Москва шаардык бийликтери оппозициянын маршын өткөрүүгө баштан эле тыйуу салышкан. Бирок ага карабай, оппозициялык партиялар, коомдук уюмдар бириккен «Башка Орусия» деген блок адамдарды көчөгө чыгууга чакырган эле. Ушундан улам жергиликтүү милиция таң эртелеп эле борбордук көчөлөрдү катуу текшерүүгө ала баштады.
Башына каска кийип, колуна таяктар менен калканды кармап алган миңдеген милиционерлер 170 адамды, алардын ичинде Гарри Каспаровду да кармап кетишти. Бул кишилердин көбү унчукпай эле колго түшүп берсе, өзгөчө кыйкырып, жулкулгандарга күч колдонулду. Каспаровду милиция күндүн экинчи жарымында кайра бошотту.
Бул күнгө белгиленген жөө жүрүш шаардагы бир топ борбордук көчөлөрдө жана аянттарда болот деп айтылган. Тверская көчөсүн тосуп чыгууну каалагандардын максаты ишке ашпады, алардын колдорун бууп, милиция кармап кетти. Пушкин аянтына чогулган айрым оппозициялык партиялардын лидерлери да кармалды.
Оппозициялык лидерлердин арасында, Михаил Касьянов, Никита Белых, Владимир Рыжковду, милиция Пушкин аянтына жакын жолоттурбай койду.
Рыжковдун айтымында, ал Гарри Каспаров менен жума күнү сүйлөшкөндө, Гаспаров «Башка Орусиянын» бүт мүчөлөрүнө жөө жүрүштү жалаң мыйзам чегинде гана өткөрүүгө буйрук бергенин айткан.
- Биз тараптан чагымчылык болушу мүмкүн эмес, болсо бийликтер тараптан же улутчул уюмдар тарабынан болушу мүмкүн, - деди Владимир Рыжков.
Айтмакчы, бул күнү өзүн «орус улутунун патриоту» деп атап жүргөн саясатчы Дмитрий Рогозин москвалыктарды Болотная аянтына чогулууга чакырган. Рыжков мырза «улутчулдар» дегени ошол акциянын катышуучуларын айтса керек.
«Башка Орусия» бирикмеси массалык жөө жүрүүнү 15-мартта Санкт-Петербургда да өткөрүүнү болжогон, бирок ал жерде да бийликтер, Москвадагыдай эле, иш-чараларды өткөрүүгө тыйуу салып коюшту. Акыркы айларда оппозиция уюштурган «Макул эместер маршы» бир топ шаарларда өттү. Москва, Санкт-Петербург жана Нижний-Новгороддогу акцияларда укук коргоо органдары анын катышуучуларына күч колдонушканы белгилүү.
Бул жолку жөө жүрүштүн алдынан, тактап айтканда, 14-апрелде, Лондондо жашаган орусиялык мульти-миллионер Борис Березовский Орусияда Путиндин бийлигин кулатыш үчүн «ыңкылап даярдап жатканы» тууралуу интервью басылып чыккан.
«Башка Орусиянын» лидерлери өздөрүн Березовскийдин айткандары менен байланыштырышпаса да, бул жагдай Орусиядагы саясий кырдаалды бир топ эле оорлотуп салды окшойт.