Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:45

ООГАН ЖУРНАЛИСТТЕРИ ДЕМОНСТРАЦИЯГА ЧЫГЫШТЫ


Кабулда жүздөн ашуун журналист парламенттеги айрым депутаттардын коштоо-колдоосу менен кечээ жергиликтүү полициянын аракеттерине нааразылык билдирип, демонстрация өткөрүштү. Андан бир күн мурда элүү чакты полицмен жеке менчик телеканалдын кеңсесине кирип барып, кызматкерлерди одоно ыдыкташкан, үч журналистти кармап кетишкен. Бул окуяны Кабулдагы кабарчылар корпусу бийликтердин сөз эркиндигине каршы жасаган жапырыгы катары айыпташты.

Жекеменчик Толо ТV каналы өлкөнүн башкы прокурору Абдул Жабар Сабеттин Кабулдагы маалымат жыйынынан эпизоддорду көрсөтөт. Башкы прокурорго айрым жагдайлар жакпай калат, ошондон улам сөздөрүмдү бурмалады деген шылтоо менен кабарчы Хамид Хайдарини прокуратурага чакыртат. Ал келбеген соң, полициянын отрядын жөнөтүп, кабарчыны кармап келүүнү табыштайт. “Мен болгону бу журналист мырзадан өз кабарын ага кине койбогудай кылып оңдоп коюуну сурангым келген эле, анткени биз басма сөз менен чатакташкыбыз келбейт”,- деп айтты башпрокурор полициянын аракетин актап.

Толо ТV каналынын жетекчилиги кабарчынын репортажында башпрокурордун айткан-дегени бурмаланбагандыгын тастыктады. Ал эми полициянын рейдин мыйзамга ылайык келбеген одонолук катары баалады. Конституциянын эрежелерине ылайык, соттун токтому же көрсөтмөсү жок эч ким менчик жайларга кире албайт, дешти алар. Полиция болсо талиптердин уюгуна катылгандан бетер жапырык жасап, кызматкерлерге кол тийгизип, көпкө чейин кармап туруп, анан кое беришти. Үчөөнү кармап кетишти.

Кармалгандардын бири полиция кабарчыларды автоматтын кундагы менен койгулап, ичке-бетке муштап, тепкиге алганын, үч адамды кошоктоп, прокуратуранын кеңсесине айдап келгенин айтып берди. Бул окуяны имараттын сыртынан байкап-багып турган Ассошейтед пресстин төрт кабарчысын да кармап кетишкен.

Журналисттердин кечээги көчө маршына кошулган парламент депутаты Шүкриа Баракзай полициянын жоругун айыптады. Полиция мыйзам бузганын ырастап, депутат айым муну ооган журналисттерине каршы жасалып жаткан чоң зобун-зомбулуктун чакан гана мисалы таризде мүнөздөдү. “Сөз эркиндигинин душмандары өкмөткө каршы чыккандар эле эмес, негизгиси - биздин өкмөт да сөз эркиндигине каршы, анткени алар маалымат каражаттары айтып,көрсөтүп жаткан чындыктан коркушат”,- деп билдирди депутат Баракзай. Журналисттердин нааразылык акциясына кошулган башка депутаттар да башкы прокурор менен полициянын мыйзамсыз ишин айыпташты.

Башкы прокурор болсо телеканал полициялык рейддин масштабын атайылап апыртып жатат деп эсептейт. Бирок ал журналисттерге полицмендердин колу тийгени үчүн кечирим сурап, бул ишти териштирип чыкканга убада берди.
XS
SM
MD
LG