Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Декабрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 09:32

ЖАКЫРЧЫЛЫК - ЖЕТИМИШ ҮЧ ЖАШТАГЫ КЕМПИРДИ БОРБОРДУК АЯНТКА ЧЫГАРДЫ


11-апрелден бери Бишкек шаарынын борбордук аянтында «Келечеги кең Кыргызстан үчүн» бириккен фронтунун мөөнөтсүз митинги болуп келатат. Ага катышып жаткандарды кайсы бир маалымат каражаттары акчага алданып келишти дешсе, оппозициялык маанайдагы басма сөз муну бийликтин чагымы катары баалады. Байкоочулар 2005-жылдын март айындагы митингдерге чындап жаны ачыган элет калкы келгендигин айтышкан эле. Деги бул жолу апрель митингине кандай адамдар келди? Эмне максаттары бар? Кабарчыбыз Илим Жанузаков Алатоо аянтына тигилген палаткалардын биринде эки күндөн бери митингди колдоп отурган 73 жаштагы ардагер Какан Бакировага микрофон сунган.

- Саламатсызбы, аты-жөнүңүз ким?

- Аты-жөнүм Бакирова Какан деген болом…

- Кайсыл жерден келдиңиз?

- Карабуура районунун Бейшеке деген айылынан болом. Ошол жерден келдим.

- Колуңуздагы кичинекей небереңиз го?

- Моногубу?

- Ии…

- Неберем. Неберелерим ушул шаарда жашайт. Небере-чөбөрөлөрүм иши-кылса отуздан ашат кудай буюрса. Мен өзүм жетимиш үч жашка келдим, пенсиядамын. Кудайга шүгүр баатыр энемин, он балам бар.

- А эмне максат менен бул жерде отурасыз?

- Эң биринчи мен Ф.Куловдун тандем түзгөнүн колдогон элем. Ошол жагына тынсыздангам. Анан, биздин да балдарыбыз бар. Мисалы менин он баламдын бешөө эркек, бешөө кыз. Биз ошолордун келечегин ойлоп келип отурабыз бул жерге. Айылда эми айланайын аябай эле кыйынчылык. Мына, жер айдатыш керек, май жок. Жер айдатканга трактордун акчасы кымбат. Жерлер арык, ушунтип балдар кыйналып, келечеги жок болуп калды. Биз ошентип айылды карай турган теңдик, жакшылык заман чыгат бекен деп ушул жерде отурабыз айланайын.

- Сиз деле көрсөңүз керек балким. Айрым массалык маалымат каражаттары айтып чыгышпадыбы, ушул аянтта отургандардын бардыгына акча берип коюптур деп. Сизге акча беришкен жокпу?

- Мен жетимиш үч жаштамын. Билбейм, акча бергендерин көзүм көргөн жок. Бир убакта мен Акаевдин бийлиги учурунда Кулов балам үчүн беш ай жанагы жерде, Горкийдин жанында отурганда, ошондо да булар жалган айтышкан. Отургандарга Кулов элүү доллардан бериптир дешкен. Элүү доллар эмес, эки доллар албай, биз бетибиздин агы, абийирибиз, ар-намысыбыз үчүн отурдук айланайын. Азыр да мен бул жерден акча бергендерин көргөн жокмун. Бир сом да алган жокмун. Тынч отура албай кыдырып жүрөм. Билбейм кай жеринен акча берип атат. Анан менин да шаарда жашаган бир кызым үйүнөн келип кетти. КТРден силерди берди дейт. Мына Бакиевдин колунда болсо ушул да, бир беткей берет. Үйбүлөлүк болуп калды КТР дегени. КТРден акча алгандарды, мастарды көрсөтүп атат дейт айланайын. Бир-эки мас үйүнөн ичип келгендир. Мен ушул жерди аралап жүрөм. Сага окшогон эле жаш балдар жүрөт айланайын. Түндө ушул чатырдын ичинде кеминде жыйырмадай жаш бала жатты. Булар эмне жыргап калганынан келиптирби? Бардыгы тоюп калганынан келиптирби? Бардыгы кара таман кедейлердин балдары. Анан жаштар, жаштар эле дешет. Айыл банкын ачып коюшуптур, анысын да эбин тапкандар, байлар алып атат. Анын кагаз толтурганы, ыпыр-сыпырлары эле беш миң сом жейт экен. Мен аны изилдеп көрдүм, комиссия жиберсе да айтам. Андан көрө мен ошол беш миң сомго аракет кылып жер айдап албаймынбы, май алып туруп, ыя. Чоңдор эле көрүп атат убайын.

- Бул жерде тамак-аш маселеси кандай болуп атат. Кайдан тамак алып жеп атасыздар?

- Тамак-ашты эми эл болгондон кийин арасында жакшы-жакшы демөөрчү балдар бар экен. Ошол балдардан айланайын. Ошол жакшы балдар бизди ачка калтырган жок.

- Убагында эле тамак жеп атасыздарбы?

- Жеп атабыз убагында эле. Биз эч кандай милдет кыла албайбыз буга. Деги кыргыздын балдары аман болсун. Тилегибиз ушул, кемпирлерлдин…

- Ырахмат!

XS
SM
MD
LG