Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:21

БЕКТЕМИР АКУНОВ МУУНТУЛУП ӨЛТҮРҮЛДҮБҮ?


5-апрелден 11-апрелдге чейин “Бириккен фронттун” идеяларын колдоп ачкачылык кармаган Бектемир Акунов Нарын шаардык ички иштер башкармалыгынын камерасында жатып, 15-апрелде түшкү саат он экилерде каза болгон. Нарын шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкери Таалай Нуралиевдин айтымында, Бектемир Акунов өз жанын өзү кыйган. Бирок оппозиция буга күмөн санап турат. Бириккен фронт бул окуяны өз алдынча иликтөөгө киришти, бул максатта мурдагы саламаттык сактоо министри Накен Касиев башында турган топ бүгүн Нарынга кетип жатышат.

Бектемир Акунов 14-апрелде кечки саат ондордо Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнө алынып келинген. Бул боюнча Нарын шаардык ички иштер башкармалыгынан Таалай Нуралиев "Азаттыкка" буларды билдирди:

- 14-апрелде саат жети жарымдарда Бектемир Акунов биздин шаардык мэрияга барып, "мэр кайда?" деген экен. "Бүгүн ишемби ал киши жок" дешсе, "тапкыла" деп кыйкырып-өкүрүп, сөгүнгөн экен. Ал жактагы кишилер аны алаксытып "биринчи күнү келиңиз" десе, "макул", деп чыгып кетет. Анан кайра келип "мен силерге айтпадымбы, эмне отурасыңар, мага губернаторду тапкыла, Нарын облусунун чоңдорун тапкыла, эртең менен элди чогултуп, пикет уюштурам" деп сүйлөгөн экен. Анан ал жерде иштеген адамдар бул жер коомдук жер, мамлекеттик имарат, сөгүнбөңүз, деп айтышыптыр. Анан бир сержант телефон чалат. Бул жакта бирөө тартип бузуп жатат деп. Бул жактан опер топ барса, ал киши сыртка чыгып кеткен экен. Анан опер топ мэриядан чыгып келе жатса, ал киши телеграф жактан келе жаткан экен. Күзөттө тургандар арыз жазып беришиптир "бизге бир киши келип, тынчтык бербей, тоскоолдук кылып жатат" дешип. Ошонун негизинде балдар ГОУДУга алып келип, административдик кодекстин 364-статьясы боюнча протокол түзүшүп, майда кылмыш иши деп биздин камерага киргизилген,- дейт Таалай Нуралиев.

15-апрелде Таалай Нуралиев да ал киши менен маектешкен:

-Бул кишинин материалын соттун кароосуна жибергенбиз. Майда кылмыш иши боюнча. Мен аны менен маектешкем. "Таалай, мен кечээ кичине кызып калыптырмын. Администрациядагы балдарды да сөгүп койдум эле. Мэриянын аппарат жетекчиси менин досум эле, ошого баргам," деп мага айткан. Балдар түшүндүрмө алып, административдик камерага киргизген. Анан мен 12ге он беш мүнөт калганда түшкү тамактанууга үйгө чыктым. Үйгө жетээрим менен беш мүнөттөн кийин мага телефон чалышты. Административдик камерадагы киши көйнөгүн чечип, торго асылып калыптыр, дешип. Балдар барып бутунан көтөрүп, биринчи жардам көрсөтүшүптүр. Доктурду чакырышыптыр. Ал беш мүнөттө келиптир. Мен дагы келдим,- дейт Таалай Нуралиев.

-Ал кишини камабай эле бошотуп жиберсе кандай болот эле?

- Жок. Бошотуп жиберген болбойт болчу. Анткени биз аны 364-сататья менен майда кылмыш иши үчүн кармадык убактылуу,-

- Ал киши эми кандай майда кылмыш ишин кылды?

- Коомдук жерге барып алып сөгүнүп, сагынып, күзөттө турган адамдарды мазактагандыгы үчүн алынып келинген,-дейт Таалай Нуралиев.

Укук коргоо органдарынын ырасмий маалыматы боюнча Бектемир Акунов камерада муунуп өлгөн. Ал эми Нарын шаарынын прокурору Кеңешбек Токтомамбетов аталаган кырсык боюнча кылмыш иши козголо электигин "Азаттыкка" айтты:

-Кылмыш ишин козгой элекпиз. Бизде мыйзам боюнча биринчи текшерип, фактыларды чогултуп анан барып чечебиз. Эртең менен соёбуз. Туугандарына да түшүндүрүп айттык. Мен дагы айтып кетейин. Бул жерде эч кандай саясий себеп жок. Интернеттен окуп жатам. Митингге катышкан үчүн, деген сөздөр жазылган экен. Менин оюмча андай эмес. Эмне себептен ал киши өз өмүрүн кыйды билбейм. Эми текшеребиз,- дейт прокурор Кеңешбек Токтомамбетов.

Бириккен фронттун Нарын облусу боюнча өкүлү Жакыпбек Дүйшөмакунов болсо Бектемир Акунов өз жанын өзү кыйганга эч кандай себеп жок эле деген пикирде:

-Бектемир Акунов 1954-жылы туулган. Туулган жери Орто-Нура. Нарын району. Ал киши өз ыктыяры менен 5-апрелде ачкачылык акциясына келип кошулган. 11-апрелде токтоткон. 12-апрелде доктур текшерген. Ал эми 13-апрелде ал киши Нарынга жол алган. 14-апрелде Нарын губернаторунун кабыл алуусунда болгон экен. Ошол күнү эле кечинде ГОВДынын имаратында бул киши суракка алынып, 15-апрелде ошол камерада каза болгону бизге белгилүү болду.

- Канча баласы бар эле? Билими кандай эле? Бул киши ооруп жүрчү беле?

-Бизде ооруганы боюнча маалымат жок. Таза болгон үчүн бул жерде доктурлар текшерип анан ачкачылык акциясына кошкон ал адамды. Билими орто. 8 баласы бар деп айтылды.

- Ырасмий маалымат боюнча ал өзү асынып өлдү деген маалыматтар болуп жатат. Ал киши ушундай жолго барышы ыктмал беле?

-Биз антип айта албайбыз. 16-апрелде көз карандысыз комиссия барып карайт, - дейт Жакыпбек Дүйшөмакунов.

Сүрөттө: солдон биринчи, баш кийимсиз турган Бектемир Акунов

Жаркын Ибраева, Нарын шаары

XS
SM
MD
LG