Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 04:25

БЕКТЕМИР АКУНОВДУН СЫРДУУ ӨЛҮМҮ БОЮНЧА КЫЛМЫШ ИШ КОЗГОЛДУ


Бириккен фронттун мурдагы саламаттык сактоо министри Накен Касиев баштаган тобу 15-апрелде Нарын шаардык ички иштер башкармалыгынын абагында жатып каза тапкан Бектемир Акуновдун өлүмүн иликтөөнү баштады. Анын сөөгү ага-туугандарынын жана Нарын облусунун бийлигинин өкүлдөрүнүн катышуусунда союлду

Маркум Бектемир Акуновдун уулу Урмат Акуновдун суроосу менен атайын Бишкектен белгилүү саясатчы Накен Касиев алгачкы медициналык текшерүүнү өткөрүүгө катышуу үчүн 16-апрелде Нарынга келди. Накен Касиев келгичекти Урмат Акунов жергиликтүү дарыгерлерге экспертиза жасатууга макулдугун берген жок. Атайын депутаттык териштирүүгө келген Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков буга макул болуп, бул күнү өз алдынча териштирүү жүргүздү. Кечки саат бештерге чукул Накен Касиев Бишкектен келип Нарын райондук моргдо жаткан Бектемир Акуновдун сөөгүн экспертиза кылуу башталды. Алгач ал жерде топтолуп турган туугандары маркумдун сөөгүн көрүп чыккан соң милиция кызматкерлери менен чатакташуу болду.

Аталган иш боюнча 16-апрелде кылмыш иши козголгондугун Нарын шаарынын прокурору Кеңешбек Токтомамбетов билдирди.

Өзүн Турарбек Осмоналиев деп тааныштырган адам Акуновдун сөөгү боюнча көргөндөрүн мындайча билдирди:

- Сыйрылган жерлери бар экен. Тизесинде тамтык жок. Башы көгала.

Дарыгерлер сөөктү кечки саат тогуздарга чейин карашты. Бүткөн соң Накен Касиев алгачкы экспертиза боюнча мындай пикирин билдирди:

- Биз, туугандары, шаардык прокурор, депутат Самаков болуп катышктык. Жыйынтыгы азыр гистология даяр эмес, алдын ала жыйынтыгы муунуу. Андан башка ички органдарында да бир топ шектүү нерселер бар экен. Боорунун эки жеринде жана денесинде көгалалар көп экен күч колдонулган, же физическое насилие деп коет. Ал изилдөө аркылуу билинет. Мээсинде, каракушунда да кан уюган жерлер бар, аны да кистология алды. Негизги өлүмдүн себеби деп алдын ала судмедэкспертиза мууну деп жыйынтык чыгарды. Бир демалыштын ичинде лабораториянын жыйынтыгы чыгат.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Карганбек Самаков Бектемир Акуновдун өлүмүнө мындайча баа берди:

- Бул иш боюнча азыр жасалган документтер, видеосъемка борборго жеткирилет, комиссия түзүлөт. Парламентте дагы талкууга алынат. Судмедэкспетизанын жыйынтыгын күтөбүз, бирок денесиндеги көгала боюнча бийликтин курмандыгы болгону көрүнүп турат.

Түнкү саат ондорго чукул чогулган материалдарды алып Карганбек Самаков Бишкекке жөнөп кетсе, маркум Бектемир Акуновдун туугандары өздөрүнчө, укук коргоо органдары да өздөрүнчө анализ алышып, Бишкекке лабораторияга барышмай болушту. Ал эми Бектемир Акуновдун сөөгү өзүнүн айылы Ортонурага алынып кетти.

XS
SM
MD
LG