Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:06

КАНЫБЕК ИМАНАЛИЕВ: ПРЕЗИДЕНТКЕ ИМПИЧМЕНТ ЖАРЫЯЛООГО ТОЛУК УКУКТУК НЕГИЗ БАР


Кыргызстанда конституциялык реформа жүргүзүү талабы менен мөөнөтсүз митинг өткөрүп жаткан оппозициялык кыймылдар 13-апрелде президент Курманбек Бакиевге импичмент жарыялоо маселесин көтөрдү. Ага өбөлгө түзгөн укуктук негиздер жана өлкөдөгү акыркы кырдаал тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевден кабарчыбыз Бүбүкан Досалиева интервью алган.

СУРОО: - Каныбек мырза, мөөнөтсүз митингдин үчүнчү күнү президентке импичмент жарыялоо зарыл деген маселе көтөрүлдү. Ага укуктук негиздер барбы?

К.ИМАНАЛИЕВ:- Укуктук негиздер бар, себеби, ал президент болуп шайланган 2005-жылдын август айынан 2006-жылдын май айына чейин Конституциянын жоболорун 15 жолу бузган. Бул эл аралык юридиканын тажрыйбасында импичмент жарыялоого толук негиз берет. Экинчи дагы бир эң негизги себеп - былтыр декабрь айында легитимсиз, башкача айтканда 49 добуш менен кабыл алынган Конституцияга кол коюшу болду. Добушка коюлгандан кийин өтпөй калган Конституция бир жылдан кийин кайра кайрылып келиш керек эле. Биздин бийлик болсо бир жумада аны төрт жолу добушка койду. Ошол Конституцияга кол койгондугу ага импичмент жарыялоого толук негиз болот. Саясатта саясий лидердин же президенттин президент деген гана күбөлүгү эмес моралдык жана саясий ресурсу болуш керек. Бул кишинин ошондой моралдык жана саясий ресурсу түгөндү. Буга чейин импичмент жарыялоо маселесин депутат Дооронбек Садырбаев көтөргөн. Андан кийин өзү да “Шанхай Кызматташтык уюмунун кеңешмесин өткөргөндөн кийин өзүмдүн легитимдүүлүгүмдү бекемдегенге даярмын” деп айтты. А биз болсо азыр эле өткөрүү керек жана анын эки жолу бар деп жатабыз. Импичмент жарыялоого парламент депутаттарынын жарымы макул болуп кол коюп, аны депутаттардын төрттөн үчү колдоп добуш берип кабыл алыш керек. Экинчи жолу- 300 миң киши кол топтоп, маселени референдумга алып чыгуу. Ошондо добуш берүүгө катышкандардын жарымынан көбү президенттин легитимдүүлүгүн же ишенимден чыккандыгын билдирсе президент кетүүгө аргасыз болот. Биз азыр Ак үйдү талкалап, президентти кууп чыкккандан көрө ушундай цивилизациялуу, укуктук жол менен барышыбыз керек.

СУРОО:- Бирок, митингдин өтүп жаткандыгын бийлик этибарга албагандай түр көрсөтүп жатат. Ушундан улам Кыргызстанда коом жана бийлик укуктук негизде, мыйзам чегинде нааразылык, каршылык көрсөтүү акцияларын өткөрүүгө даяр эместигин көрсөтүп жатабы деген ой туулат?

ИМАНАЛИЕВ:- Тескерисинче, алар чагымга түрттү. Милициялар ит менен аянтка келип, тынч жаткан элди айдактап, кыргыз элин мазактады. Экинчиден, Мурат Суталиновдун митингге катышкандар тууралуу шылдыңдаган сөздөрү элдин кыжырына тийип, аяттта турган 5 миңдей элдин санын 50 миңге жеткирди. Үчүнчүдөн, бийлик көзөмөлдөгөн 5-телеканал митингге катышып, түштө тамактанып жаткан кемпир –чалдарды тартып алып, монтаждаган маалда ооздорун тез-тез кыймылдатып маймыл сыяктуу кылып көрсөтүп, катуу мазактады. Мындан ашкан провокация болобу? Провокацияга түртүп жаткан дагы бир аракети –бийликтин бир өкүлү да 3 күндөн бери компромисске, конструктивдүү сүйлөшүүгө келели деген сунуш менен чыгып койгон жок. Бийлик мына ушинтип чагымга түртүп жатат. Биз буларга карабастан элди сактап калдык. Булар Ак үйдү басып алат экен деп коркуп, бүшүркөп, Жалалабаддан келген ОМОНдун жоокерлери менен кайтарып турушат. Мындан башка бир дагы иш-чара көрүшкөн жери жок. Ал эми парламенттеги депутаттар кырдаалды жөнгө салуу үчүн иштеп, фракциялар, комитеттердин алкагында иштеп, бирдиктүү долбоор алып чыкканга аракет көрүп жатышат. Себеби, депутаттар президентке караганда элдин, мамлекеттин алдындагы өз жоопкерчилигин сезип жатышат. Президент бийликтен кетсе легитимдүү бир гана орган парламент болуп калат. Ошон үчүн парламентти таратуу керек деген сунуштарга каршымын. Парламентти эл шайлаган. Идеалдуу парламент болбойт, 70 депутаттын 70 башка көз карашы бар. Бирок, эки жылдан бери Кыргызстандагы стабилдүүлүктү сактоодо негизги ролду ойногон парламент болуп келет. Албетте, кээде биздин көз караштарыбыз ар кандай, бирок ушундай кыйчалыш мезгилде парламент дайыма өзүнүн үнүн, позициянын билгизип келген. Азыр дагы парламент негизги роль ойнош керек.

СУРОО:- Азыркы митингдин башкы талабы конституциялык реформа да. 16-апрелде Конституциянын жаңы долбоору каралыш керек деп жатышат. Эгер ошол долбоор кабыл алынып калса, азыркы туңгуюктан чыгуу жолу болобу?

ИМАНАЛИЕВ: - Сөзсүз. “Бириккен фронт” кыймылынын талабы-президенттик кезексиз шайлоо өткөрүү. Ал эми биздин “Реформа үчүн!” кыймылы конституциялык реформа жүргүзүүнү талап кылып жатабыз. Эгер Кыргызстанда конституциялык реформа болбой, ага президент даяр эмес болсо, анда биз “Бириккен фронт” кыймылына кошулуп, мөөнөтсүз митингге өтөбүз. Себеби, митингге келген элдин бардыгы негизинен “Бакиев кетсин!” деген бир гана талапты коюп жатат. Бирок, биз “Бакиев кеткен менен система өзгөрбөйт, биз системаны өзгөртүшүбүз керек” деп жатабыз. Эгерде парламент бир жакадан баш чыгарып, бир тилек менен Конституциянын жаңы долбоорын кабыл алып берип, парламенттик башкарууну киргизип берсе, ага президент кол койсо жана Конституциялык сот ырастап бекитип берсе, анда митингдеги элди реформа болот деп ишендирип таркатууга негиз болот. Андан кийин анын негизинде коалициялык өкмөт түзүш керек. Албетте, бул өзүнөн-өзү келип чыга турган маселе.

СУРОО:- Жумушчу топ иштеп чыккан Конституциянын долбоорунда системаны өзгөртүүгө негиздер бар бекен? Биздин угармандарга кененирээк маалымат бере кетсеңиз.

ИМАНАЛИЕВ:- Биринчиден, 30-декабрда кабыл алынган Конституция соттолуп кетүүгө негиз берчү Конституция. Себеби, биз аны 26-декабрда караганда 47 добушка гана ээ болуп калган болчу. Мурунку Конституцияда “эгерде Конституция каралып, өтпөй калса бир жылдан кийин гана кайра каралыш керек” деп жазылган. Бир жыл эмес 2 күндөн кийин кайра каралды. Бул жолу колдоп добуш бергендердин саны 49 болду. Жок, электрондук добуш берүү жарабайт экен дешип, кол көтөртүп добуш бердиришти. Кол көтөрүп добуш бергенде залдан чыгып кеткен депутат Мамытбай Салымбековдун добушун эсептеп, эптеп жамап 50 добуш кылып өткөрүштү. Бирок, ага президент кол койбош керек эле. Себеби, мыйзамда Конституция 3 айдан кеч эмес, 6 айдан эрте эмес убакыттын ичинде Конституциялык Сотто каралып, анын тыянагынын негизинде гана кол коюлат деп жазылган да. Президент Конституциялык Соттун ыйгарым укугун өзүнө алып туруп кол коюп койду. Демек, бөлөк бийликтин ролун аткарып койду. Бул эл аралык юридикалык тажрыйбада “бийликти узурпациялоо же бийликти басып алуу” деп бааланат. Биз парламентарийлер сот бийлигинин ролун аткара албайбыз. Аталган учурда президент сот бийлигинин ролун аткарып койду. Ошон үчүн биз мындай бийликти түп-тамырынан бери жулуп, жаңы бийлик, жаңы системаны алып келишибиз керек. Анын негизги автору парламент болуш керек жана анда митингге чыгып, бийликке каршылык көрсөтүп жаткан элдин үнү менен талабы орун алыш керек. Буга парламент макул болот деген ишенимдемин.

СУРОО:- Бирок, ноябрда да, декабрда да Конституцияны кабыл алууда депутаттар эки жакты карап турушпадыбы. Мына ушундай кырдаал азыр деле түзүлүп калышы мүмкүн да...

ИМАНАЛИЕВ:- Андай болгону чын. Бирок, азыркы 50 миң адамды көргөн депутат өлкөдө саясий туруктуулук керек , элдин таламы туура, эл тарапта болушум керек деп ойлонушу керек.

СУРОО:- Андай көз караштагы депутаттардын саны канча болот деген ойдосуз? Себеби, тилекке каршы, регионалдык кызыкчылыктарды ойлогон депутаттар арбын болуп жатпайбы...

ИМАНАЛИЕВ:- Андай кызыкчылыктар бар. Бирок, менин ички интуитивдик сезимим боюнча регионалдык, трайбалисттик кызыкчылыктарынан улуттун кызыкчылыгын бийик коет деген ишенич бар.

СУРОО:- Эгер 16-апрелде Конституциянын сунушталган жаңы долбоору кабыл алынбай калса, өзгөртүүлөр болбой калса оппозициянын мындан аркы аракети кандай болот?

ИМАНАЛИЕВ:- Мөөнөтсүз митинг деп жарыяланбадыбы, бул митингди токтотуу мүмкүн эмес. Апрелде жазгы талаа жумушуна кетип калышса, кайра майда келишет. Майда келбесе сентябрда келишет, анда келбесе ноябрда келишет. Ошентип, Кыргызстан дайым кризисттик кырдаалда жашайт. Бул саясий туруктуулукка алып келбейт. Аны чечүүнүн бир гана жолу бар. Ал системаны өзгөртүү. Биз эки жылдан бери конституциялык реформа жасоо керек деп жатып, президентке түшүндүрө алган жокпуз. Бул кризисттин түбү- системада. Азыр кризистти Бакиев, Кулов же Байболов, Текебаев түзүп жаткан жери жок. Система кризиске алып келди. Азыр Атамбаевди алып башка бирөөнү премьер-министр кылып коюудан эч нерсе өзгөрбөйт, кризис улана берет. Ошон үчүн системаны өзгөртүү зарыл.

- Маегиңиз үчүн рахмат!

XS
SM
MD
LG