Алжирдеги катарма катар эки жарылуунун бирөөсү өкмөт башчы отурган имараттын маңдайында болду. Ал жерге токтогон машине бомбага жык толтурулган экен. Натыйжада 12 адам өлдү, 135 киши жарадар болду. Алты кабатуу имараттын босогосу бүтүндөй өрттөнүп, бузулуп калган. Жарылуунун аябай күчтүү болгонун айрым тургундар айтып жатып, 10 чакырым алыста да жарылуу угулганын билдиришти. Премьер-министр Абдилазиз Белхадем да жарылуу болгон учурда имаратта эле, бирок андан жапа тартпаганы кабарланды.
Кыйкырык-өкүрүктөр басылбай жатып, шаардын четиндеги эларалык аба-майданына жакыныраак жерде полициянын атайын күчтөрүнүн имаратында дагы эки жарылуу болду. 11 адам мерт кетти, 40 ашууну жаракат алды.
Түндүк Африкада жайгашкан бул мамлекетте келерки аптанын дүйшөмбү күнү, 17-апрелде, парламенттик шайлоо өтмөк. Алжир бул өңдүү кан төгүүлөрдү далай ирет баштан өткөрдү. 1990-жылдары өкмөттүк аскерлер менен исламчыл топтордун ортосундагы атышуулар 200 миңдей адамдын өлүмү менен аяктаган.
Андан кийин абал кичине тынчып калгандай өңдөнүп, анын үстүнө, былтыр куралын таштаган козголоңчуларга мунапыс жарыялангандан кийин алжирдиктер «Эми жайчылык турмуш орнойт го» деп ойлошкон.
Бирок шаршембидеги жарылуулар бул өңдүү үмүттү заматта жокко чыгарган өңдүү. Айрымдар эми кандуу мезгилдин жаңы этабы башталдыбы деп кооптоно башташты. Жарылуудан кийин биздин радиого алжирдик тургундардын бири мындай деди.
- Бүгүн кайгырбаган адам калбады. Жарылууларды өз көзү менен көрбөгөндөр да аябай тынчсызданып жатышат. Азыр мээни жеген эле суроолор: Бул өзү бүтөбү? Бул убактылуу эле нерсеби же улана береби? Деги алардын өзү максаты эмне? Биз чын эле азыр аябай абалга кыжаалат болуп турабыз, - деди «Азаттыкка» алжирдик бул аял.
Шаршембидеги жарылууларды өзүн Исламчыл Магребдеги «Ал-Каида» деп атаган топ жасаганын айтып чыкты. Магреб – бул Түндүк Африкадагы арап өлкөлөрүнүн (Алжир, Тунис жана Марокконун) жалпы аты. Исламчыл Магребде «Ал-Каида» уюму 90-жылдары Алжир өкмөтүнө каршы күрөштө «Үгүт жана күрөш үчүн Салафист тобу» катары таанылган. Өткөн жылы Ал-Каида лидеринин оң колу эсептелген Айман ал-Завахири Түндүк Африкадагы салафисттер менен алаканы дагы күчөтө баштаганын жарыялаганы белгилүү.
Шаршембидеги жарылууларды дүйнө лидерлери кескин айыптап чыгышты. Бириккен улуттар уюмунун баш-катчысы Бан Ки Мундун билдирүүсүн анын расмий өкүлү Мари Окабе журналисттерге окуп берди.
- Баш-катчы бул окуяларды өтө аянычтуу деп атады. Жарылуулар Магребдеги чабуулдардын бир бөлүгүнө айланып баратат. Бул жөнөкөй адамдардын жана коомдун тынчын алып, жашоосун бузуп жаткан терроризмге каршы эларалык күрөштү күчөтүү зарылдыгын дагы бир жолу айгинилейт, - деди Мари Окабе.
Эларалык эксперттердин тынчын алып жаткан жагдай: козголоңчулар Түндүк Африканы даярдык көрө турган жер катары пайдаланып, Европага чабуулдарды күчөтүшү мүмкүн.