Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:21

НУР ОМАРОВ: ОППОЗИЦИЯ ТАКТИКАЛЫК КАТАЛАРДЫ КЕТИРИП АЛДЫ


Кыргызстандагы саясий кырдаал тууралуу «Азаттыктын» суроолоруна саясат таануучу Нур Омаров жооп берди.

- Оппозиция коюп жаткан талаптардын келечеги кандай болот деп ойлоп турасыз?

- Эки божомолду айтууга болот. Биринчиси, президент оппозициянын бардык талаптарын таанууга, реалдуу реформаларга барууга, чукул президенттик шайлоого барууга, коалициялык өкмөт түзүүгө мажбур болот. Мындай сценарий митингдин башталышында айкын болчу. Азыр болсо ал ишке ашуу ыктымалдыгын жоготуп баратат. Бул оппозициянын бир катар кадамдарына, тактикалык каталарына жараша болуп кетти, менимче. Себеби, маалымат айдыңын ээлөө боюнча эч нерсе жасалган жок. Кандайдыр бир күжүрмөн акциялар, кыймылдар өтө аз болду. Ага жараша митинг ыргагын жоготуп алды.

Экинчи божомол, президент оппозициянын бардык талаптарына маани бербей коет. Оппозициячылар, фронтчулар айткандай жөн гана кырдаалды өз кызыкчылыгына буруу үчүн бул жараянды создуктурушу мүмкүн. Мындай сценарий албетте бар… Бирок, мен ойлоп турам, көп маселе парламенттин жүрүм-турумунан көз каранды. Эгер парламент президентти колдосо, оппозиция аны каалайбы-каалабайбы, активдүү аракеттерге өтүшү керек болот.

Эгер парламент ал редакцияны четке какса, оппозиция кошумча көзүргө, кошумча колдоого ээ болот. Мындай шартта президент реалдуу чегинүүгө барат.

- Реалдуу чегинүү дегениңизди кандай түшүнүүгө болот?

- Эми реалдуу Конституциялык реформа. Маңызы эмнеде? Азыр оппозиция президенттин отставкасы, Конституциялык реформа, ынтымак өкмөт түзүү деген талаптарды коюп атат.

Маселен, парламент президенттин жумушчу тобунун долбоорун четке какты деп коелу. Анда анын артынан эле оппозициянын долбоорун карашы керек болот да. Башкача айтканда Байболовдун долбоору жана Куловдун Конституциялык мыйзамы. Ал жерде президенттин бийлик укуктарын чектеген олуттуу механизм бар. Мындай жагдайда президенттин чукул кызматтан кетишине байланышкан маселе күн тартибине кирбей калат. Анткени, президент укуктарынын бир тобун жоготот. Башкача айтканда. Президент экономикалык, саясий, социалдык кырдаалга реалдуу таасир эте албай калат. Мындай жагдай оппозицияны канагаттандырат деп ойлойм.

- Бийликтин стихиялык алмашуу ыктымалдыгы барбы? Кандай карайсыз буга?

- Албетте, мен бул жөнүндө айттым, Оппозиция азыр митинг уюштурганы да жакшы болду. Анткени, элде мамлекеттин экономикалык, социалдык саясатына олуттуу нааразылык бар жана ал эртеби-кечпи жарылып кетиши мүмкүн. Оппозиция бул ыңгайда жөнгө салгыч (регулятор) болуп турганы жакшы. Ал ушунун бардыгына салыштырмалуу багыттуу, цивилизациялык мүнөз берип жатат. Ансыз мунун бардыгы баш аламан, примитивдик мүнөзгө ээ болмок.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG