Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Ноябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 06:36

К.БАЙБОЛОВ: КОНСТИТУЦИЯЛЫК РЕФОРМАНЫН ТҮПКҮ МАКСАТЫ – БИЙЛИКТИН АЛДЫМ-ЖУТТУМДУГУН ЧЕКТӨӨ


Бүгүн Жогорку Кеңеш премьер-министр Алмаз Атамбаев сунуш кылган Конституцияга өзгөртүү-толуктоолорду киргизүү боюнча мыйзам долбоорун кароону баштады. Буга чейин малым болгондой «Реформа үчүн» кыймылдын лидерлеринин бири, депутат Кубат Байболов башында турган топ дагы бир мыйзам долбоорун сунуш кылган эле. Кубат Байболов менен болгон төмөнкү маекте конституциялык реформа, соңку саясий кырдаал тууралуу сөз болмокчу.

- Кубат мырза, акыркы убакытта Конституциялык реформанын айланасында талаш-тартыш дагы күчөдү. 11-апрелде Бишкекте чоң митинг башталды. Сиз башында турган топ Конституциянын долбоорун сунуш кылдыңыздар. Премьер-министр Алмазбек Атамбаев баштаган топ да өзүнчө долбоорду сунуш кылып жатат. Ушул экөөнүн айырмасын айтып берсеңиз?

- Алды менен угуучуларга түшүнүктүү болуш үчүн бул Конституциянын тегерегинде эле ушунча көп сөз болуп, деги мунун кереги барбы же жокпу, эмне себептен ушунчалык көп маани берилип жатат, деген нерсени чечмелеп, түшүндүрүп кетейин.

Бул Конституция деген жанагы эле дарактын тамыры сыяктуу нерсе да. Эгерде биз ошол даракты таштак же кум жерге отургузуп койсок, ооруп, жалбырыгы саргайып, акыры куурайт го, мына Конституция ошол дарактын тамыры. Ал эми жалпы эл үчүн, мамлекет үчүн, ошол мамлекеттеги бийликтин ишке ашырылышынын жоболору.

Андан дагы жөнөкөйлөштүрүп айта турган болсок, бийликтеги структуралардын, адамдардын кыймыл-аракетин чектеген нерсе болот. Бул адам өзү табияты анчейин жакшы эмес. Өзгөчө бизге кыргыздарга тиешелүү. Ошондуктан Конституция деген мына ушул. Мына дал ушул үчүн нечен убакыттан бери Конституциянын тегерегинде жанагындай талаш-тартыш, ызы-чуу болуп келе жаткандагысы.

Мен бул процесске катышып жаткандыгымдын бир гана себеби бар. Мен үчүн өлкөнүн башкаруу системасы өзгөрүп, өзгөчө биздин коомго тиешелүү бийликтеги адамдардын чексиз аппетитин чектеп, алдым-жуттумун чектеп, өзгөчө бийликчил маанайын чектей турган бир системаны түзсөк деген ой менен гана киришип калдым бул ишке.

Калган - жанагы шайлоого байланышкан, мөөнөтүнө байланышкан нерселер мен үчүн үчүнчү-төртүнчү катардагы маселелер. Эгерде биз ушул Конституцияны оптималдаштырып, бардыгын жай-жайында иштей турган кылып коё турган болсок, калган маселелердин баары өзүнөн-өзү чечилмек. Бул биринчиден.

Экинчиден, кандай гана Конституция болбосун, кандай гана мамлекетте болбосун Конституцияда бир-эки эле маселе бар. Калган маселелер экинчи-үчүнчү катардагы маселелер. Ал эми биринчи катардагы маселе бул - өкмөт ким тарабынан түзүлөт жана ким тарабынан отставкага кетирилет? Мына ушул эң негизги маселе. Адетте иштиктүү өкмөт бир беткей же парламенттин алдында же бир беткей президенттин алдында гана болгондо жакшы иштейт.

Кыргызстан башында француздук моделди алганбыз. Бирок оңдоп, оңдоп, түзөп отуруп бизде президент деген ханга айланган иш жүзүндө. Ошол президенттердин жасап жаткан иштери, алардын кабыл алып жаткан чечимдери, ага- туугандарынын кыймыл-аракети - бардыгы элдин көз алдында болуп жатат да. Өзгөчө биздин Кыргызстанда ресурсттар абдан чектелүү, жакырчылык болуп жатканда, ар бир жасалган ууручулук абдан элге ачык эле көрүнүп калып, элдин кыжырын өтө келтирип жатпайбы.

Биздин түзгөн долбоор - өкмөт бир беткей парламенттин алдында болсун деп атабыз. Себеп дегенде президенттик башкаруу системасын биз башыбыздан кечирдик. Мына ошол 15 жыл ошол системада отуруп, белчебизден кризиске баттык. Аралашма системасы деп аталганы менен иш жүзүндө супер-президенттик система болду да. Муну биз четке кагышыбыз керек. Ал эми кыпкызылдай эле парламенттик система кылабыз дегендер дагы бар. Бул үчүн партиялар жеткилең болуш керек. Партиялардын өнүгүүсүн айтып жатам да. Партиялардын ички тартиби өтө мыкты болуш керек. Биздин партиялардын ахыбалына келгенде, буларга бир беткей бийликти берүүгө азырынча эртелик кылат. Бул чындыгында эле ошондой.

Ошентип ой жүгүртүп отуруп биз кайрадан эле ошол француздук модель-премьер-президенттик система деп коёт, ошону түзүп чыктык. Эмнеси болсо дагы ушул система кризистен алып чыгабы деген илимий деңгээлдеги көз караш менен жасалып жатат. Анын илимийдиги эмнеде? Карапайым адамдарга түшүнүктүү болсун - өтө жөнөкөйлөштүрүп айтайынчы. Биздин өкмөт эки-үч күйөөсү бар аялдай болбосун деген сөз да. Себеби биздин өкмөт он беш жылдан бери он төртпү, он алты жолубу алмашты. Себеп дегенде укугу жок, чечим кабыл ала албайт, жоопкерчиликтен башка эч ыйгарым укуктары жок...

- Жакында Феликс Кулов Кыргызстанда негизи эки өкмөт бар дейт. Бирөө чоң-чоң, ири акционердик коомдорду, кирешелүү ишканалардын жетекчилерин президент өзү дайындайт, президент өзү жетекчилик кылат. Бул бир өкмөт. Экинчи өкмөт – премьер-министр башкарган өкмөт деп айтты...

- Чатактын өзү ошондон келип чыгып жатпайбы. Анан кийин Атамбаевдер түзгөн долбоор ошол ыйгарым укуктардын эки жобосун өзгөртүп жатат да. Мындан ары президент өкмөт мүчөлөрүн премьер-министрдин көрсөтмөсү менен дайындайт. Бул бир. Экинчиси өткөөл жобосунда жазылыптыр, азыр эгерде өкмөт түзүлүп кала турган болсо, премьер-министрди парламент аныктасын деп жазышкан экен. Мына ушул эки жобонун тегерегинде Кытайды Манас чапкандай эле сүйүнүп жатышат.

- Мунун өзү жакшыбы?

- Бул жарты кадам алдыга жылганга гана мүмкүнчүлүк түзөт. Бирок биз каршы болуп жатканыбыздын себебинин маңызы башкада. Мына бүгүнкү күнгө чейин парламент менен президенттин ортосунда тирешүү күч алып турат, митингдердин түбү ушунда. Тиги киши айтып жатпайбы 5-6 адам эле кыйнап койду деп.

Чындыгында ошол жакта жатат маселенин башы. Себеп дегенде жалпы эл тарабынан шайланып келген парламент жана перзидент акыры кагышпай койбойт экен. Бул дүйнөлүк тажырыйбада далилденген. Кош лигитимдүүлүк проблемасы деп илимге кирген. Биз ошол проблеманы башыбыздан кечирип, мына ызы-чуунун башы ошол жакта. Эми ошол проблемаларды чече албай жатсак, анын үстүнө Алмаз Атамбаев баштаган топ дагы бир кризистик багытты бекитип беришпедиби, ал - премьер-министр менен президенттин ортосундагы кагышуу. Эгерде парламент өз алдынча саясат жүргүзө алган, квалификациялуу, эрки күчтүү бир адамды премьер кылып коё турган болсо, алар ошол өкмөттү түзө баштаганда эле чабышканы жатпайбы...

- Президент менен премьер-министр, туурабы?

- Ооба. Себеби баланча-баланча кишилер өкмөткө кирсин деп айтат премьер, президент айтат, “жок башкалар кирсин” деп. Мына ошондо ызы-чуунун дагы бир линиясы пайда болгону жатпайбы. Эки тарап 50-60 миңден элди көчөгө алып чыкканы жатпайбы.

- Ошону чечүүнүн жолдору ушул Конституциядан сырткары мыйзамдарда каралыш керекпи же кандай чечилиш керек?

- Жок, ошол Конституцияда каралыш керек. Өкмөт бир беткей же парламенттин алдында, же президенттин алдында болуш керек.

- Сиз сунуш кылып жаткан долбоордо ушул кандай чечилген?

- Биз айтып жатабыз, толугу менен өкмөттү парламент түзүп, ишине көзөмөл жүргүзүп, отставкага кете турган болсо, парламент кетириш керек. Президент эки-үч жеринде гана катыша алат. Эгерде парламент эки ирээт өкмөттү түзө албай турган болсо президент аны өзү түзөт. Президенттин түзгөн өкмөтүн дагы бекитпесе анда отставкага кетет парламент.

Мына өткөндө Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев төрт журналистке интервью берип, ошондо Кыргызстан Украинанын жолу менен баратат деп айтты. Анткени парламентке көбүрөөк укук берилгенде Украинадагыдай кризис күчөйт экен, ал жерде канча депутат болсо, ошончо президент болуп калат экен, бизге - Казакстанга ушул керекпи”, деп Кыргызстанды сындап өтүп кетти. Кыргызстан менен ошол Украина ортосунда кандай окшоштук жана айырмалар бар?

- Бул жерде Нурсултан Абишевич өтө туура баалап жатат. Мына азыркы президент киргизген долбоордо дал ошол Украинанын жобосу жатат. Өкмөт тартыш болуп калып жатпайбы, жартысы Януковичте, жартысы президентте. Жаңы киргизилген жободо жартысы парламентте, жартысы президентте калган жатат да. Мына накта Украина ушул. Биз бир беткей парламентке президент дагы, башка бийлик бутактары дагы тийише албай турган кылып жатабыз да. Айтор эмнеси болсо дагы, бир беткей болуш керек. Чарба жүргүзгөн адамдарга абдан түшүнүктүү болоор, эгерде бир адам чарба жүргүзүп жатса, анын үстүнө беш бригадир койсо накта чатак болот да. Ошон үчүн бир бригадир болсо чарбада өнүгүү болот да...

- Койчусу көп болсо кой арам өлөт дегендейби?

- Ап-баракелде! Мына ушундай жагдайдан качышыбыз керек. Туура, президентке өзүнүн ыйгарым укуктарынан ажыраш оор болушу мүмкүн да. Баарыбыз эле пендебиз да. Өзгөчө кыргыздар үчүн бул өтө оор болушу мүмкүн. Бирок ошентсе дагы кризистен чыгуунун аракетин жасаш керек да. Анын бир гана жолу бар - Конституциялык реформа жүргүзүш керек. Андан башка жол жок. Конституциялык реформа, жөн эле реформа эмес. Илимий деңгээлдеги радикалдуу реформаны айтышыбыз керек да. Болбосо декабрдагы өзгөртүүнү деле реформа деп жатышпайбы. Бирок ал реформа болбой калды да.

- Митингдердин табияты боюнча айтсаңыз. 11-апрелде чыктыңыздар. Митинг деген эмне? Ачкачылык акциясы деген эмне бул өзү?

- Митинг деген өтө таасирдүү акциялардын бири да. Ошончо эл көчөгө эмнеге чыгат, деги митингдер качан пайда болот? Ошол коомдон келип жаткан кабарды, коомдун муктаждыгын, мүдөөсүн бийлик укпай, укса дагы көңүл бурбай, алардын маселесин чечпей калганда гана пайда боло турган феномен да. Болбосо ошончо эл ачка-ток аянтка чыгышка куштар болуп жаткан жок да. Бизде дал ошондой жагдай түзүлбөдүбү. Анан бул кыргыздарда митингдерге кызыктай мамиле пайда болду да. Аянтка чыкканда эле же Конституцияны алып, же болбосо эле Ак үйдү алып тыныш керек да. Эгерде андай болбой калса митинг максатына жетпей калды, уят болуп таркашты деген маанай бар да. Чындыгында митингдин табияты башка да. Ошол чогулуп келген эл өзүнүн жазуу түрүндө болобу, же оозеки түрүндө болобу - талаптарын берип, бийликке жеткиргендигинде эле да. Болду андан башка митингдин эч кандай миссиясы да жок. Проблемалардын бар экендигин, ошол эл келип маанайын көргөзүп коюшта. Ошол талабын айтып кетсе болду.

- Мындан ары окуялар кандай өнүгөт деген ойдосуз? Мына бир вариантты айтышат: эгер паламент Алмаз Атамбаевдин сунуш кылган вариантын кабыл алса анда Атамбаев кайра Феликс Куловдун кейпин кийиши мүмкүн. Анан кайра бийликтин өзүнө ылайыктуу бир ортозаар премьер-министр келиши мүмкүн деген пикирлер бар?

- Кеп Алмаз Атамбаев кайда болот же Кулов кайда болот деген маселеде эмес да. Кеп адамдарда эмес, кеп системада. Ал эми жагдай болсо ар кандай багытта өнүгүшү мүмкүн. Маселен, бийлик митингден митинге гана жашап жатат. Улам бир митингди басып, коркутуп-үркүтүп таратса, баягы Манас жоону чапкандай болуп шапкесин көккө ыргытып сүйүнүшөт. Бирок митингдин негизги функциясы митингди таркатууда эмес. Өлкөдө болуп жаткан, ошол митингдерге түртүп жаткан жагдайды, кризистик проблемаларды олуттуу жана орчундуу деңгээлде чечүү. Мына ушул тууралуу ойлонуш керек.

- Маегиңизге ырахмат.

Маектешкен Кубат Оторбаев, Бишкек шаары

XS
SM
MD
LG