Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:10

БАГДАДДА ТЕРРОРДУК ЧАБУУЛДАРДАН ЭКИ ЖҮЗГӨ ЧУКУЛ КИШИ ӨЛДҮ


18-апрель күнү Багдаддын Садрия районундагы базарда болгон террордук чабуулдардан 140ка жакын киши набыт болду. Шаардын башка бөлүктөрүндөгү чабуулдарда дагы 60 чакты адам өлдү. Бул - АКШ башындагы күчтөр февраль айында Багдадда антитеррордук операцияларды баштагандан берки эң чоң кызыл кыргын. Ирактагы курч кырдаал саясый эрегишүү менен да коштолууда. Апта башында радикал диниятчы Моктада Садрдын парламенттеги тарапкерлери өкмөттөгү мүчөлөрүн чакырып алган.

Багдаддын шиит калктуу Садирия районунда шаршемби күнү болгон бомба чабуулун АКШнын Коргоо Министри Роберт Гейтс ирактыктар арасындагы элдешүүнү токтотуу аракети деп сындады:

- Жүрөктүн үшүн алган бүгүнкү алаамат окуялар дагы бир нерсени ачык көрсөттү. Террорчулар бейкүнөө ирактык адамдарды, аялдарды, балдарды жана өз мекендештерин өлтүрүшүүдө. Бул кыянаттыктар алардын элдешүү жараянын токтотууга жанын сабап аракет кылып жатканын айкын кылды.

Садириядагы азык түлүк базарында автомобилге коюлган бомбадан 140ка жакын адамдын өмүрү кыйылды. Кандуу алааматтан бир сааттай мурда Багдадга улагалаш Садр шаарындагы аскерий бекетте жанкечти жардырган бомба 35 кишинин өмүрүн алган. Садрда да негизинен шииттер жашайт. Андан тышкары да Багдадда түрдүү чабуулдардан дагы 13 кишинин каны төгүлдү.

Роберт Гейтстин айтымында, 18-апрелдегидей кызыл кыргындарды болтурбоо үчүн Ирак өкмөтү шииттер менен сунниттерди элдештирүүнү тездетүүсү лаазым.

Ирактын премьер- министри Нури Малики 200гө жакын адамдын өмүрүн алган чабуулдун артында “шайтандын желдеттери” турат деп, Садирия районундагы коопсуздук үчүн жооптуу аскерлердин командирин камакка алууну буйруду.

Шаршемби күнкү террордук чабуул февралда Багдадга кошумча аскер тартылып, коопсуздук чаралары күчөтүлгөндөн берки эң чоң кыянаттык болду. Ага карабай, ордо шаарда дээрлик күн сайын кандуу зобундар кайталанууда. Ал эми карапайым эл: Эмне үчүн жазыксыз адамдар өлүүдө? деген суроо тынчсыздандырат. Садириянин базарындагы жардыруудан кийин айласы кетип турган Ибраим деген жигиттин боздоп айтып турганы:

- Биз кыяматтын жана кызыл кыргындын токтотулушун каалайбыз. Бул бечаралардын эмне айыбы бар? Алар кимди бутага алууда? Биз алардын бутасын билгибиз келет! Террорчулар кимди бутага алышкан? Мына бул бечаралардыбы, аялдар менен балдардыбы?

XS
SM
MD
LG