Украинадагы каршылашкан тараптардын лидерлери 11- апрелде өлкөдөгү саясый кырдаалды жөндөө боюнча өз пикирлерин билдиришти. Президент Ющенко кризистик жагдайдан саясый күчтөр эларалык ортомчулардын жардамысыз эле чыгат деген үмүттө:
- Бул ички маселени саясый жол менен чечүүбүз керек. Мындай тажрыйбаны кимдир бирөөдөн карызга алуу же белекке алуу мүмкүн эмес. Анүчүн бул жолду өзүбүз басып өтүүбүз керек… Биз сүйлөшүү жана диалог аркылуу келишимге жетээрибизге ишенем. Диалог адегенде натыйжасыз болушу ыктымал… Өз ара мунасага жетүүнүн жолу ушундай.
Премьер- министр Янукович Киевде өз тарапкерлери менен болгон кездешүүдө: эгер парламенттик шайлоо өткөрүлчү болсо, ага удаа жаңы президентти да шайлоо керек деген пикирин айтты:
-Укрианада парламенттик шайлоо мөөнөтүнөн эрте өткөрүлсө, Украинанын мыйзамына ылайык ошол учурда президенттик да шайлоо болуш керек.
Украинанын жогорку бийликтеринин жааташуусу карапайым элди да экиге бөлдү. Ошентсе да, көпчүлүк өлкө азыркы туңгуюктан жол таап кетерине ишенет.
-Биз өз укуктарыбызды коргоп жатабыз. Бирок, келечекте баары жөндөлөт, биз өз укугубузду сотто коргогонго жарайбыз, адам укугу сакталат. Анткен менен дайыма эле өз укуктарбызды коргообуз мүмкүн эмес,-деди пенсионер Алла Миколаевна “Азаттыктын” кабарчысына берген интервьюда.
Леонид деген жумушчу адилеттикти соттон тапкан:
- Мен бир ишкерди сотко бергем жана азыркы бийлик тушунда өз укугумду коргой алдым.
Александр деген курулушчу Леониддин сөзүнө кошулбайт:
- Мыйзамга ишене берген болбойт. Мыйзамдар жакшы эмес. Сен каалаган нерсеңди сатып алсаң болот. Сен мыйзамды өз каалаганыңдай пайдалана аласын.
Ал эми Катя деген студент ар ким эле өз укугун сотто коргой албайт деп ойлойт:
- Элүү- элүү деп ойлойм. Ар кимдин эле укугун мыйзамдарга ылайык коргоо мүмкүнчүлүгү жок. Көбүнчө баарын акча чечет. Бирок, азыр өз укугун мыйзамга таянып коргой алган адамдар улам көбөйүүдө.