- Урматтуу мекендештер! Кымбаттуу достор. Биринчиден бардыгыңыздарга ыраазымын, бардыңыздарга ырахмат айткым келет. Азыр ушул аянтка Баткенден, Жалалабаттан, Ысыккөлдөн, Нарындан, Чүйдөн, Таластан, Оштон келишти. Атайын митингге катышуу үчүн чет мамлекеттерден келгендер бар. Бүгүн чечүүчү күн. Мекенибиздин жана балдарыбыздын, элибиздин келечеги биздин колубузда.
Бир жарым жыл мурун Бакиев-Кулов тандеми үчүн добуш бергенсиздер. Андан мурда стабилдүүлүк, элдин биримдиги болсун деген милдет койгонсуздар. Ошондуктан премьер-министр болуп турганда баарын чыдап көтөрдүм. Саясатчылар сөзүндө турган жок деп айтышат. Адамдын сөзү өлгөнчө өзү өлсүн деген принцип менен тандемде айтылган убадада турдум. Ошол мезгилде көп сындар айтылды. Бирок бирдиктүү түзүлгөндө сиздер мага ишенип колдодуңуздар. Мен буга терең ыраазымын.
Сиздердин ишенич мен үчүн өтө чексиз. Жергиликтүү элеттерге да ыраазымын. Алардын көпчүлүгү биздин максат туура деп чечишти. Фронт уюшулгандан бери бир топ кызматкерлер биз тарапка өтүштү. Булар биздин катарыбызды толуктап турат. 5-апрелден баштап республикада ачкачылык акциясы өттү. Жүздөгөн адамдар колдоо менен катышты. Аларга да таазим кылам. “Реформа үчүн” кыймылына өзгөчө ыраазычылык билдирем. Алар элди ойготуу үчүн өтө көп кадамдарды жасашты. Бүгүн алар да биз менен бирдикте. Биздин максатыбыз жалпы. Ал кандай максат? Конституциялык реформа жана президенттик кезексиз шайлоо. Биздин мындан башка максатыбыз жок. Бирок Бакиевдин куйруктарына бул жакпайт. Бийликти кандай болсо да сактап калуу алар үчүн өтө маанилүү.
Урматтуу туугандар! Бизди граждандык согуш баштаганы жатат, түндүк-түштүк элдерин бөлүп атат деп атайын жамандап жатышат. Туугандар, президент кезексиз шайлоону талап кылуу согушка алып келүү деп айтууга болобу? Биз провокацияга алдырбашыбыз зарыл. Тынчтык митингинде чогулуп отурабыз. Максатыбыз президентке Конституциянын бир канча вариантын бергенбиз. Жок. Келбеди. Андыктан сүйлөшүү болгон жок. Ардактуу достор! Биз чындыгында элдик Конституцияны кабыл алышыбыз керек. Силердин оюңарды билүү биз үчүн өтө орчундуу. Келгиле, олуттуу иштерди бирге жасайлы. Биздин мамлекетти өзгөртөлү. Ал биздин күткөн үмүттү акташы зарыл.