Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:36

11:30 Парламентте мушташ чыгып, оппозиция жыйынды таштап чыгып кетти


БИШКЕК. Буга жабык сессия учурунда пайда болгон чыр-чатак түрткү болгон. Депутат Мелис Эшимкановдун билдиргенине караганда, жабык сессияда 14-апрелдеги жаңжалдан тартылган видеотасма митингичилерге каршы монтаждалып жасалган жана ошол депутаттарга көрсөтүлдү. Анын айынан депутаттар ортосунда мушташ чыгып, натыйжада Кубатбек Байболов, Өмүрбек Текебаев, Мелис Эшимканов баштаган оппозиция лидерлери сессиядан чыгып кетишти. Видеотасманы жабык сессияда көрсөтүү демилгесин кечээ депутат Санжар Кадыралиев көтөргөн. 14-апрелдеги жаңжалды оппозиция бийликтин тарапкерлери атайы уюштурду деп жатышат. (BuS)

XS
SM
MD
LG