Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:32

БОЛОТ ШЕРНИЯЗОВ: «БАКИЕВ КЕТСИН!» ДЕГЕНДЕН «БААРЫБЫЗ КЕТЕЛИ» ДЕГЕН УРААНГА ӨТТҮК


Конституциялык реформа создуктурулуп жатканына байланыштуу депутаттардын бир тобу өлкөнүн туруктуулугу үчүн, президент дагы, парламент дагы кызматтан кетиши керек деген сунуш демилге менен чыгышты. Азыр бул демилгени колдогон депутаттардын саны 21 ге жетип калды. Ушул демилгени көтөрүп аткан депутаттардын бири Болот Шерниязов “Азаттык” менен маектешти.


- Сиз парламентти таркатуу керек деген депутаттардын катарындасыз. Парламенттин өзүн-өзү таркатуу процедурасы аныкталганбы?

- Процедурасы регламентте аныкталган, Конституцияда да жазылган.

- Аныкталса ал кандай өтөт?

- Парламентти таркатыш үчүн депутаттардын жалпы санынын үчтөн экиси макул болушу керек.

- Андан кийин кандай кадамдар жасалат?

- Бул аргасыздан болуп аткан маселе болуп атат. Эки жылдан бери көрдүңүздөр Кыргызстан саясий кризистин сазынан чыга албай койду. Буга президент, өкмөт, парламент күнөөлү деп бири-бирибизди күнөөлөбөй жоопкерчиликти чогуу алып, бардыгыбыз кайра шайлоого барышыбыз керек. Биз президент Бакиев кетсин деген ураанды барыбыз кетели деген ураанга алмаштыралы дегенбиз.

- Эгерде президент дагы, парламент дагы таркап кетти дейли, анда өлкө башчылыгына эч ким калбай жатпайбы. Бул башаламандыкты түзүшү мүмкүнбү?

- Жок, эч кандай башаламандык болбойт. Кайра бул өлкөнү стабилизацияга алып келет деп ойлойм. Анткени таркар алдында президент дагы, парламент дагы кайсы жол менен таркайбыз, шайлоо качан болот, бардыгын тактап туруп анан ошол жолго барат.

- Азыр өзүн-өзү таркатуу маселеси күн тартибине коюлушу мүмкүнбү?

- Ар кандай депутаттык топтор өздөрүнүн оюн айтып атышат. Мына 32 депутат кол койду деп башка топту айтып атасыздар. Бул жерде экөө байланышкан, парламенттин кайра шайлоого барышы менен президенттин дагы кайра шайлоого барышы.

- Депутаттардын таркоо демилгесин айрым байкоочулар саясий оюн, саясий тактика катары баалап жатышат. Мисалы, бул жөнүндө кечээ саясий таанучу Зайнидин Курманов да билдирди. Сиз буга эмне дээр элеңиз?

- Саясий оюндардан чарчап бүттүк. Депутаттардын таркатылышы бул реалдуу нерсе. Бирок биз парламентти таркап кетпей, чогуу элдин алдына чыгалы деп атабыз. Президент дагы, парламент дагы кайра дагы бир жолу элдин элегинен өтөлү деп атабыз.

- Парламентти таркатуу маселеси азыр көтөрүлүп отурат кайрадан. Мындан эки жыл мурда чыккан демонстрация менен митингдер март революциясынын учурунда да ушул парламенттин айрым мүчөлөрү мыйзамсыз жол менен парламентке шайланышты деген себеп менен башталган эле. Сиз анда кандай пикирди кармандыңыз эле. Анда парламентти таркатууну колдонуңуз беле?

- Парламентти таркатуу сиз айткандай март окуяларында бирден бир талап болчу. Бирок парламент өз күчүн жумшады ошол убакта укуктук талаага киргенге. Эми азыркы убакытта мен ойлойм парламент кандайдыр мындан ары мамлекеттин өсүшүнө, өнүгүшүнө тоскоол боло турган күчкө айланып баратат деп.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG