Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:54

К. ТАЙТЕКЕЕВ: БИЙЛИК ОППОЗИЦИЯНЫН ТИЛИН АЛСА, ЭЛ ДА ТЫНЧЫЙТ ЭЛЕ


«Азаттыктын» маектеши Калыбек Тайтекеев –“Кыргызстанды сактоо” партиоттук кыймылынын аткаруу комитетинин жетекчиси.

- Сиз жетектеген “Кыргызстанды сактоо” патриоттук кыймылынын максаты эмне. Кыймылдын аты эмне үчүн “Кыргызстанды сактоо” деп аталган?

- Соңку жылдарда Кыргызстанда бир топ чоң-чоң саясий маселелер чыгып атат Кыргызстандын тагдырына байланышкан. Ошондон улам “Кыргызстанды сактоо патриоттук кыймылы” түзүлдү эле. Бул кыймылдын эң негизги максаты Кыргызстанга кай тараптан кандай кыйынчылыктар пайда болсо, ошолорго саясий баа берип, ар кандай иш чараларды өткөрүп, кыскасы өзүбүздүн пикирибизди билдирели деген максат менен түзгөнбүз Кыргызстанда азыр тышкы саясат тараптан болгон ар кандай коркунучтардын алдын алуу максатында. Азыркы базар экономикасында, чынын айталы, Кыргызстан бир топ тараптан алыс болгондуктан сырткы күчтөрдүн таасиринен аябай оор акыбалда калып атат.

Ошол эле Кытайдын, коңшу Казакстандын, Орусиянын экономикасынан артта калып атат. Ал эми саясий жактан караганда Америка, Тажикстан, Өзбекстан менен болгон мамилелерден улам бир топ чоң саясий, экономикалык проблемалар, маселелер пайда болуп атат. Бирок, ошолордун баарын алдын алып, жалаң эле бийликке, же айрым бир топторго ушул нерсени жүктөп койбой, биз да кыймылдын мүчөлөрү атайын иш чараларды кабыл алып, официалдуу түрдө ишке киришкенбиз, ошондон улам ушул кыймыл түзүлдү эле.

- Калыбек мырза, Россиянын белгилүү политологу Андраник Миграняндын 2005-жылкы революциядан кийинки учурда айткандары бар. Ал Кыргызстан экиге бөлүнүп кетиши мүмкүн, түндүк тарабы Казакстанга, же Россияга тийиши мүмкүн, ал эми түштүк тарабын болсо Өзбекстан өзүнө каратып алат деген пикир айткан эле. Сиз азыркы республикада абал өтө бейстабилдүү болуп турган чакта ушул коркунуч чындап эле кабыргасынан турат деп эсептейсизби?

- Чынын айтканда, саясий аналитиктер айтып атышат, Кыргызстанды экиге бөлүп кетиш керек деп. Башкаларга айтыш жеңил болсо, ал эми ар бир кыргыз үчүн ушул сөздү угуш, анын ичинде мен үчүн оор. Эгерде бөлүнөт деген сөз болсо, эгер Кыргызстан ушундай акыбалга келип калды, ушундай акыры болуп калат десе, анда ошол сөз үчүн ар бир кыргыз күрөшүш керек. Бул биз үчүн чоң трагедия болуш керек. Бул жөнүндө сөз да болушу мүмкүн эмес. Мен өзүмдүн элимдин патриоту катары, кыргыз катары айтайын, дегеле буга мен караманча каршымын.

Кыргызстандын бөлүнүшүнө шарт түзгөн, ошого жол берген адамдарыбызды аёсуз жазалаш керек. Башкалардын мындай айтканына, маани бергенине, анализ кылганына такыр жол бербешибиз керек. Ушуну дүйнөлүк коомчулукка көрсөтүшүбүз керек. Анүчүн ар бир кыргыз керек болсо эмнеси болсо да бериш керек, анын ичинде жанын болсо да берүүгө даяр болуш керек. Албетте, башка өлкөлөр үчүн бирөөнүн дүнүйөсүн, үйүн, же жерин бөлүштүрүш, же айтыш албетте жеңилирээк болор. Ал эми мамлекет болсо алакандай кыргыз ошого жол берип, ошого макул болгону үчүн керек болсо бизди укумдан-тукумга чейин кечирбейт. Ошондуктан мен буга караманча каршымын жана ушундай коркунуч турат дегенге мен дегеле ишенбейм.

- Сиз жетектеген кыймыл Бириккен фронттун мүчөсү болуп эсептелет. Айрым саясатчылар айтып атышат, Бириккен фронттун азыркы бийлик менен таймашып, эч кандай уступкага барбай турушу өлкөнү жиктеп жибериши мүмкүн деп. Сиз жетектеген кыймылдын ошол фронтко мүчө болуп турганы карама-каршы болгон жокпу. Сиз, Кудай анын бетин ары кылсын, Кыргызстандын ичинен жиктелип кетишине салым кошуп жаткан жоксузбу?

- Эгерде республикага жиктелип кеткенге жол берсек анда биз дагы, бийлик дагы чоң күнөөлүү болуп калабыз. Бардыгыбыздын кандайдыр бир деңгээлде күнөөбүз болот. Бирок буга бирден-бир эң негизги күнөөкөр бул бийлик болот. Оппозиция бийликке дайыма андай-мындай бол деп ар кандай сунуштарды берет. Аны аткара турган логикалык түрдө айтсак, бул бийлик болуш керек эле. Ал эми бийликти камчылап, чапкылап, өкүрүп, кыйкырып, бир жылда тынбай митинг кылып талап кылабыз. Бул өзүбүз үчүн эмес, эл үчүн, мамлекеттин өнүгүүсү үчүн дейбиз. Аны кылбай эле кайра тескери кетип экинчисин жасап атат бийлик. Анан келип мамлекет экиге-үчкө бөлүнөт, кыйын акыбал пайда болуп калды дешет.

Эгерде азыр оппозициянын айтканын миңдеген кишини көчөгө чыгартпай эле, бийлик тепкич, кадам-кадам менен ушунун баарын жасап койсо эл да, журт да тынч болмок. Саясий абалдын начардыгынан айласыздан ушуга келип атабыз.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG