Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:10

АКҮЙДҮН АЛДЫНДАГЫ МУШТАШ БИЙЛИК ЧАГЫМЫБЫ ЖЕ ОППОЗИЦИЯ АЛСЫЗДЫГЫБЫ?


«Келечеги кең Кыргызстан үчүн» бириккен фронтунун митинги 14-апрель күнү УТРКга жүрүш жасап келаткан маалда өкмөт үйүнүн тушунан алар менен бир канча адам жаңжал чыгарышкан эле. Бириккен фронт тарап муну бийлик уюштурган чагым катары бааласа, расмий бийлик аны четке кагууда. Бүгүн парламент депутаттары ушул жана башка өлкөдөгү окуяларды жабык эшик артында талкуулап, Ички иштер министри Болотбек Ногойбаевдин маалыматын угушту.

Бүгүн парламент жыйынында өлкөдөгү акыркы чырлуу окуялар, анын ичинде 14-апрелде өкмөт үйүнүн тушунда болуп өткөн жаңжал тууралуу жабык эшик аркасында талкуу жүрүп, Ички иштер министри Болот Ногойбаев депутаттарга маалымат берди. Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султановдун ырасташынча, элди бири-бирине кайраштырган массалык маалымат каражаттары көп болуп жаткандыктан, депутаттар жыйындын жабык өттүүсүн каалашкан. Ошондой эле ал бүгүнкү талкуудан кийин эки тараптын кепке келүүсүнө жолдор ачыла баштаганын билдирди:

- Азыр позициялар кичине жакындай баштады. Менин оюмча азыр компромиске мүмкүнчүлүктөр ачыла баштады. Биз бир гана нерсени айттык. Ультиматумдук талаптарды эки тарап тең койбосун, оппозиция дагы, президент дагы.

Ал эми Ички иштер министри Болотбек Ногойбаев 14-апрелдеги жаңжал боюнча кылмыш иши козголгонун жана бул иш боюнча шектүү делип кармалгандар ар кандай жаракат менен ооруканада жаткандыктан тергөөгө мүмкүн болбой жатканын маалымдады:

- Азыр жанагы кармалган жигиттер ооруканада жатат. Булардын үстүнөн беш киши арыз жазыптыр. Булар да тигилердин үчтүнөн арыз жазышты. Арыз эми иш козгоп, бардыгын өз ордуна келтиребиз деп жатабыз. Тиги кишилер өзүнө келсинчи, алар ооруп жакшы боло албай атышат.

Ошондой эле ал бул мушташты бийлик уюштурбагандыгын жана милиция элди сабады деген сөздөрдөн оолак болуу үчүн жаңжалга атайын кийлигишүү болбогондугун баса белгиледи:

- Алар эми ары басышып, бери басышып, көчөдө болуп атышкандыктан өз арасында, ортосунда уруш чыгып кетип атпайбы. Биз ортосуна деле кирген жокпуз, кирсек анда чоң чатак чыгып кетмек. Анда милиция бизди урду деп айтып чыгышмак. Алардын өздөрүнүн коомдук иш менен алектенген адамдары шаардык бийликке митинг өткөрүү тууралуу арыз бергенде, коомдук тартипти өздөрү сактап алабыз дешкен. Сактап алышсын.

Айрым депутаттар бул окуяны чагым деп эсептөө туура эмес дешет. Маселен, депутат Санжар Кадыралиев, он беш, жыйырма адам эч качан миңдеген адамдарга каршы кол көтөрбөйт эле деген ойдо:

- Беш миң адамга жыйырма адам өзүнчө барып туруп тийише калбайт, бул өзүн-өзү өлтүрүүгө барабар.

Депутат Мелис Эшимканов бул жерде чагым болгондугу айдан-ачык деп эсептейт. Анын айтымында чагымды президенттин бир тууган иниси Жаныш Бакиев башында турган адамдар уюштурган:

- Албетте азыр министр деле билмексенге салат, бийлик деле билмексенге салат. Биз көзүбүз жетип турат. Бул жерде Жаныш Бакиевдин, Молдомуса Конгантиевдин жана Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Жусуп Жээнбековдун уюштурганын өтө деле кашкайтып далилдеп аракет кылыштын кереги жок.

“Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронтунун лидерлеринин бири Өмүрбек Абдрахмановдун айтымында, мушташ учурунда кармалган балдар бийликтин көрсөтмөсүн аткарып жатканын моюндашкан:

- Ошондо төртөөнү кармап келишпедиби. Алар айтышты, Жээнбеков бизди уюштуруп алып келген, ошол киши акча төлөп берген деп айтышты.

Ошентсе да Ички иштер министрлиги чагым чыгарды деп шектелип, учурда ооруканада жаткан адамдардын абалы жакшырышын күтүп жатышканын, алардын чындап чагым чыгарганы азырынча белгисиз экендигин айтышууда.

XS
SM
MD
LG