Темир Сариев: - Элибизде мындай кеп бар, канга Кудай берерде, өз энеге баш болот. Канды Кудай урарда дөөлөтүнө мас болот, өз элине кас болот дейт. 2000-жыл тарыхы бар кыргыз элинде бийликти кыска эки сап сөз менен мындай деген : «ыймандуу бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок” деп. Бүгүнкү бийликте ыйман жок, бүгүнкү бийликте тууган жок, бүгүнкү бийликте мыйзам жок. Тилекке каршы эки жыл ичинде бийлик элдин ишенимин аткара алган жок. Элдин ишеними жок, бийлик алсыз, күчсүз. Эки жылдын ичинде Кыргызстанда мыйзамдуулук орногон жок. Мыйзам иштебеген мамлекетте коррупция, тууганчылык, жердешчилик, кошоматчылык күчөйт. Биз бийликтин табиятын өзгөртүшүбүз керек. Бийлик үчүн иштебей, бийлик эл үчүн иштеш керек. Биз бийликтин теңсалмактуулугун талап кылып атабыз. Биз бийликтин акыйкат, ыймандуу, таза бийлик болсун деп талап кылып атабыз. Туурабы? Бизге эмне керек? Эл талабынан 9-ноябрда кабыл алынган Конституциянын негизинде жаны Конституция кабыл алышыбыз керек. Ошол мыйзамдын негизинде жаңы таза өкмөт шайлансын. Биз ушуну талап кылып атабыз. Ошол жаңы өкмөт тартиптүүлүктү, мыйзамдуулукту, бейпилдикти орнотсун Кыргызстанда. Биз ошону талап кылып атабыз. Урматтуу мекендештер бирде чогулуп кайра жаңырып, бирде чачылып, кайра табылып, кылымдарды кырча басып келаткан кыргыз журту дагы бир орчундуу тарыхый учурду өз башыбыздан өткөрүп атабыз. Биздин элибиздин, жерибиздин, жашасын эркин Кыргызстан! Ура!
Каныбек Иманалиев: Касиеттүү калайык калк, касиеттүү кыргыз атанын балдары, кыргыз эненин балдары, эр Манастын урпагы! Биз ким элек, биз каякка баратабыз. Мындан эки миң жыл илгери Евроазия континентинде кыркка жакын улут жашаган. Ошондон бүгүн эки гана улут бар. Кытай менен кыргыз бар. Бизден саны көп карлуктар, тургечтер, усундар бул дүйнөдөн тып тыйпыл жок болуп кетти. Мындан 8-9-кылымда аягы Энесай, башы Үрүмчү сексен жыл бою кылкылдаган кыргыздын каганаты жашаган. Ошондо Чынгызхандын эли кыргыздарды бул момунстандын арстандары турбайбы деп таң калган. Бүгүн биз кимбиз. Бүгүн өз жерибизде, өз элибизде өз бийлигибизге кул болобузбу? Кыргыздын кызы Бакиевге кул болобу? Кыргыздын уулу Жаныш Бакиевге кул болобу? Биз улуу максат үчүн жолго чыктык. Кыргызда макал бар. “Башкара албаган эл бузат, бастыра албаган жол бузат”, деген. Бул падыша жолду да бузду, элди да бузду, жээгин сатып, көлдү да бузду. Урматтуу мекендештер! Алатоонун бийик асманында оболоп шумкар менен бүркүт гана учуш керек. Ошол максатка депутаттар биригип бүгүндөн баштап ак шумкар менен демократиялык саясий партия түздүк. Биздин максат Акүйдөгү карга-кузгундарды жокко чыгаруу. Акүйдөгү карга-кузгундар, сагызгандар кетиши керек. Таранчы менен көгүчкөндөргө тийбейбиз. Ал бүркүттүн иши эмес. Касиеттүү мекендештер! Биз улуу элбиз. Биз бактылуу жашоого, татыктуу жашоого күрөшкө чыктык. Аягына чейин сиздер менен болобуз.
Кубат Байболов: - Күйгөн катын кошокчу дейт кыргызда. Митинг дегенди качан билдик эле. Эзелтен берки тоок момун элдин назары сынган үчүн чыгып атпайбы. Үмүт артып шайлап алган президентибиз ашкере жемкор, ашкере жердешчил, ашкере паракор, ашкере кызылкулак, ашкере соодагер адамдардын кучагында калды. Ошондуктан айла кеткенде ушунча эл назарын салып, бул жерде дембе-дем болуп эки жылдан бери реформа жаса деп суранып отуруп, айлабыз кеткенде эми Бакиев кетсин дегенге келдик. Урматтуу калайык! Эки жылдан бери бербестин ашы бышпас болуп, эртең-бүрсүгүнү реформа жасайм деп отуруп мына эки жылдын жүзү толду. Реформа жасайым деп отуруп эки жылдын жүзүндө биринчи киргизген өкмөттүн долбоорун бүгүн колубузга алдык, эч нерсеге жарабайт, алдамчылык, көз боёмочулук. Айтып жатышат комиссия түзүп реформанын долбоорун киргиздик деп. Биз окуп чыктык, эч кандай реформа жок ал жерде. Өткөөл бөлүмүндө гана портфелдерди бөлүштүрө турган жагдайды, өзгөчө көзөмөлдөгү депутаттар аркылуу кайра бөлүштүрүүгө багытталган гана жобону киргизген. Биз өзүбүз тараптан өлкөнүн табиятын, бийликтин системасын, бийликтин табиятын, өлкөнүн тагдырын аныктай турган жаңы Конституциянын долбоорун эбак жеткиргенбиз. Ал долбоорду киргизүүгө эч кандай ниети жок. Бизге сумкаларды бөлүштүрүү эмес, өкмөттүн жана элдин тагдырын аныктай турган долбоор керек. Биз ал долбоорду киргиздик. Киргизсин кол коюп. Урматтуу калайык ушул жерге нечен ирет келип назарыбызды салып, суранып, чыдамыбыз бүткөндөн кийин эми кетсинге келип отурабыз. Жетишет. Эгерде бүгүн-эртеңден калбай радикалдуу Конституциянын жобосун кол койбой турган болсо, биз кетсинди дембе-дем айтууга мажбур болобуз. Жашасын кыргыз эли. Жашасын кыргыз элинин бактылуу келечеги!