Алдыңкы аптада Түндүк Корей сүйлөшүүлөрүнө Кошмо Штаттар өкмөттүк делегациясын баштап келген Билл Ричардсон бул күндөрү Түндүк Корейлик кесиптеши Ким Йонг Ил менен жолугушкандан кийин Йонбенедеги атомдук реактордун жабылуу мөөнөтү чукул калганын билдирди. Ал үчүн бир гана маселе - экономикалык жардам талабы коюлду деп айткан:
«Түндүк Корей бийлиги банктагы эсеп кыйсабы кармалуудан бошотулса Пхенян ошол эле каражат келип түшкөн күнү МАГАТЭ текшерүүчүлөрүн чакырат жана Йонбенедеги реактордун токтотуу ишине дароо киришет деп айтты», - деген.
Ричардсон мырзанын айтканына караганда, Пхеняндын сүйлөшүүгө катышып аткан «алтоонун» (КНДР, Түштүк Корей, Орусия, Кытай, АКШ жана Жапон) ичинен Кошмо Штаттрары менен алакасын жакшыртуу жолуна түшкөн.
Ошого карабай анализчилер Түндүк Корей режими менен болуп келе жаткан сүйлөшүлөрдүн акыры эмне менен бүтөрү дайыма белгисиз калат дешет. Канча жолу убадасынан тануу ошондой эле тил эмизүү ал өлкө саясатчыларына көндүм иш дешет.
Ошондуктан, маселен, Жапон бийлиги КНДР кемелеринин жапондук аралдарга кирүүсүнө жана ал өлкө товарларынын алынып келүүсүнө тыюу салуусун улантканы дайын болду.
Айта кете турган кеп - Түндүк Корей эл аралык ядролук куралдарды таркатпоо программасынан 2003-жылы өз алдынча чыгып алган. Ошол эле жылы МАГАТЭ өкүлүн өлкөдөн чыгарып ийген. Быйыл мартта ал өлкөгө барып кайтакан МАГАТЭ жетекчисчи Пхеняндык бийликтин ядролук программасынан баш тартканга көөнү чын эле бар экенин айтып кайткан.
Ар кайсы агенттиктер жазганга караганда КНДР өзүнүн Йонбенедеги реакторун токтотуу үчүн эл аралык коомчулуктагы күчтөп бекер 50 миң тонна кара май ошондой эле женилдик талап кылууда экен. Ал эми жер алдында жүргүзүп келген атомдук сыноолорунун жыйынтыгын жарыкка чыгаргандан кийин дагы 950 миң тонна кара майды бекер алат экен. Пхенян ошондой эле экономикалык жардамдан сырткары режимдин кол тийгиздигине кепилдик да сурап атыптыр.