Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:22

ПРЕЗИДЕНТ ЮЩЕНКО ПАРЛАМЕНТТИК ЖАҢЫ ШАЙЛОО ӨТКӨРҮҮГӨ ЧАКЫРУУДА


Украина эки жумадан бери саясый туңгуюкта. Парламент ырасмий түрдө таркатылган эсептелет. Бирок, Жогорку Рада өз ишин улантууда. Президент Ющенко менен премьер-министр Януковичтин жактоочуларынын митинг- жүрүштөрү дале уланууда. Виктор Ющенко өлкөнү кризистен кезексиз парламенттик шайлоо гана алып чыгат деген ишенимде. Батыш өлкөлөрү “Саргылтым ынкылаптын” лидерлеринин тарабын ачык жактабай турат.

Президент Ющенко шаршемби күнү “Азаттык” радиосуна берген интервьюда:- Алгач Украина парламентин каптап, андан соң коомдогу саясый топторго өткөн бул терең кризистен чыгуунун жалгыз демократиялык жолу- жаңы шайлоо өткөрүү. Бул азыр маанилүү маселе болууда,-баса белгиледи.

Ющенконун 2- апрелдеги жарлыгына ылайык Жогорку Радага шайлоо 27- майда өтүшү керек. Бирок, анын алдында жарлыктын мыйзам ченемдүүлүгүн Конституциялык Сот ырастап бериши зарыл. Болбосо, премьер Янукович шайлоо өнөктүгүн каржылоодон баш тартууда.

Раданы таркатуунун мыйзамдуулугунан шексиндиби, айтор, 11- апрелде Ющенконун жакын санаалашы, Улуттук Коопсуздук жана Коргонуу Кеңешинин катчысы Виталий Гайдук президент өз жарлыгын чакырып алышы мүмкүн экенин билдирди. Удаа эле Янкович эгер саясый партиялар кезексиз парламенттик шайлоо өткөрүүгө макул болушса, ал да “жок” дебеши мүмкүн экенин кулак какты кылды.

“Саргылтым ынкылап” маалынан айырмаланып, Батыш бул ирет Ющенконун тарабын алган жок. Раданы таркатуу жөнүндө жарлык чыккандан бир күндөн кийин АКШнын Мамдепартаментинин өкүлү МакКормэк Украинадагы саясый маселелер Украин өкмөтү тарабынан жана алардын мыйзамдарына, ошондой эле Конституциясына ылайык чечилиш керектигин билдирген.

АКШнын мындай көзкарашын Брюссель да колдоду. Бейшемби күнү Евробиримдик- Украина аралык парламенттикк кызматташуу комитетинин мүчөсү Адриан Северин Европа айрым бир саясатчыларды эмес, демократиялык дөөлөтөрдү колдой турганын билдирди. Ушундан уламбы, президент Ющенко “Азаттыкка” берген интервьюда саясый кризисти “биз өзүбүз чечишибиз керек” деп баса белгиледи.

Батыштын Украинага” болгон мамилеси сууп калдыбы? Профессор Легволд ынкылапчыл лидерлердин элдин ишенимине таянып, өлкөнү ийгиликтүү башкара албаганы жана чечкиндүү реформага барбаганы Батыштын көңүлүн суутту деп түшүндүрөт:

- Биз Брюссель жана Вашингтондо көрүп жаткан көңүл коштук, илең- салаңдык, чечкинсиздик, атүгүл көңүл калуунун деңгээли “Саргылтым ынкылаптын” кыйроосуна, же ыдырап кетүүсүнө, же сыдырым желдей өтүп кетүүсүнө байланыштуу.

Роберт Легволд Нью- Йорктогу Колумбия университетинин профессору, постсоветтик өлкөлөр боюнча эксперт.

XS
SM
MD
LG