Жогорку Кеңештин жабык жыйынында эки тасма көрсөтүлгөн. Биринчиси оппозиция тарабынан, экинчиси депутат Санжарбек Кадыралиев тарабынан сунушталган. Депутат Камчыбек Ташиевдин айтымында, депутаттарды Алатоо аянтында бир кишини сабап жаткан учурда төрт депутаттын ошол жерде туруп, эч кандай чара көрбөгөнү нааразы кылууда:
-Бир адамды колу-бутун байлап чыгышып, Алатоо аянтындагы трибунада урушкан. Ошол бала таяк жеген маалда Жогорку Кеңештин төрт депутаты карап турган. Алар ошого катышып турган. Бул депутат Байболов, депутат Эшимканов, депутат Сариев жана депутат Каныбек Иманалиев.
Оппозициялык депутаттар көрсөтүлгөн тасма боюнча пикир айтуудан баш тартты. Жалгыз Мелис Эшимканов буларга токтолду:
-Биздин коллегалар Бириккен фронттун жетекчилерин айыптап, ушундай ишти уюштурду, жөн эле бараткан спортчуларды сабоого жол берди деп жатышат.Ошентип өздөрүнүн жасалган тасмасын көрсөтүштү. Ошондон чатак чыгып кетти.
Белгилүү болгондой ишемби күнү профсоюздар үйүнүн алдында митингчилер менен бир нече бала мушташып кеткен. Оппозиция ал балдарды бийлик тарабынан уюштурулган чагымчылар деп атоодо. Алардын үчөөсүн кармашып, бирөөсүн Алатоо аянтындагы трибунага алып чыгып суракка алышкан.
Ички иштер министри Болотбек Ногойбаевдин билдирүүсүнө караганда, Алатоо аянтындагы окуяны прокуратура иликтөөдө.
Депутаттар мына ушундай пикир келишпестиктерге байланыштуу конституция маселеси боюнча отурумда сөз козгошкон эмес. Бирок депутат Камчыбек Ташиевдин айтымында, 30га жакын депутат көчөдө кысым көрсөтүүлөр токтотулмоюнча Конституцияны кароого катышпоо чечимине келишти:
-30 депутаттан турган депутаттардын тобу көчөдөгү ур-соккулар, тартипсиздик токтотулмайынча конституциялык реформа өткөрбөйбүз, ал ишке киришпейбиз деген чечимге келдик. Анткени элди көчөгө алып чыкандарга конституциялык реформа эмес, бийлик гана керек экени айкын болуп калды.
Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султановдун айтымында, Атамбаев сунуштаган долбоордун негизинде кеңешүүлөрдү жакынкы күндөрдө уланат.
- Азыркы кезде ал боюнча «Реформа үчүн» кыймылдын мүчөлөрүнүн бир бөлүгү да макул болууда. Ошондуктан Конституциялык соттун курамын толуктасак, андан кийин кезектеги кадамды жасайбыз,-деди Марат Султанов.