Орусиянын жогорку окуу жайларын (ЖОЖдорун) аяктаган кыргызстандык бүтүрүүчүлөр үчүн өз алдынча жашоого кадам коюунун бир нече багыты бар.
Биринчиси - Кыргызстанга кайтуу. Бүтүрүүчүлөрдүн көбү өз мекенине келип эле иштөөнү артык көрүшкөндөй. Анткени Орусиянын жогорку окуу жайларынын диплому менен Кыргызстанда жумушка орношууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк бар. Иш берүүчүлөр Орусиядан окуп келген адистерге артыкчылык беришет.
Ошондой эле кээ бир бүтүрүүчүлөр ата-энесине, туугандарына жакын жашоону каалашат, айрымдарга Орусиянын аба ырайы жакпайт.
Окууну бүткөндөн кийин мекенине кайткысы келген Яна Богданова азыркы учурда М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетинде 4-курсту аяктап жатат.
- Мен дипломду алган күнүм эле Кыргызстанга кайтып барам. Орусиянын климаттык шарты да мага ылайыксыз. Анын үстүнө, Бишкекте менин туугандарым жашайт, алардан алыс жүрүү мен үчүн абдан кыйын. Мен өз мекенимде иштегим келет, - дейт Яна Богданова.
Анткен менен, айрым кыргызстандык бүтүрүүчүлөр Орусиянын өзүндө ишке орношушат.
2006-жылы М.В.Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетин аяктаган Тилек Тойчиев азыркы маалда эл аралык белгилүү бир ишкананын Орусиядагы филиалында иштейт. Ал бул компанияга окууну бүтүшү менен эле орношкон экен. Тилек бул тууралуу «Азаттыкка» мындай деди:
- Мен окуумду аяктап жатканда эле азыркы иштеп жаткан компанияга резюмемди жибергем. Компанияда менин резюмем менен таанышкандан кийин, аңгемелешүүгө чакырышты. Аңгемелешүүдөн ийгиликтүү өткөнүмдөн кийин, жумушка орноштум. Азырынча Кыргызстанга барайын деген ниетим жок, себеби ал жакка барганым менен жумуш таба албайм. Мен эң алгач өзүмдү ойлошум керек да. Анын үстүнө, азыркы жумушумдан алган айлыгым мени толугу менен канааттандырат, - деди Тилек.
Кыргызстандык бүтүрүүчүлөрдүн дагы бир бөлүгү Орусиянын жогорку окуу жайларынында аспирантурага тапшырат. Кыргызстандын Москвадагы элчилигинен билдиришкендей, аспирантурага өткөн кыргызстандыктардын саны жылдан жылга көбөйүп баратат. Эгер 1994-жылдан баштап 2004-жылга чейинки 10 жыл аралыгында аспирантурада жалпысынан 48 эле кыргызстандык окуган болсо, бүгүнкү күнү бюджеттик эле бөлүмдө 60 жакын кыргызстандык окуп жатат. Бирок контракттык бөлүмдө окугандар да көп. Алар окууга жылына орточо 1,5 миңден 5 000 АКШ долларына чейин акы төлөшү керек.
Биз менен баарлашкан айрым кыргызстандык бүтүрүүчүлөрдүн айтымында, аларды мекенинде даяр жумуш күтүп турат. Мисалы, Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын академиясынын кыргызстандык бүтүрүүчүлөрү окууну аяктагандан соң, Кыргызстандын Улуттук Коопсуздук Кызматында беш жыл иштеп берүүгө тийиш. Анткени студенттер окууга тапшырып жатканда эле ушундай шарттарга макулдугун берген атайын келишимге кол коюшат.
Кыргызстандагы оор социалдык-экономикалык абалга карабастан, Орусияда окуп жаткандардын көпчүлүгү мекенине кайта тургандыгын айтышты. «Кыргызстанга жардам берүү – негизги максат», - дешет алар.