Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:12

КОНСОТТУН СУДЬЯЛЫГЫНА ТАЛАПКЕРЛЕР СУНУШТАЛДЫ


Конституциялык соттун судьялыгына эки талапкер Жогорку Кеңешке шаршемби күнү сунушталды. Буга чейин президент тарабынан дагы бир талапкер көрсөтүлгөн эле. Бирок парламенттин сот-укуктук реформа боюнча комитети шаршемби күнү кворумдун жоктугуна байланыштуу судьяларды дайындоого макулдук берүү маселесин карай алган жок.

Кыргызстандын Конституциялык соту 9 судьядан турат. Учурда алардын алтоосу иштеп турат. Соттун иши жүрүш үчүн, башкача айтканда кворум болуш үчүн кеминде жети судья болуш керек. Мына ошондуктан президент тарабынан конституциялык соттун судьялыгына Светлана Сыдыкованын талапкерлиги буга чейин көрсөтүлүп, бирок ал парламент тарабынан көп убакыттан бери каралбай келген. Жогорку Кеңештин төрагасы 16-апрелдеги жыйында буларды белгилеген:

-Менде сунуш бар, мен бүгүн президентке кайрылайын дагы эки талапкерди берсин. Эгерде үчөө болсо жок дегенде бирөө-экөө өтөт. Анан жалгыз талапкер кокустан өтпөй калса дагы биз күнөөлүү болуп калабызт.

Мына ушундай кайрылуудан кийин президент Конституциялык сотко дагы эки талапкерди сунуштады. Ал тууралуу Жогорку Кеңештин сот-укуктук реформалар боюнча комитетинин төрагасы Алишер Сабиров 18-апрелде маалымдады:

-Ооба бүгүн талапкерлер жөнүндө сунушту алдык. Алар Мактым Калимбетова жана Өмүрзак Мамыров. Эми 19-апрелде маселени кароого киришебиз. Ага чейин бардык материалдар даяр болуп калат.

Парламенттин сот-укуктук комитети шаршемби күнү судьялардын талапкерлигин карай алган жок. Буга кворумдун жоктугу себеп болду. Эми бейшемби күнү комитет маселени кароого аракет кылмакчы. Мүмкүн палатанын жыйынынын алдында комитет жыйын курат, же түштөн кийин маселе каралат.Мындай болгондо парламенттин Конституциялык соттун судьяларын дайындоого жума күнү киришүүсү күтүлүүдө.

Конституциялык соттун мурунку судьясы, азыркы юстиция министри Марат Кайыповдун маалымдоосуна караганда, Конституциялык сотто жети мүчө болсо ал ишке кирише алат. Бирок Курманбек Осмоновдун жана анын өзүнүн парламенттик шайлоого байланыштуу Конституциялык соттон кетүүсү, андан кийин бир судьянын каза болушу Конституциялык сотто кворум жетишпестиги жөнүндө маселесин пайда кылды.

Конституциялык соттун судьялары шайлангандан кийин алар премьер-министр Алмаз Атамбаев башында турган жумушчу топ иштеп чыккан «конституцияга өзгөртүү жана кошумча киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун кароого кирише алат. Кароонун мөөнөтү жана Жогорку Кеңеште шайлоонун тартиби тууралуу юстиция министри Марат Кайыпов буларды белгиледи:

-Судьялар жөнөкөй көпчүлүк менен шайланат. Шайланаары менен эле ошол жерден ант берип койсо болот. Андан кийин барып иштей берет. Иштеп атканда эгерде конституциянын долбоору түшсө, аны кароого Конституциялык сотко алты айга чейин мөөнөт берилет. Сот корутундуну бүгүн, же эртең, же алты айдын ичинде чыгарышы мүмкүн .
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG