Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:38

ЧАГЫМЧЫ ДЕП ШЕКТЕЛГЕНДЕРДИН ЫСЫМДАРЫ АНЫКТАЛДЫ, ЖУРНАЛИСТ САБАЛДЫ

«Келечеги кең Кыргызстан үчүн» бириккен фронтунун кечээки митинги учурунда чагым чыгарды деп шектелгендердин үчөөнүн аты-жөнү такталды. Алар Жалалабад облусунун жашоочусу Темирбек Матиев жана Ош облусунун тургундары Нурлан Сатыбалдиев менен Рустам Медетов болуп чыкты. Булар мушташ учурунда өздөрүнүн да денесине залал алышкандыктан, экөө ооруканга жаткырылган. Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитовдун ырасташынча, булардын чагымга тиешеси бар-жогун аныктоо үчүн ушул тапта тергөө иштери жүрүп жатат. Кармалгандар болсо бул окуяга тиешеси жок экендиктерин айтышууда.

Ошол эле учурда кечээки митинг учурунда «24.kg» агенттигинин журналисти сабалганы анык болду. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Улуттук госпиталда жаткан «24.kg» агенттигинин журналисти Азиз Эгембердиев милицияга түшүндүрмө берип жатып, кечээ кечке жуук өкмөт үйүнүн алдында мушташ чыккан маалда сабалганын айткан. Учурда бул окуя боюнча иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.(IJz)
XS
SM
MD
LG