Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:39

БИРИККЕН ОППОЗИЦИЯ: ЖАҢЖАЛДЫН КЕСЕПЕТТЕРИ БИЙЛИКТИН МОЙНУНДА


Түн жарымына жакын Бириккен оппозиция лидерлери маалымат жыйынын уюштуруп, Алатоо аянтында болгон окуя үчүн бийликти айыпташты. Ошол эле учурда мөөнөтсүз митингди таркатуу максатында бийлик атайылап чагым уюштурду деген оппозициянын дооматын расмий бийлик кайра өзүнө оодарды.

Оппозициянын баамында 19-апрелдин түнүндө митингичилерди кууп таркатуу, аны чагым жолу аркылуу ишке ашыруу бийликтин мурдатан даярдалган аракети болчу. Жогорку Кеңештин депутаты Мелис Эшимкановдун айтымында, маселен, мындай чагымчыл аракеттерге бийлик митинг башталганда эле киришкен:

- Биз саясий ачкачылык башталган 5-апрелден бери эле жанагы ажылдаган обон деген аялдарга, ар кайсы каналдардын бир жактуу каралаганына, абдан ыплас чагымдарга көнүп калганбыз. Акырында, 14-апрелде 20-30 спортсмен келип мушташ чыгарышып, анан биз аларды теңирден тескерисинче, жаалданган, ачууланган элден аман-эсен сактап калсак, ошондо да бирөөсү майып болуп өлүп калышы мүмкүн болчу, кайра бизди күнөөлөшүп, КТР өзгөчө түндүк-түштүккө бөлүп, Кыргызстанды дүрбөлөңгө түшүрүштү.

Мелис Эшимканов кечээки окуяны мурдагы чагымдардын уландысы деп эсептеп, Бакиевдин бийлигинин кыйрашынын башталышы катары баалады. Бириккен фронттун штаб башчысы Өмүрбек Субаналиевдин айтымында:

- Биз адамдарды көздөгөн жүрүш боюнча алып кеткенбиз. Ал эми акүйдүн жанында калып чагым чылыкка баргандар – ак шапкечендер өңдүү атайын топтор даярдаган адамдар болгон.

"Тынч жол менен бийлик алмаштыруу максатын көздөп, мөөнөтсүз митингге чыккан оппозиция үчүн жаңжал чыгаруу эч кандай пайда бермек эмес",- деп билдирди Кулов. Оппозиция лидерлеринин кыйласы митингичилерди күч менен кууп-таркатуу учурунда аянтта болушкан жок. Мунун себебин кечки саат сегизге белгиленген салттуу кеңешме менен байланыштырышты.

«Реформа үчүн!» кыймылынын лидерлеринин бири экс-спикер Өмүрбек Текебаев пресс-конференция маалында оппозиция кетирген катаны белгилеп кетти:

- Чагымчылыкка жол бербеш үчүн идеологиялык иштерди жүргүзүп, чагымчыларды аныктап, коопсуздук кызматын күчтөндүрүшүбүз керек эле. Акүйгө кол салынган жок.

Анткен менен, ушул эле кечте Алатоо аянтын тазалоо операциясынын убагында ички иштер министри Болотбек Ногойбаев баш аламандык фактысы боюнча кылмыш козголгондугун билдирди. Бул баш аламандыктын артында куугунтук бар экендигин, бирок, саясий куугунтуктарга жол беришпей тургандыктарын, ошол эле учурда алар Конституциялык реформа үчүн жана коррупциялашкан үй-бүлөлүк башкарууга каршы күрөштү уланта беришерин билдиришти:

- Биз тынчтык акцияларды улантабыз. Алар кандай уланат - бул башка маселе. Болуп өткөн чагымдарды эске алып туруп биз стабилдүүлүктү сактоону биринчи максат кылабыз.

Экс-премьер министр Феликс Кулов баштаган бириккен оппозиция 11-апрелден бери Алатоо аянтында мөөнөтсүз нааразылык акциясын уюштуруп, Конституциялык реформаны жана президент Курманбек Бакиевдин кызматтан кетишин талап кылып келатышкан.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG