жасайт, тийиштүү шарттар бар, аракеттер жүрүп атат. Андай антимитингдерди уюштуруу аракеттер бар экенин дагы билебиз. Бирок ошол эле учурда биз мамлекеттик тийиштүү органдарга, шаардык бийликке, коопсуздукту сактоочу уюмдарга тийиштүү каттарды жөнөткөнбүз, билдирүүлөрдү бергенбиз. Алар дагы тийиштүү чараларды көрөт деп ишенебиз. Ал эми Алмаз Атамбаев антимитинг өткөрүлбөйт деп убада берген. Ага карабастан антимитингдер жүрүп атат. Бүгүн дагы жүрүшүн күтүп жатабыз. Ошого байланыштуу алардан дагы талап кылабыз, алар дагы тийиштүү чараларды көрүп, митингге катышуучулардын коопсуздугун камсыз кыларына аракет кылат деп ишенебиз.
- Эми ошол митингдин талаптары тууралуу айта кетсеңиз. Мурдагыдай эле эки талап калдыбы, же башка дагы кошумча талаптар барбы?
- Мурдагы талаптар калды, президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү жана Конституциялык реформа жүргүзүү. Андан сырткары биз өзүңүздөр билесиздер, Конституциянын жаңы долбоорун сунуш кылганбыз, ал 9-ноябрда кабыл алынган Конституцияга негизделген, андан башка талаптар жок.
- Митингдин талаптары тууралу тактап коё турган маселе чыкты, атап айтканда Феликс Кулов кечээ жеке өзү президенттин токтоосуз отставкага кетишин талап кылбай турганын билдирди. Эгер мөөнөтсүз президенттик шайлоого Бакиев макул болуп калса, анда шайлоо кайсы мезгилге белгиленсе фронтту алымсындырмак?
- Эгерде мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөр чечими кабыл алынса, бул жылдын аягына чейин өткөрүлүшү керек деген ойлор айтылып жатат. Бул узака создурбаш керек, тез арада өткөргөнгө аракет кылыш керек.
- Ал эми Конституция боюнча, кечээ президент жаңы Конституциянын долбоорун парламентке сунуш кылыптыр, ушул долбоор силерди алымсындырабы?
- Бул долбоор бириккен фронтту дагы, “Реформа үчүн” кыймылды дагы алымсындырбайт. Себеби ал долбоордо 30-декабрда кабыл алынган Конституциянын негизги жоболору сакталып калган. Ошон үчүн биз ага каршыбыз.
- Түздөн-түз өзүңүз баш-көз болуп турган ачкачылык акциясына кичине кайрыла кетели. Айрым бир байкоочулар алардын арасында укук коргоочу Рамазан Дырылдаев ушул өткөрүлүп аткан акциянын өтө эле тoбoкелдүү иш экенин белгилеп, аны саясий шахитчиликке жол ачышы мүмкүн деп билдирди. Сиз буга кандай дейсиз, бийликке таасир этүүнүн мындан башка таасирдүү ыкмаларын колдонсо болбойт беле оппозиция?
- Эл-журт көрүп-билип атат, бийликке таасир этүүнүн башка формалары калбай калды. Бул аргасыз чара деп биз билебиз, башка чара калбай калды. Ошон үчүн Кыргызстандын жарандары мындай кадамга аргасыздан барып атышат. Биз көрүп атабыз, ачкачылык жарыялагандар абдан кыйналып атышат, ден-соолуктарына зыян болуп атат. Кээ бирлерине ден-соолугунун начарлап кеткенине байланыштуу сунуш кылсак дагы, ошол жерде кызмат көрсөтүп аткан дарыгерлер сунуш кылса дагы, алар эч качан баш тартпай тургандыгын айтып атышат. Бүгүн өткөрүлө турган митинг дагы арга кеткендеги иш болуп атат. Себеби бийлик элди алдагандан башка, элга калпайткандан башка эч кандай чечкиндүү натыйжалуу чараларды көрбөй жаткандыгы элдин бардыгынын нааразычылыгын туудуруда.
- Маегиңизге ырахмат.