Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:39

АКҮЙ АЛДЫНДАГЫ ЖАҢЖАЛ: КИМ КҮНӨӨЛҮҮ?


Ички иштери министрлигинин башкы тергөө башкармалыгы 14-апрель күнү акүйдүн тушунда болуп өткөн жаңжалга байланыштуу үч кылмыш ишин козгоду. Кылмыш ишинин биринчиси жабыр тарткан 5 митингчинин арызы боюнча 14-апрелде козголгон. Экинчиси, 15-апрелде митингчилер тарабынан сабалгандыгын айтышкан үч адамдын арызы боюнча, ал эми үчүнчү кылмыш иши чагымчылар деген негиз менен токмоктолгон эки адамдын арызы боюнча 16-апрелде козголгон. Бириккен фронттун мүчөлөрү муну бийлик тарабынан уюштурулган чагым катары баалап жатышат. Бирок, расмий бийлик мындай билдирүүлөрдү четке кагууда.

ИИМдин башкы тергөө башкармалыгынын жетекчиси Кырккелди Кыдыралиевдин ырасташынча, учурда бул иш боюнча кайсы бир тарапка тартпай, калыс түрдө тергөө иштери башталды. Бирок, буга борбордук аянтта турган митингчилер анча ынабай турушат. Бириккен фронт кармалган балдардын криминалдык чөйрөлөргө байланыштары бар экендигин моюндарына алышканын, ал учур тасмага тартылганын, күбөлөр да бар экендигин айтышууда. Ошентсе да ИИМ мындай маалыматтын туура эмес чыккандыгын ырастады. Бул тууралуу ИИМдин башкы тергөө башкармалыгынын башчысы Кырккелди Кыдыралиев мындай дейт:

- Бүгүнкү күндө тегөө иштеринин жыйынтыгы боюнча бул адамдардын кандайдыр бир кылмыштык чөйрөгө тиешеси бардыгы такталган жок. Үчөөнүн бирөө да мурда милиция органдарына алынып келинбеген. Мурда соттолду деген нерсеси жок.

Ошондой эле ал бул кылмыш иштери боюнча бардык күбөлөргө тергөөчүлөр кайрыла тургандыгын, мыйзам алдында бийлик адамыбы, депутатпы бардыгы бирдей экендигин билдирди:

- Бизге бардыгы мыйзам алдында бирдей. Жөнөкөй инсан болобу, мамлекеттик кызматкер болобу, депутатпы, бардыгы биз үчүн бирдей. Эгерде алар ошол жерде күбө болуп калышса, албетте биз аларга кайрылабыз. Бизге күбөлүк көрсөтмөлөрүн беришсин.

Ошентсе да Бириккен фронт уюштурган митингдин коопсуздугун карап жаткан милициянын ардагерлери алар тараптан эч кандай өзүмбилемдик болбогондугун, тескерисинче ошол спортчуларды милиция коштоп келгендигин айтышууда. Эс алуудагы милициянын подполковниги, Бириккен фронттун мүчөсү Асан Абдылдаев мындай дейт:

- Милициянын ардагерлери тарабынан эч кандай өзүмбилемдик болгон жок. Бул жерде митинг болуп атканда тескерисинче кайра милициянын машинелеринин коштоосунда ошол спортчу балдар келип, элге кол салышкан. Кармалган балдардын бирөө өзбек улутундагы жигит экен. Жалалабаддагы «Черный Айбек» деген кылмыш дүйнөсүнүн төрөлөрүнүн биринин баласы экен. Өзү мага ушул жерде туруп айтты. «Чагым чыгарганы келдиңерби» деп сурасак, «ооба, чагым чыгарганы келгенбиз» деп мойнуна алды. Буга күбөлөр бар, тасмага бардыгы тартылган.

“Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронтунун мүчөсү, депутат Мелис Эшимканов бул жаңжал тууралуу милиция өзүмбилемдик деген кылмыш ишин ачып, айрым депутаттардын аларды айыптап чыкканы туура эмес:

- Эч кимди эчким сабаган эмес. Билесиңер да, элди аралап өтүп атканда тиги балдарга жини келген эл бирөө артынан, бирөө бурчунан акырын-акырын уруп атышкан. Анан өзүңөр ойлосоңор, сен бир жумадан бери тынчтык митингисин откөрүп атасың дейли, бир жерден биз тартип буздукпу? Унчукпай эле бизге конституцияда берилген өзүбүздүн демократиялык укуктарыбыз менен сүйлөп аттык. Муштумду чыгарган ушулар, анан кечирип койгула, боозуп алып энесин коркуткан кыздай болуп кайра бизди коркутуп атышат да. Буларга тийбешиңер керек болчу деп. Биз буларды кучактап өөп, кечирип койгула деп узатып коюшубуз керек экен да.

XS
SM
MD
LG