Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:58

АКШ КЫРГЫЗСТАНДА ЖААТТАШКАН КҮЧТӨРГӨ АРАЧЫЛЫК КЫЛБАЙТ


Кошмо Штаттары Кыргызстанда жаатташкан саясий күчтөргө арачылык кылуу ниетин көздөбөйт. Бул жөнүндө Кыргызстанда иш сапары менен жүргөн АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Эван Фейгенбаум билдирди. Анын айтымында, АКШ өлкөдө болуп аткан каршылык акцияларды каржылабайт жана андай максаты да жок.

АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысынын орун басары Эван Фейгенбаум Кыргызстандагы саясый кризис мыйзам чегинде жана тынчык гана жолу менен чечилишин колдойт:

-2005-жылы кыргыз эли өлкө башчысы катары Курманбек Бакиевди шайлады. Ал эми азыр болсо Кыргызстанда мамлекеттин мындан аркы келечеги тууралуу сөз болуп жатат. Саясый талашка катышкан бардык тараптарга тең биздин жообубуз бир. Биз аларды бул талаштарды тынчтык жолу, мыйзам чегинде жана Конституциялык талаптардын негизинде чечүүгө чакырабыз. Кыргызстандын келечеги кандай болот- аны кыргыз эли гана тандайт,-деди Эван Фейгенбаум.

АКШнын өкүлүнүн айтымында, Кошмо Штаттары Кыргызстанда демократиянын өнүгүү процессин кылдаттык менен байкап турат:

-АКШнын Кыргызстанга жана башка Борбор Азиялык өлкөлөргө карата саясаты - көз карандысыздыгына жана суверендүүлүгүнө колдоо көрсөтүү. Алардын бири экономикалык жардам көрсөтүү болуп саналат.

Еван Фейгенбаум ошондой эле Кыргызстандын саясый өнүгүүсү жана экономикалык проблемалар өлкөнүн башкы көйгөйлөрүнүн бири экенин кошумчалады. “Буга өлкөдө болуп аткан учурдагы кырдаал далил болуп берет”,- дейт Эван Фейгенбаум.

Массалык маалымат каражаттарынын эркиндиги боюнча сөз кылып, бул жаатта акыркы кездерде айрым жетишкендиктер бар экенин белгиледи. Мисалы катары Эван Фейгенбаум Кыргызстандын МТРКны Улуттук телекөрсөтүүгө айлантуу чечимин айтты.

Кыргызстан учурда ушундай курч абалды башынан өткөрүп аткан кезде АКШнын расмий өкүлүнүн келишинин чыныгы себеби боюнча ар кыл пикирлер айтылууда. Мурунку тышкы иштер министри, саясатчы Роза Отунбаева ушундай жагдайда АКШнын Кыргызстанга байланыштуу бир гана кызыкчылыгы бар болушу мүмкүн деген пикирде:

- Акыркы убакта орусиялык маалымат каражаттарында аналитикалык макалалар жарыяланып жатат. Анда Фейгенбаум мырза атайын келип, Кыргызстандын ички иштерине кийлигишип атат, Америка өзүнүн жеке кызыкчылыгын карап атат, дегенге мен таң калам. Американын бир гана кызыкчылыгы бар болушу мүмкүн - бул “Манас” авиабазасы. Анткени бизде чатак болуп, кырдаал күчөп кетсе бул абамайданга да терс тасирин тийгизет. Мындан башка Американын эч кандай кызыкчылыгы жок.

АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү Эван Фейгенбаум Бишкекке 15-апрелде келген, дагы 2 күн болмокчу. Бул Еван Фейгенбаумдун Кыргызстанга экинчи сапары.

 

XS
SM
MD
LG