УТРКга жөө жүрүш жасап келаткан мөөнөтсүз митингдин катышуучулары Өкмөт үйүнүн жанына келгенде он беш чакты бала келип, жаңжал чыгарууга аракет кылышты. «Азаттыктын» кабарчысы билдиргенге караганда алардын үчөө Бириккен фронттун коопсуздук кызматы тарабынан кармалып, учурда штабга алып кетишти. Калгандары «Россия» кинотеатры тарапты көздөй качып кетишкен. (IJz)