Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 01:45

АРАЛ ДЕҢИЗИН КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ БОЮНЧА ЖЫЛЫШТАР


Казакстандын өкмөтү Дүйнөлүк Банкка Арал деңизин сактап калуу аракеттеринин экинчи баскычына жаңы карыз сурап кайрылды. 40 жылдай соолуп келген деңиз соңку 2-3 жылда кайра толо баштаганы маалым. Адистердин болжолунда Аралдын түндүк бөлүгү 40 пайызга калыбына келди. Бирок Өзбекстанга караган түштүк бөлүгү мурдагыдай эле бөксөрүп жатат.

Жаман айтпай жакшы жок дегендей, 2020-жылга чейин Арал суусу жок болуп кетет деген божомолдор болгон эле. Бирок ар тараптуу аракеттердин натыйжасында суу тескерисинче көтөрүлө баштады.
Дүйнөлүк Банктын Арал долбоорунун жетекчиси Йооп Соутйесдайктын айтымында, банк учурда башка деңиз, океандар менен байланышы болбогон Аралды сактап калуунун экинчи баскычына акча бөлүүнү караштырып жатат. Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы деңиз азайып отуруп, төрттөн бири эле калган болчу. Бирок учурда Борбор Азияга келген Стоутйесдайктын айтымында, акырындап, деңизге кайра жан кирип жатат:

Эгер эртең деңизге барып, балыкчылардан сурасаңыз, мындан 2-3 жылдагыдан таптакыр бөлөк таасир аласыз. Ал кезде суу тайыз, кургакчылык күчөп, саламаттык көйгөчйлөрү бар болчу.

Арал деңизи дүйнөдөгү эң ири ички деңиздердин төртүнчүсү болчу. 1960-жылдарда советтик пландоочулар ага агып кирген Аму-дайра менен Сыр-дайраны пахта плантацияларына бөлдүрүп кетип турушкан. Натыйжада Өзбекстан дүйнөдөгү эң ири пахта өндүрүүчүгө айланган. Бирок айыл-чарбасындагы бул ийгиликтин кесепетинде деңиз соолуп, балык кармоо тармагынын таш-талканы чыкты, аймакта климат өзгөрө баштады. Абада химиялык заттар көбөйүп, эл арасында рак, аз кандуулук, аллергия сыяктуу оорулар таркады, натыйжада калктын жашоо узактыгы 64 жылдан 51 жылга түшүп кетти.

Арал кризиси 20-кылымда адам тарабынан жасалган дүйнөдөгү эң ири экологиялык катастрофа катары тарыхка кирди. Суунун деңгээли ушунча түшүп кеткендиктен, деңиз экиге бөлүнүп калды.
Акыркы 15 жылда тез соолуп бараткан деңизди сактап калуу жаатында бир катар аракеттер көрүлүп, 100 миллиондогон доллар сарпталды. Борбор Азиялык ар бир өлкө жылдык бюджетинин бир пайызын ушул максатка бөлүп келатат. Дүйнөлүк жана Азиялык банктар негизги сүрөөнчүлөр болуп саналат.

Калыбына келтирүү аракетинин бир бөлүгү катары Түндүк Аралда 13 чакырым келген тосмо курулган эле. Коңшу мамлекеттерге сууну буруп кетүүнү азайтууга кеңеш берилген. Азыр эми Дүйнөлүк Банктын жана казак өкмөтүнүн өкүлдөрү деңизди калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк бар деп айтып жатышат. Ошол эле убакта, эң оптимисттик божомолдор боюнча да, Арал эч качан толугу менен калыбына келбейт. Ал эми Өзбекстандын аймагындагы чоңураак келген Түштүк Аралда суу мурдагыдай эле тайыздап барат.

Жаныл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG