Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:51

АПРЕЛЬ МИТИНГИ АТАМБАЕВДИН СӨЗҮН АКЫРЫНА ЧЕЙИН УККАН ЖОК


Бүгүн түштөн кийин Бишкектин борбордук аянтында «Келечеги кең Кыргызстан үчүн!» бириккен фронт менен «Реформа үчүн!» кыймылы уюштурган мөөнөтсүз массалык митинг башталды. Митингди Бириккен фронттун лидери Феликс Кулов ачты.

Нааразылык акциясы өтөөрү белгиленген Алатоо аянтына Бириккен оппозициянын тарапкерлери Бишкек шаарынын күн батыш, күн чыгыш жана түштүк тарабы аркылуу топтошушту, катар-катар тизилип, колдоруна ар түрдүү талаптар жазылган жарнактарды көтөрүп аянтка келишти. Талаптардын катарында «Бириккен фронт бийликтин бир колго топтолушуна каршы», «Биз коррупцияга каршыбыз», «Жеке ишкердикке жана маалымат каражаттарына кысымга каршыбыз», «Кумтөр - Акаев менен Бакиевге эмес, элге», «Бириккен фронт – реформа үчүн», «Бакиев кетсин!» деген өңдүү чакырыктар бар. Аянтка беттеген митингичилердин жөө жүрүшү «Бакиев кетсин! »деген чакырыктар менен коштолду.

Митинг мурда болжолдонгондой саат экиде башталып, анын алдында 5-апрелден бери эски аянтта ачкачылык акциясын өткөрүп жаткандар чогулгандарга кошулушту. Оппозициянын Феликс Кулов, Өмүрбек Текебаев, Кубатбек Байболов, Темир Сариев баштаган лидерлери толугу менен чогулгандардын алдына чыгышты. Митингге Жогорку Кеңештин депутаты Мелис Эшимканов алып барып, ал Феликс Куловго сөз берердин алдында гимн ойнолду. Бириккен фронттун лидери Феликс Кулов алгачкы сөздү кыргыз тилинде сүйлөп, башкы оппозициянын негизги максаттарн белгиледи:

- Биздин максатыбыз – Конституциялык реформа жана кезексиз шайлоо. Биздин мындан башка максатыбыз жок. Бирок, Бакиевдин куйруктарына бул жакпайт. Бийликти кандай болсо да сактапк алуу – алар үчүн өтө маанилүү.

Жогорку кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев бийликчил, коррупциячыл бийлик кетиш керек деди:

- Эч убакта бир үй-бүлө, алдамчылар, кылмышкерлер, алдым-жуттумдар, кылмышкерлер бизди тизелетип бийлей албайт. Анткени, биз эркин калкпыз. Жашасын, Кыргызстандыктар!

Депутат Кубатбек Байболов өз сөзүндө эл бийликтен үмүтү үзүлгөндө Бакиевдин кызматтан кетишин талап кылууга аргасыз болуп жатат деди:

- Эки жылдан бери суранып отуруп, айлабыз кеткенде эми Бакиев кетсин дегенге келдик.
«Арнамыс» партиясынын мүчөсү Бөдөш Мамырова Бакиев элди түндүк-түштүккө бөлгөн президент катары тарыхта калмай болду деди.


Байкоочулар оппозиция уюштурган митингге 10 -15 миңдин тегерегинде киши катышып жаткандыгын кабарлашууда. Митингди алып барып жаткан депутат Мелис Эшимкановдун айтымында, алардын саны 50 миң. Ал эми ички иштер министри Ногойбаев нааразылык акциясында 3,5 миң чамалаш киши бар деп билдирди. Мындай маалыматка кошулган президенттин маалымат катчысы Нурлан Шакиевдин айтымында, нааразылык акцияларына эч кандай тоскоолдук жасалган жери жок:

- Бийлик тарабынан эч кандай тоскоолдуктар болгон жок. Укук коргоо органдары күчөтүлгөн режимде турушат. Президент айтты: мыйзам бузуулар болсо гана мыйзамдын чегинде чаралар колдонулат деп. Азырынча бардыгы жай-баракат болуп атат.

Учурда баш калаанын Алатоо аянтынан башка аймактарында жагдай тынч. Фронтчулар өз тарабынан эч кандай тартип бузуулар болбойт деп ишендиришүүдө. Ошентсе да, тараптарды элдештирүу демилгесин көтөргөн коомчулук өкүлдөрүнүн бири Мелис Арыпбек уулу тынчсызданып жаткандыгын минтип билдирди:

- Бийлик талашуу элди жакшылыкка алып келбей калышы мүмкүн да. Мен муну жүрөгүм менен сезип атам. Кыргыз элине тынчтыктан башка байлык жок.
Акыркы алынган маалымтака караганда, премьер министр Алмаз Атамбаев митингге чогулган элдин алдына келип сөз сүйлөдү. Бирок, көпчүлүк анын сөзүн аягына чыгарууга мүмкүндүк берген жок, премьер-министрлик кызматтан кетүүнү талап кылышты.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG