Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:10

БИРИККЕН ФРОНТ ТАЛАПТАРЫНАН ТАЙБАЙТ


Бириккен фронттун лидери Феликс Кулов 11-апрелдеги митингдин алгачкы күнүн таанышуу, чоң иш чаранын башталуу бөлүгү катары баалады. Ал кийинки митингге эл мындан эки эсе көп келиши күтүлүп жатканын белгиледи. Айрым байкоочулар жарандарды алдыга үндөй турган идеянын жоктугунан митингге эл аз келгенин айтышууда. Ал эми президенттин алдындагы адам укугу боюнча комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун ноябрдагы митингден азыркы митинг мыкты уюштурулганын билдирди.

Феликс Кулов кечээ өткөрүлгөн алгачкы митингди алдыдагы чоң иш чараны өткөрүүнүн башталыш бөлүгү катары баалады. Ал уюштуруу иштеринде бир катар кемчиликтер болгонун, аларды жоюуу багытында атайын коомдук кызмат иштеп жатканын белгиледи. Куловдун айтымында, Бириккен фронттун белгиси басылган чекеге байлоочу жоолуктан 35 миң жасалып, бардыгы таркатылып берилип, атайын методика менен ар бир чарчы метрди эсептегенде аянтка 45 миңден 55 миңге чукул адам чогулган.

Бириккен фронттун лидери ошондой эле мөөнөтсүз президенттик шайлоо өткөрүү, Конституциялык реформа, парламенттин токтоосуз иштөөсү жана башка талаптарды эл колдосо, ал талаптарды президентке жолдошорун билдирди. Өкмөт башчы Алмаз Атамбаевдин митингде Куловдун дарегине айткан сын-пикири негизсиз экенин айтып, ага карата фактыларды келтирди.

-Биздин мамлекетте эки өкмөт бар. Бири чыгаша берүүчү - мурда мен, азыр Атамбаев жетектеген. Экинчиси көлөмдүү киреше берүүчү өкмөт-мамлекеттик маанилүү обьектилерден турат. Алар президентке карап, жетекчилерин өзү дайындайт.

Кулов премьер-министр болуп турганда коррупцияга баткан энергетика тармагынын жетекчисин президент колдогондугунан аны кызматтан кетире албай койгондугун маалымдады. “Биздин негизги талап - мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана жаңы конституцияны кабыл алуу”,-деди Кулов.

Айрым байкоочулар кечээги митинг элди алдыга үндөгөн идеясы жоктугунан эл аз келип, келгендерди тажаткан, максатына жетпеген митинг болгонун айтышууда. Ал эми президенттин адам укуктары боюнча комиссиясынын төрагасы Турсунбек Акун болсо бул митингдин уюштуруу иштери ноябрдагы митингден да мыкты болгонун белгиледи.

Азыркы митинг уштурган жагынан өтө жогорку чекте болду. Митингдин катышуучуларына “Атамекен”, “Арнамыс” деген жазуулары бар атайын формаларды тиктириптир. Коопсуздукту камсыз кылуучулардын кийимдери өзүнчө. Кыскасы генералдар уюштургандыктанбы, ноябрдагы митингден да мыкты уюштурулуптур.

Турсунбек Акун бириккен фронттун митингиси максатына жетпей калды деген пикирге кошулбастыгын айтты.

-Мен кечке чейин алты саат митингде болдум. Мен бийлик менен жолугушуп, азыр оппозиция менен да жолугушуп келдим. Эми мен ойлойм. Оппозиция максатына жетмек түгүл, ашып кетти. Оппозициянын максаты бир күндө эле бүтүрө коюу эмес. Алар көп күнгө өткөрүүгө алдын-ала эсептешкен. Ошондуктан катышуучулардын саны бүгүндөн эртең көп болот. Алардын максаты митингди акырындан күчөтүү. Биздин бийлик ойлоп атат, “бийликти тынч жолу менен алуу максаты ишке ашпай калды, бийликти эми ала албайт”,-деп. Мындай ой жоруу туура эмес. Ошондуктан биз эч качан сактыкты жоготпошубуз керек.

Турсунбек Акундун баамында митингге жыйырма миңге чукул адам катышкан. “Күн өткөн сайын, митингге келген эл чарчап, аларды көзөмөлдөгөн күч органдары чарчап эки ортодо кырдаал курчуп кетиши мүмкүн”, деген оюн айтты укук коргоочу.

XS
SM
MD
LG