Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:11

ТЕРРОРЧУЛАРДЫ КАЙРА ТАРБИЯЛОО КЕРЕКПИ?


Бүгүн Кыргызстанда иш сапары менен жүргөн ЕККУнун террорчулукка каршы бөлүмүнүн башчысы Карл Уайкофф Адилет министри Марат Кайыповдун коштоосунда террорчулук кылгандыгы үчүн абакта жатышкан кылмышкерлердин абалын көрүп чыгышты. Уайкофф мырза Адилет минитсрлигин террорчу делип айыпталгандарды кайра тарбиялоо үчүн башка өлкөлөрдүн тажрыйбаларын пайдаланууга чакырды. Ал эми М.Кайыпов террорчуларды кайра тарбиялоо, бул көрүнүштүн жайылып кетүүсүн алдын алууга жардам берет деген ойдо. Айрым адистер Кыргызстандын мыйзамдары террорчулардын көбөйүшүнө шарт түзөт деп эсептешет.

Адилет министри Марат Кайыповдун айтымында бүгүнкү күндө Кыргызстанда жыйырмага чукул террорчу абакта жатат. Алардын бардыгы өлүм жазасына өкүм кылынганы менен маал-маалы менен буга мораторий жарыяланып келген. М.Кайыповдун ырасташынча, кийинки баш мыйзамда өлүм жазасы алынып ташталгандыктан, эми бул адамдарды кайрадан тарбиялоо зарылчылыгы келип чыкты. Андай болбогондо абакта отурган террорчулар өздөрүнүн ишенимдерин башка кылмышкерлер арасында да жайылтып жиберүү коркунучу пайда болмокчу. Анткени кыргыз абактарындагы шарт ошого жол берет. Ошол себептүү Адилет министри Марат Кайыпов башка өлкөлөрдөгү тажрыйбаларды пайдаланып, дин ишмерлерин тарбия иштерине тартууга шарт түзүп беришерин маалымдады. Мындай тажрыйбалар Египет, Марокко мамлекеттеринде пайдаланылган:

- Мусулмандар террорчулук жасашып, соттолгондон кийин аларга кадимки эле молдолор, имамдар барышып чынындагы ислам дининин максатын, маңызын түшүндүрүп бергенден кийин алар өздөрүнүн идеяларынан баш тарткандыгын айтып жатышат. Биз деле буга каршы эмеспиз. Эгерде биздин молдо-имамдарыбыз биздин түрмөдө отургандарга келип ошол эле ислам байрагын көтөрүп “биз халифат курабыз” деп террорчулук жасаган мусулмандарга өздөрүнүн окуусун айтып, талашып же аларга үйрөтөбүз дешсе биз каршы эмеспиз.

Ал эми ЕККУнун террорчулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы Карл Уайкофф Кыргызстанда террорчулукка каршы күрөшүү жаатында жылыштар бар экендигин айтып, мындай көрүнүштүн өсүшүнө коомдун экономикалык абалынын төмөндүгү таасир берерин баса белгиледи:

- Өткөн жылдын сентябрь айында Бириккен улуттар уюму террорчулук менен күрөшүү стратегиясын кабыл алды. Ал жакта террорчулуктун өсүп жатышына коомдун экономикалык абалы себепчи болуп жатканы айтылат. Мен Кыргызстан БУУнун мүчөсү катары эл аралык террорчулук менен күрөшүүгө активдүү катышып келатканын айтып коюшум керек.

Саясат талдоочу, Дин иштери боюнча агенттиктин мурдагы жетекчиси Жолборс Жоробековдун ырасташынча, мыйзамдардын чийкилиги да террордук уюмдардын Кыргызстанга келишине мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле ал буга Кыргызстандагы саясий олку-солкулуктар, элдин жардылыгы да шарт түзүп жатат деген ойдо:

- Азыркы биздеги тынымыз митингилер, ушул сыяктуу олку-солкулуктардын айынан улам радикалдык маанайдагы диний агымдар, уюмдар пайда болушу мүмкүнбү деген суроого, «албетте» деп жооп берет элем. Анын үстүнө биздин мыйзам ошого жол берерт. Дин агенттиги мисалы ар кандай диний уюмдарды мыйзамдуу түрдө каттаганга милдеттүү болуп атат. Анын үстүнө элдин жакырчылыгы, акчага алданып атканы да Буга себепчи болот.

Адилет минитрлигинин маалыматы боюнча учурда жыйырмага чукул террорчу түрмөдө жаткан болсо, алардын басымдуу бөлүгү өз күнөөлөрүн моюнга алышкан эмес. Алардын арасында Баткенде элге ок аткан, Бишкектеги Оберон базарын, Оштогу маршруттук таксини жардырган жана ушул сыяктуу бир канча адамдарды өлүмгө дуушар кылгандар бар.

XS
SM
MD
LG