Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:54

МӨӨНӨТСҮЗ МИТИНГ : 19-АПРЕЛЬ ЧЕЧҮҮЧҮ КҮН БОЛОТ


Бириккен фронтту жактоочулар бүгүн түшкө чейин Жогорку Кеңештин алдына барып митинг өткөрүштү. Анда сүйлөгөндөр парламент төрагасын жана депутаттарды элдин алдына чыгып, митингдегилердин талаптарын угууга үндөштү. Бирок депутаттар чыгышккан жок. Түштөн кийин уланган митингде Мелис Эшимканов 19-апрелде чечүүчү чекит коюуга даярдык көрүлүп жатканын билдирди.

Митингдин катышуучулары парламент имаратынын жанына барышып, Конституцияны тез аранын ичинде реформалоону, Бириккен фронттун өкүлдөрүнө УТРКдан бир сааттык эфир берүүгө токтом кабыл алууну, спикерди жана депуттатарды элге чыгуусун талап кылышты. Бирок депутаттар чыгышкан жок. «Арнамыс» партиясынын түштүк аймагы боюнча координатору Бөдөш Мамырова болсо төрага Марат Султановду адилет, калыс болууга жана элдин үнүн угууга чакырды.

-Мен депутаттарды элдин алдына чыгуусун талап кылам. Шайлоонун алдында элге кандай убада бердиңер эле. Айткыла эми ошол убадаларыңарды. Мына, эли-журтуңар силердин жаныңарга келип отурат.

Ал эми митингдин катышуучусу Төлөн Коңурбаев депутаттардын митингге болгон мамилесине нааразы болуп, Азимбек Бекназаровго кайрылды.

-Мен Азимбек Бекназаровго кайрылат элем. Мындан беш жыл мурда жалпы карапайым элдин колдоосу менен сизди түрмөдөн бошотуп алганын эсиңизден чыгарбаңыз. Анын кесепетинен алты адам каза болгон. Эми болсо Бекназаров Курманбек Бакиевдин артынан ээрчип, эл алдына чыкпаганы уят.

Жогорку Кеңештин төрагасы, депутаттар элге чыкпагандан кийин, митингдин катышуучулары Алатоо аянтына кайтышты.

Милиция кызматкерлеринин айтымында парламент жанындагы митингге бир миңге чукул, ал эми бириккен фронттун өкүлдөрүнүн айтымында эки миңден ашуун адам катышты.

Түштөн кийин саат 15:00 тен өтүп калганда парламент депутаты Өмүрбек Бабанов аянттагы митингдин катышуучуларына келип, түндүк-түштүк болуп эки мамлекетке бөлүнүү коркунучу бар экендигин белгиледи. Ал Бакиев менен Атамбаев сунуштаган Баш мыйзам парламентте карала тургандыгын айтканда көпчүлүк эл ага суроолорду жаадырды. Митингдеги жаштар Бабановго нааразы болуп сүйлөтпөй коюшту.

Саат он алтыдан элүү минут өткөндө Борбордук Алатоо аянтында митинг улантылып, митингди алып баруучу Мелис Эшимканов бүгүн парламенттеги каралган маселелер, Нарын шаарында каза болгон Бектемир Акунов жана Фатьянова көчөсүндөгү түндөгү атышуу тууралуу кыскача маалымат берип, буларга токтолду.

-Эртең саат ондо кайрадан Жогорку Кеңештин алдынан жолугабыз. Түштө бул жерде тургандагыдан эки эсе эл көп чогулат. Эртең Нарын, Ысыккөл, Талас облусунун борборлорунда, Чүй облустарынын бардык райондорунда биздин талаптарды колдогондордун бардыгы облустук жана райондук администрациялардын жанына чогулушат. Эртең түштөн кийин саат төрттө бул жерге кылкылдаган эл келет. Анан бүрсүгүнү, эң негизинен 19-апрелде биз чечүүчү чекит койгонго даярданып жатабыз,- -деди Мелис Эшимканов.

Байкоочулардын айтымында, бүгүнкү 16-апрелдеги митингге алты, жети миң адам катышты.

XS
SM
MD
LG