Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:31

ИРАК ПАРЛАМЕНТИНДЕ ЖАРДЫРУУДАН СЕГИЗ КИШИ КУРМАН БОЛДУ


Бейшемби күнү Ирак парламентинин кафетерийинде болгон террордук жардыруудан кеминде сегиз адам курман болду. Алардын экөө парламенттин мүчөлөрү. Ирак парламенти Багдаддын мыкты кайтарылган “Жашыл тилкесинде” жайгашкандыктан, террорчулар жардыргыч заттарды кантип алып өтүштү, аларга ким жардамдашты деген суроо туулат.

Жардыруу болгон учурда “Эркин Ирак” радиосунун кабарчысы Лейла Ахмад эми эле Ирак парламенттиненен чыгып, жумушун көздөй бараткан:

- Парламенттен чыгып баратканымда, саат эки жарым же андан бир аз эртерээк ченде, катуу жардырууну сездик. Андан кийин гана жардыруу имараттын ичинде болгонун билдик. Артка кетчү жол тосулуп, коопсуздук чаралары киргизилгендиктен, биз ордубузда туруп калдык. Кишилер, кызматчылар жана журналисттердин парламенттин имаратынан сыртка чыгуусуна тыйуу саланды.

АКШнын аскерий өкүлү, генерал- майор Уильям Колдвелл бомба чабуулунан кеминде сегиз киши өлгөнүн, жанкечти бомбаны бешмантка жашырып алып киргенин маалымдады. Набыт болгондордун ичинде эки депутат да бар. Алар: суннилердин Улуттук диалог блогунун мүчөсү Мухаммад Авад жана Суннит элдешүү блогунун мүчөсү Таха ал- Лихайби.

Ирактын өкмөт башчысы Нури ал- Малики жардырууну “ кылмышкерлик жана кара сантайлык” деп атады.

Президент Жорж Буш чабуулду айыптап, мындай деди: - Биз бомба чабуулунан жапа чеккендер менен биргебиз. Мен Ирак өкмөтүнө: Силер саясый элдешүү жана берегидей (террорчу) адамдарды ордуна койчу коопсуздук күчтөрүн түзүү үчүн тийиштүү кадамдарды көрүп жатканда биз силер мененбиз деп айтаар элем.

Багдаддын эң коопсуз саналган “Жашыл тилкесинде” Ирак парламентинен башка дагы Өкмөт, Президенттин кеңсеси, Коргоо министрлиги, Жогорку Сот, АКШ менен Британиянын элчиликтери орун алган. Ошон үчүн аймак өтө кылдат кайтарылат. Демейде парламенттин эшигинин оозунда кишилерди текшерүү үчүн жардыргыч заттарды жытынан билчү ит да пайдаланылат.

Журналист Айша Ахмад коопсуздук чарасы күндөгүдөн да катаал болгонун айтат:- Парламентке кирүү үчүн беш жолуга жакын атайын текшерүүдөн өтүүңүз керек. Адегенде Ирак армиясынын эки же үч жоокери күбөлүгүңүздү жана баштыгыңызды текшерет. Бүгүн ирактык жоокерлер менен бирге америкалык эки- үч аскер да күбөлүк текшерип жүрүштү.

Бейшемби күнү Парламенттен башка да Багдаддын түндүгүндөгү чоң көпүрөдө бомба жарылып, жети кишинин өмүрү кыйылды жана шаардын эки бөлүгү байланышсыз калды.

XS
SM
MD
LG