Ошол эле күнү, 14-апрелде чагымчылар уюштурган мушташ учурунда Орусиянын НТВ телеканалынын кызмакерлери да жапа чегишкен. Ал эми “Слово Кыргызстана” гезитинин журналисти Нина Горшковага болсо тоскоолдук көрсөтүлүп, анын камерасын сындырууга аракет болгон.
Жогорку Кеңештин депутаты, кесиби боюнча журналист Мелис Эшимканов да кечээ митинг учурунда журналисттердин коопсуздугу маселесин козгоду:
“Жиниңер кайнап, сөгүп жатсаңар КТРди, “5-каналды”, бирок алардын азаматтары ары жакта калып эле, кимдин камерасы талкаланган? НТСтин, “24.kg” нин кызматкерин сабап коюшту, үч күн мурун “Комсомольская правда” гезитинин кызматкерлери да жапа чегишкен. Мен түшүнүп турам, бул жердегилердин ага тиешеси жок. Аны атайын 14-апрелдегидей букчуйган мас болгон чагымчылар жасап атат. Бирок ошентсе да мен силерден суранат элем - журналисттерге тийбегиле, деп”.
Бириккен фронттун жетекчиси Феликс Кулов массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн чагымчылар менен алмаштырып албашы үчүн журналисттерди айырмалантып турчу белгилер болушу керектигин кечээки маалымат жыйынында айтты:
“Биздин тарапкерлерибиз журналисттерге каршы эмес. Сиздер болгон маалыматтарды берип жатасыздар. Ал эми 14-апрелде болгон окуялар боюнча бизден катачылык кетсе мен кечирим сурайм. Менимче журналисттерде аларды башкалардан айрымалап турган белги болушу керек”.
Ошондой эле Феликс Кулов жергиликтүү массалык маалымат каражаттары президент Курманбек Бакиевдин кол алдында калганын, андыктан митинг туура эмес чагылдырылып жатканын айтты. Ушул себептен ал Орусиялык жана эл аралык ММКларды өлкөдөгү болуп жаткан окуяларды калыс, туура чагылдырып берүүгө чакырды.
Митинг учурунда журналисттерге кол салуу фактысы алгач 12-апрелде башталган. Анда белгисиз адамдар НБТ телеканалынын жана казак телеканалынын кызматкрелеринен камераны күч менен алууга аракет жасашкан. Ошол эле күнү НТС телеканлынын кызматкерлерине кол салуу болуп, алардын видеокамерасы менен штативи сындырылган.
Митинг учурунда журналисттерге кол салуу ушуну менен токтоп калган жок. Ишемби, 14-апрелде өкмөт үйүнүн алдында митинг болуп атканда “24.kg” маалымат агенттигини кызматкери Азиз Эгембердиев таяк жеген.
Ал мээси чайпалып, башынан жана көзүнөн жаракат алып учурда ооруканада жатат. Аталган агенттиктин башкы редактору Антон Лымарь коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жана ички иштер министрлигигин кызматкерлери тарабынан Азиз Эгембердиевге кысым көрсөтүлгөнүн айтты:
“Азиз Эгембердиевди сабап жатышканда экинчи журналист көрүп калып, бизге кабар берди. Мен ошол замат Бириккен фронттун маалымат катчысына чалдым, андан кийин алар сабалган журналистти боз үйгө киргизишип, биринчи жардам көрсөтүшүп, биздин редакцияга алып келишкен. Азиз Эгембердиевди оорканага жөнөтөөрүбүз менен анын артынан оперативдик топ барган экен. Алар сабаган киши ушул деп биз айткан кишини көрсөтөсүң деп аны коркутушуптур. Мындай сөздүн болгонуна биздин кызматкерибиз күбө. Эми биздин журналист менен юрист жок сүйлөшүүгө жол бербейбиз”.
Ал эми Ички иштер министрлигинин маалымат-катчысы Бакыт Сейитов журналист Азиз Эгембердиевдин сабалышы боюнча тергөө иштери жүрүп жаткандыгын айтып, анын токмоктолушу боюнча мындай пикирин билдирди:
“Аны бозүйгө алып киришкен экен. Балким ошол бозүйдөгүлөр эле сабап коюшкан. Ким билет. Эми аны так айта албайбыз, учурда тергөө иштери жүрүп жатат”.
Ошентип апрель айында митинг учурунда алты журналист сабалганы менен, алардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча көзгө урунаар чаралар мамлекет тарабынан көрүлө элек. Журналисттерди кимдер сабап жатат – табылган кылмышкерлер да жок.