Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:53

ЖЫЙЫРМА БИР ДЕПУТАТ КҮТҮҮСҮЗ ЖҮРҮШ ЖАСАДЫ


Жогорку Кеңештин айрым депутаттары конституциялык реформа токтоп, улам артка жылдырылып узартыла берсе, анда парламентти таркатуу керек деген демилгени көтөрүп чыгышты. Саясатчылардын баамында, эгерде Жогорку Кеңешти таркатуу сунушун жыйырма бештен ашуун депутат колдоп кетсе, өлкөдө саясий оор кырдаал түзүлүшү мүмкүн.

Шейшембидеги парламенттин жабык сессиясында бир катар депутаттар конституциялык реформа токтоп калса же узартыла берсе парламентти таркатуу керек болорун «Реформа» кыймылынын теңтөрагасы Темир Сариев «Азаттыкка» билдирди.

-Парламентте жабык сессия болуп, бүгүнкү маселелерди талкууладык. Ошондон кийин биртоп депутаттар чогулушуп, эгерде конституциялык реформа токтоп калса, конституциялык реформа болбосо, ушундай эле узара берсе «анда биз президентти дагы, парламентти дагы мөөнөтсүз, кезексиз шайлоого барышын сунушташыбыз керек»,- деп айтылды.

Жогорку Кеңешти таркатуу сунушу парламентте козголгонун айрым депутаттар 17-апрелдеги митингде элге жарыялашты. Депутат Болот Шерниязов өлкөдөгү оор кырдаалдын түзүлүшүнө парламент дагы күнөөлүү деген оюн айтты.

-Бүгүн Жогорку Кеңеш кыргыз элинин биримдигине, кыргыз элинин келечегине, экономикасына «тормоз» болуп калды. Ошондуктан президент менен парламент дагы отставкага кетиши керек. Баардыгыбыз кетели. Кеткенде дагы элден кечирим сурап туруп кетели, - деди Болот Шерниязов.

Парламентти таратуу демилгесин 21 депутат колдоп чыкканын депутат Осмонбек Артыкбаев билдирди.

-Ушул өлкөдөгү экономиканын күндөн күнгө төмөн түшүп, социалдык оор жагдай түзүлгөнүнө, саясий кырдаалдын курчушуна Бакиев менен катар парламенттин дагы күнөөсү бар деп эсептейбиз. Ошондуктан өлкөнүн туруктуулугу үчүн, мамлекеттин бакубаттулугу, өсүүсү үчүн Бакиев менен парламент дагы отставкага кетсин деген талап койдук. Бул демилгени жыйырма бир депутат колдоп жатат.

Ал эми Темир Сариев парламентти таратуунун жобосу так чечиле электигин, бул маселени реформачыл депутаттар тыкат караштырып, талкуулашкандан кийин бир чечимге келишерин билдирди.

Саясат таануучу Зайнидин Курмановдун пикиринде, парламент өзүн өзү таркатуу идеясы саясаттагы бир ыкма.

-Азыр жыйырма бир депутаттын демилгеси бир жактуу өтпөй турган сунуш. Мен ойлоп атам, парламент кала берет, жумушун аткара берет. Мен тарыхчы катары айта турган болсом, өзүн өзү таркаткан дүйнө жүзүндө бир дагы парламент жок. Ошондуктан бул саясаттагы бир ыкма болуш керек,-деди Зайнидин Курманов.

Айрым саясатчылардын көз карашында, эгерде жыйырма беш депутаттан ашууну парламентти таркатуу демилгесин колдоп кетсе, өлкөдө саясий оор кырдаал түзүлүп, мамлекетте баш аламандык пайда болушу мүмкүн. Алардын баамында учурдагы саясий кырдаалдан чыгуунун бирден бир жолу бийлик менен оппозиция сүйлөшүүгө барып, кандай маселе болбосун бир пикирге келип, майнаптуу жыйынтык чыгаруулары зарыл.

XS
SM
MD
LG