Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:20

МИТИНГ ТОЛКУНУ КАЙРА КӨТӨРҮЛДҮ


Алатоо аянтында кечки саат төрттөн өткөндө Бириккен фронттун жактоочуларынын митинг акциясы кайрадан жанданды. Митингде айрым маалымат каражаттарынын иши боюнча билдирүү кабыл алынды. Билдирүүдө УТРК өлкөдөгү саясий окуяларды бурмалап көрсөтүп жатат деп айыпталып, анын жетекчисин кызматтан алуу талабы коюлду. Ошондой эле “5 - каналдын” ээси президенттин уулу Максим Бакиев деп аталып, ошондуктан ал маалыматты бир жактуу берип жатат деп белгиленди. «Биз Максим Бакиевдин өз мүлкү боюнча декларация беришин талап кылабыз», - деп айтылат билдирүүдө. Митингчилер алдына Ө.Текебаев, Т.Сариев, М.Эшимканов, Ө.Абдырахманов, З.Эсенаманов, С.Урманаев, Э.Алымбеков, Ч.Жакупова чыгып турушат.

XS
SM
MD
LG