Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:13

ЖАШ ЫРЧЫ КЕНЖЕГҮЛ


Азыркы кездеги угуучулардын арасына Кенжегүл эмес Кенже деген ысым менен кеңири белгилүү болгон жаш ырчы Кубатбекова. Ал 31 жашта. Кенжегүл айылдык орто мектепти бүтөөрү менен Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз филармониясынын эки жылдык студиясын, 2002-жылы Кыргыз Улуттук консерваториясынын аваздык классын профессор Улукмырза Полотовдон бүтүрөт.

Кенжегүл студенттик күндөрүндө эле республикалык, эл аралык сынактарга, фестивалдарга катыша баштайт. Алсак, Түркияда, Индияда өткөн жаш ырчылардын эл аралык фестивалына, Кыргызстандын өнөр чеберлеринин Москвадагы он күндүгүнө катышат. Ал 1996-жылы Казакстандын Жамбул шаарында өткөн композитор Шамшы Калдаяковдун туулган күнүнө карата өткөрүлгөн эл аралык сынакта экинчи, ал эми Астана калаасында өткөн “Шабыт” фестивалында биринчи орунду жеңип, репертуары өлбөс, өчпөс кенчке айланган Атайдын, Мусанын, Мыскалдын ар кандай маңыздагы классикалык ырларынан турат.

Кенжегүл 2002-жылдан бери “Теңиртоо” фольклордук тобунда иштейт. Ал таланттуу жамаат менен акыркы төрт жылдын ичинде АКШ, Италия, Германия, Франция, Марокко, Улуу Британия жана башка чет өлкөлөрдө өткөн ар кандай эл аралык фестивалдарга катышты. Кубатова “Теңиртоо” тобунда эмгектенүү менен бирге “Адахандын Борбордук Азия боюнча музыкалык демилгеси” аттуу программанын алкагында Кочкордо шыктуу жаш жетекчилерди устат-педагог катары ырдоого үйрөтүүдө. Кенжегүл мени менен болгон баардашуусунда атасы койчу болгонун, кичинекей кезинде коңшу-колоктордо козу кайтарып, кой жайып жүргөн күндөрүн эскерип келип, секелек кезинде кыргздын кайсы атактуу шайырларынын ырдаган ырлары, черткен күүлөрү кандайча таасир эткени жөнүндө ал мындай деди:

- Мен ырга бешиктен белим чыккандан баштап эле кызыга баштадым. Азыр ойлосом ошол кезде чабандардын радиолорунан Мыскал апанын, Муса, Атай аталардын аткаруусундагы ырларды, күүлөрдү укчубуз. Муса, Атай аталардын концерти менен Мыскал апа “Алымканды” ырдап калганда мен эркек киши ырдап атат деп кабыл алчумун. Мага ыр ушунчалык жакчу. Анан өзүм Алымкан апа ырдап атат деп ат да коюп алган элем.

- Кимдерден кубат алып, канат байлап чыгармачылыкты өркүндөттүң?

- Көгүлтүр экрандан Таттыбүбү эже ойногон “Акмөөр” көркөм филмин көргөндө эженин өз аты Акмөөр турбайбы деп, Акмөөр дечүмүн. Телевизордон Кайыргүл Сартбаева, Токтонаалы Сейталиев өзүмдүн агайым Улук мырза Полотовдун концерттери көп берилер эле. Алардын ырдаган ырларын көп укчумун. Ошолордой ырчы болсом деп ак эткенден так этип жүрдүм. Алардан таасир алдым. Самарбүбү Токтакунова эженин телевизордон комуз черткенин көргөндө баары ырдайт, эмне үчүн эже ырдабайт дудукпу дечүмүн. Атай, Муса аталарымды, Мыскал апамды көрбөсөм да, кийин бакыйтып атын алыстан угуп, өзүм куштарланып жүргөн Асек Жумабаев агайды, Самарбүбү Токтакунова эжени ж.б. көрдүм. Алар менен аралашып кеттим. “Армансыз адам болбойт” дегендей бир гана арманым Атай, Муса аталарымды, Мыскал апамды көрбөй таалим тарбия албай калдым.

- Кенжегүл айым, бүгүнкүдөй чет өлкөлүк угуучуларга таанылган ырчы болушуңа ким сайапкер болду эле?

- Мен 12 жыл Улукмырза Полотов агайдын колунан окудум. Агайдын классында 16 жашымдан окуй баштадым. Ачыгын айтсам, Улукмырза агай атамдан кийинки экинчи атам. Биринчи күндөн мага туура багыт берип, Мыскал апанын, Муса, Атай аталардын ырларын үйрөтө баштады. Менин бүгүнкүдөй элдик ырчы болушума Улукмырза агайымдын эмгеги өтө зор. Мен агайыма өмүрүм өткөнчө ырахматымды айтып, башымды ийип таазим этип келем.

- Акыркы кездерде көптөгөн чет өлкөлөрдө болуп жүрөсүң. Бейтааныш угармандар кыргыздын ыр-күүлөрүн кандай кабыл алышат?

- Абдан жакшы кабыл алышат. Эки-үч жылдан бери катары менен чет өлкөлөргө “Теңиртоо” тобу менен гастролго жаз келгенден күзгө чейин барып келип жатам. Барган мамлекеттерибиз абдан көп. Тыягы Америка, быягы Улуубритания дегендей Франция, Малазия, Греция, Австралия ж.б. өлкөлөр. Мен бир таңкалганым Индияда бир үй-бүлө бар. Маселен менин Лондонго, Германияга ж.б. өлкөлөргө барып калганымды угуп калышса бүт үй-бүлөсү менен ошол жака барышат. Алар концерттен кийин сөзсүз мага жолугушат. Анан мага болгон ырахматын айтып, куттукташып, Индияга сапар тартышат.

- Кенжегүл айым, элдик, залкар шайырлардын, азыркы обончулардын ырларын аткаруу менен бирге дастандарды да айта коюп жүрөсүң. Мына акыркы кезде эле ырчы Токтобек Асаналиев менен “Аксаткын менен Кулмырза” аттуу дастанды угармандарга тартууладың. Дастандын баш каарманы Аксаткындын образын угармандар күткөндөй деңгээлде аткара алдыңбы?

- Дастан айтуу өтө жоопкерчиликтүү экен. Ырдаган ырларыңа көп көңүл бөлүп ырдасаң дастан жагына эмнегедир анча көңүл бөлүнчү эмес. Жан Дюрин уюштурган аялдардын бир өзүнчө программасына илинип калып, ошондо дастан айтасың дегенде “Олжобай менен Кишимжандан” үзүндү айткан элем. Ошондон тартып дастан менен иштей баштадым. Азыркы күндө “Аксаткын менен Кулмырзаны” “Теңиртоо” ансамблинин коштоосунда ырдап жүрөм. Алгач дастанды ырдоо мен үчүн өтө оор болуп жүрдү. Себеби дастандын окуясы түштүк аймакта өткөндүктөн сөздөрүнүн айтылышында, маанисинде, аткарылышында айырмачылыктар болгондуктан, аларды аткарып чыгуу мага оор эле болду. Бүгүнкү күндө дастанды эл алдына айдан ачык ачып айтып, ырдап чыктым деп айта албайм. “Көч жүрө-жүрө” оңолот” дегендей дастанды айткан сайын оңдоп, түздөп, жетпей калган жерлерин жеткире ойтууга аракеттерип жатам.

Кенжегүл Кубатованын ырчылык, аткаруучулук чеберчилиги жөнүндө жаш ырчы менен бирге иштешип жүргөн “Теңиртоо” тобунун көркөм жетекчиси Нурланбек Нышанов мындай дейт:

- Кенжегүлдүн аткаруучулук, ырчылык чеберчилигин эл өздөрү угушуп бааларын берип жатышкандыр. Мен Кенжегүлдү бүгүнкү күндөгү комуздун коштоосунда элдик ырларды ырдап жүрүшкөн кыздардын, айымдардын эң алдыңкысы деп ачык эле ишенимдүү айта алам. Мен буга чейин чет өлкөдө болгон бир мисалды айта кетейин. Биз 2004-жылы Кенжегүл менен Англиянын Лондон шаарындагы Опера Хаус опера үйү деген атактуу имаратта концерт бердик. Ошол концерттен кийин жергиликтүү гезитке бир макала чыкты. Ошол макалада көптөн бери опера хауста Кубатбековадай ырдаган ырчынын үнүн уга элек эле деген. Мына ушунун өзү эле эмнени билдирет. Биринчиден Кенжегүлдүн опералык залдын талабына ылайык абдан бийик күчтүү үнү бар. Кенжегүлдө үндөн башка ар бир чыгарманы угармандардын жүрөгүнө жеткире аткара турган жан дүйнөсү бар. Ырас, артист үчүн үн, техника өтө маанилүү, бирок эң негизгиси артистин жан дүйнөсү . Бир сөз менен айтканда Кенжегүл жаш болсо да залкар ырчы, аткаруучу катары менин купулума толук толот.
XS
SM
MD
LG