Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:35

КОНСТИТУЦИЯ БОЮНЧА СҮЙЛӨШҮҮЛӨРДҮН ҮЗҮРҮ ЖОК


Жогорку Кеңештин депутаттары конституциялык реформа боюнча кеңештерди өткөрүүдө. Алар ачык түрдө эмес, депутаттардын топ-тобу менен жабык жүрүүдө. Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн бийлик жана оппозициялык «Реформа үчүн» кыймыл өз өкүлдөрүн атаган.

Президент тараптан сүйлөшүү жүргүзүү мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров жана президенттик администрациянын башчысы Медет Садыркуловго жүктөлгөн. «Реформа үчүн» кыймылдан мындай милдет депутаттар Темир Сариев жана Кубатбек Байболовго тагылган. Булардан сырткары сүйлөшүүлөргө албетте, премьер-министр Алмаз Атамбаев, Жогорку Кеңештин төрагасы Марат Султанов катышууда.
Парламент төрагасы Марат Султановдун пикиринде, Жогорку Кеңештин депутаттары алгач бир макулдашууга келип, андан кийин президентке бирдиктүү сунуш менен чыкса туура болот эле. Бирок бул арада «Реформа үчүн» кыймылдын өкүлү Темир Сариев премьер-министр менен жолугушуулар өткөргөнүн билдирди. Анын айтымында, кээ бир пункттар боюнча пикир келишүү бар, кээ бирөөлөр боюнча кеңешүүлөр улантылмакчы.

Бирок Рефомар үчүн» кыймылдын мүчөсү депутат Султан Урманаевдин айтымында сүйлөшүүлөр натыйжасыз болууда:

-Депутаттардын тобу киргизген долбоорду күндөн-күнгө эле кертип, декабрдагы вариантка алып келип атышат. Бир сунуш айтсаң жогору жакка барып сүйлөшүп, кайра келүүдө. Эми мындай болбойт да. Мен мындай реформага каршымын. Буга добушумду бербеймин.

Жогорку Кеңештин конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитетинин төрагасы Исхак Масалиевдин пикиринде, конституциялык реформа үчүн олуттуу кадам жасалды. Бул бейшемби күнү конституциялык соттун судьялары шайланып, соттун ишке киришүүсүнө мүмкүнчүлүк берилиши менен шартталууда. Конституциялык соттон корутунду алуу үчүн Атамбаев башында турган жумушчу топ жазган долбоор конституциялык сотко берилди. Эми аны сот карай баштоого болот. Эгерде бийлик менен оппозиция макулдашууга жетип, жаңы долбоор пайда болсо, анда маселе кандай чечилерин Исхак Масалиев мындайча түшүндүрдү:

-Эгерде консультациялар бир жыйынтыкка келсе, премьер-министр президенттин макулдугун алса, депутаттар макул болсо анда азыркы долбоорду кайра чакырып, кайра иштетип жибериши мүмкүн. Конституциялык сот карап жаткан мезгилде деле бул долбоорду кайра чакырып алса болот. Бул Жогорку Кеңеш чечим кабыл алганга чейин мүмкүн.

XS
SM
MD
LG