Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:15

МӨӨНӨТСҮЗ МИТИНГ: БИРИККЕН ФРОНТ КҮЧҮН ЖЫЙНАП ЧЫКТЫ


Алатоо аянтында Бириккен фронттун жактоочуларынын мөөнөтсүз митинг акциялары кечки саат беш жарымда кайрадан жанданды. Аянтта байкоочулар баамында беш миңге жакын адам жыйналды. Трибунада оппозиция лидерлери Феликс Кулов, Темир Сариев, Кубат Байболов, Накен Касиев, Каныбек Иманалиев ж.б. турушат. Алар кезеги менен сөз сүйлөп жатышат. Сөздөр аяктагандан кийин, акцияны уюштуруучулардын айтымында, митингичилер жөө жүрүш менен УККнын имаратынын алдына барып, милициянын жетекчилигине нааразылык билдирген жатышат. Андан кийин митингичилер МТРКнын алдына барып, кыйкырык ураан чакырып туруп, андан бери Өкмөт үйүнүн алдына өтүп келишмекчи. Бул жерде президенттин кызматтан кетишин талап кылган ураан чакырыктар жаңырмакчы. (KCh)

XS
SM
MD
LG