- Бийлик менен оппозициянын тиреши, аягы бир жыйынтыкка келбесе да, чоң баш оорууну жарата турган окуя болот окшоп калды. Саясий жагдайды кандай деп баалайт элеңиз?
- Бул оппозициянын бир эле бөлүгүн, бир эле уучун көрүп турабыз. Ал болсо «Бириккен фронт». Эгерде ноябрдагы (2006-жылкы – Ред.) жыйындарда коррупцияга каршы туруу, системалуу өзгөрүүлөрдү талап кылган ураандарды көрсөңүздөр, бул жерде эки гана талап коюлуп, анан да пикирлер өзгөрүп жатат.
Негизи оппозициянын Кыргызстандагы ролу бийликке сын айтып туруп, конструктивдүү жол менен бийликте да, экономикада да өзгөрүүнү алып келүү. Албетте, булар 24-мартта болгон окуяларды уландысы деп ойлойм. Анткени, көп нерсе ишке ашпай калды, элдин биротобу нааразы.
Анан, көрүп турасыздар, бийликтин ичинде деле мурдагыдай эле ар кандай топтор бар. Булар бийликтин ичинде болгону менен эки жакка тең ойноп жатат. Антип эки жакка ойноп атышынын себебинен кырдаал оорлой баштаганда айрымдары кача баштады. К.Бакиевди колдойм дегендердин арасында да аркыл топтор бар. Алар өзүнүн ыңгайын күтүп жатат. Эгер кризис күчөп кетсе, алар К.Бакиевди таштап, өзүнүн оюнун ойнойт. Азыр деле ойноп жатат. Ушундан момундай жыйынтык чыгарса болот. Бийликте да, оппозициянын ичинде деле азыркы учурда бириккен бекем багыт жок.
- Бакыт мырза, бийлик менен оппозициянын мына ушул итжыгылыш күрөшү канчага созулушу мүмкүн?
- Мен жанагы оюмду аягына чыгарып коеюн. Парламент да ичара бөлүнүп кеткен. Менимче, революциядан кийин бийликке келген адамдар көрөгөч саясат жүргүзө албады, олуттуу иштерди жасай албады.
Революцияда эл парламентти таркатууну талап кылган. Бул парламентти А.Акаев өзүнүн жеке кызыкчылыгына ылайыктап түзгөн. Өзүнүн бийлик машинасынын бир бөлүгү катары жасаган. Анан бийликтегилер аны тараткандын ордуна сактап калды. Таратса болот эле. Шарт деле бар болчу.
Жалпы эл койгон талабынын ишке ашпай калганын түшүнүп эле турат. Убакыт өткөндөн кийин ал маселе оорлошуп кетти. Анан тандемдин түзүлүшүнүн эч кандай зарылдыгы жок болчу. Конституцияны бузуп, бекинип алып мамлекеттик жогорку кызматтарды өзара бөлүшүп алышып, анан ошол бекинип жасаган иштери бүткөндөн кийин шайлоого чыккан. Мунун кереги бар беле? Кыргызстанды удургуткан, өлкөнүн туруктуулугуна коркунуч келтирген бул экинчи себеп.
- Кыргызда «Эшегине жараша тушагы» дейт. Бийлик менен оппозициянын итжыгылышы кыйлага созулчудай. Себеп дегенде, өлкөнү кысталыш кырдаалдан кантип алып чыгуу тууралуу бийликтин ачык максат-мүдөөсү билине элек. Оппозициянын сердымагын болсо көрүп турасыз. Бийликти алсак эле баарын биз жасайт элек дегенден башкага жарай элек. Мындай шартта элдин жикке бөлүнүүчүлүгү оңой эле, анын айрым белгилери көрүнүп деле калды. Сиздин оюңузча, мурдагы тандемдеш К.Бакиев менен Ф.Кулов экөө тең мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүлсө ага катышпайбыз, деп бир пикирге келип, кысталыш кырдаалдан алып чыгып кетиши мүмкүнбү?
- Былтыр эле айтканбыз. Абалды оңдош үчүн сөзсүз коалициялык өкмөт түзгүлө дегенбиз. Эми аны жасаш үчүн сөзсүз эле көпчүлүк элди жыйнап көчөдөн туруп кысым жасаш керекпи? Биздин президенттин жасаган иштерин көрүп туруп айткым келет. Ал киши бир жээктен экинчи жээкке секирүү менен алек болуп калды.
А бирок, Ф.Кулов баштаган оппоненттеринин аракети деле түшүнүктүү да. Булар бийликти талашып жатышат. Ачык эле айтып коеюн. Тандем бузулгандан кийинки иши ушул. Эми булар бийликке келсе, эмне Кыргызстанда бир нерсе өзгөрүп кетет дейсизби? Макул, эки жыл ошол жерде премьер-министр болуп отурду. Бул аралыктын ичинде бир нерсени көрсөтсө болот беле. Биз ошонун жок дегенде бирөөн көрдүкпү?
Анан азыр болсо туугандары аралашып кеткенин айтып кыйкырып жатат. Учурунда ошол Жаныш Бакиевди мактап туруп ким жумушка сунуш кылды эле! Принципиалдуу болгондо мындай нерселер болбойт эле. Экөө тең Кыргызстанда тынчтыкты орното албайт. Экөө тең Кыргызстанды жакшы жолго салчу жолбашчы боло алышпайт. Ал эки жылдын ичинде көрүнүп калды. Мындан ары биз тынчыбайбыз. Ушундай улана берет. Ошондуктан экөө тең мындан ары эч бир президенттик шайлоого катышпай, жолтоо болбой, жаңы муунга жол бошотсо жакшы болот эле.
Кыргызстандын саясат талаасы азыр өзүнүн пикирин 180 градуска өзгөрткөн саясатчыларга толуп кетти. Учурунда айтылган ыраматылык атамдын бир жакшы сөзү эсимде калды. Адамдар арасында үч көз караш болот деди эле. Мисалы чычкандын көз карашы. Ал өзү отурган ийиндин ичиндегини гана көрө алат, анысы ийиндин кенен-тардыгына жараша болот. Ошол эле жер үстүндө жүргөн карышкырдын көз карашы. Көзү жеткен жердин баарын биле алат. Анан, албетте, үчүнчү көз караш – бүркүттүн көз карашы. Ал алыстан, бийиктен, баарын тегиз көрө алат. Жерде былк эткендин баарын, ошол эле чычканды көрө билет, карышкырдын эмне кылып атканын баамдап турат.
Мына биздин эл саны жагынан аз болгону менен акылы, философиясы жагынан терең элбиз. Бирок биз бир нерседен ката кетирип жатабыз. Акчага сатылбай, терең ойлонуп, көрпенделикке өзүбүздү алдырбай, туура бир кыймыл жасасак жакшы болот эле.
- Бакыт мырза, маегиңиз үчүн чоң ырахмат!