- Митингге бүгүн канча киши катышат деп божомолдоп жатасыздар?
- Биздин көз карашыбызча митингге бүгүн деле кечээки келген адамдар келет. Кечээ болжол менен 25 миңдин тегерегиндеги адамдар келишти.
- Митингдин, оппозициянын максаты өзгөрдүбү. Максаты азыр кандай?
- Мындан төрт күн мурда фронттун жетекчиси Кулов өзүнүн заявлениесин жасаган. Ал айткан биз буга чейин күтүп отурдук, азыр эч нерсе өзгөргөн жок, ошон үчүн президенттин отставкасын талап кылабыз деп. Бул талапты “Реформа үчүн” кыймылы дагы жана оппозицияда жүргөн адамдардын бардыгы колдогон.
- Сиз кечээ митингде сүйлөгөн сөзүңүздө президент Курманбек Бакиев митингчилер менен сүйлөшүүсү керек деп билдирдиңиз. Сиздин пикириңизче оппозиция менен бийлик мунасалуу бир пикирге келе алабы?
- Менин оюмча оппозиция менен бийлик бир пикирге келиши бул бир эле оппозиция талап кылган нерсе эмес. Бул биздин мамлекетибиздин, элибиздин кызыкчылыгы. Эгерде мамлекет башчыбыз азыркы кризистик абалды түшүнбөй жатат. Анткени аянтта күндүзүгү 5-6 миң адамга чейин туруп атат, ушул аз эл экен деген ойдо эске албай, эч кандай чечим кабыл албай турган болсо, кризис мындан ары да уланат дагы, кандайдыр бир убакыттан кийин радикалдуу, эч кандай сүйлөшүүгө барбаган оппозицияга айланышы мүмкүн. Менин оюнча бүгүнкү күндө али да болсо мүмкүнчүлүк бар сүйлөшкөнгө. Мен ойлойм мамлекет башчыбыз, бийлик али да болсо акылынан ажырап, өздөрүнүн элинин талабын моюнга албай коё турган убакка келе элек болуш керек деп.
- Президент Бакиев митинг башталаардан мурда оппозиция менен бирге өкмөт түзөйүн деди эле. Оппозиция буга кирбей койду, ал эми кайра президент менен сүйлөшүү керек деп жатасыздар муну кандай түшүнсө болот?
- Мурдагы оппозиция тараптан коалициялык өкмөт түзүлсүн деген сунуш эч кандай ишке ашкан жок. Анткени жалгыз эле Атамбаев мырзанын өкмөткө барышы бул оппозициянын бардыгы макул болуп же оппозициянын атынан коалициялык өкмөт түзүлдү дегенди билдирбейт. Азыр көрүп атасыңар, андай коалициялык өкмөт түзүлгөн жок. Атамбаевден башка ал жерде бир дагы оппозициянын мүчөсү жок. Чынында эле коалициялык, же эл ишенген өкмөт түзүлө турган болсо, ал кандайдыр бир кадамдардан кийин жасалышы керек. Мисалы, бүгүн-эртең конституциялык реформа боло турган болсо, элдин кызыкчылыгында албетте, баягыдай көз боёмологон, эптеп-септеп, кыргызча айтканда чампаланган Конституция эмес, чынында эле оппозициянын, бийликтин көз карашына кандайдыр бир деңгээлде жана жалпысынан мамлекеттин кызыкчылыгына жооп берген Конституция жаралса, андан кийин гана эл ишенген өкмөт түзүлүп, ошол Конституциялык реформаны жылдырганга мүмкүнчүлүк бере ала турган өкмөт келгенде гана ошондо оппозициянын мүчөлөрү коалициялык өкмөткө барат деген ишенич бар.
- Сиздер айтып атасыздар, улуттук ынтымак өкмөтүн түзөлү деп. Эгерде президент Бакиев кызматтан кетсе мисалы, улуттук ынтымак өкмөтү менен азыркы парламенттин колунан келеби ушул конституциялык реформаны жүргүзүү?
- Менин көз карашымча президент Бакиев бүгүн эле, же эртең кызматтан кетиши реалдуу нерсе эмес. Биз реалист болушубуз керек. Азыркы күндө оппозициянын талап кылганы биринчи кезекте конституциялык реформа өтсө, андан кийин эл ишенген өкмөт келсе, Бакиев же бийлик мурдагыдай эле болуп оппозицияны дагы, элди дагы алдап кеткенге мүмкүнчүлүк бербей турган кандайдыр бир рычагдарды издеп атабыз.
-Ырахмат.