Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:09

ӨКМӨТ БАШЧЫ: БАРДЫГЫНА МУРДАГЫ ӨКМӨТ БАШЧЫ АЙЫПТУУ


Кечээ кечинде өкмөт үйүнүн алдында милиция менен митингчилердин ортосунда тополоң чыгып, натыйжада милиция борбордук аянтты митингчилерден толук тазалады. Түнкү саат 24:10до бозүйлөрдөн, митингчилерден тазаланган борбордук аянтта премьер-министр Алмазбек Атамбаев маалымат жыйын куруп, болуп өткөн окуяга “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронтунун лидери Феликс Кулов күнөөлүү экендигин билдирди. Ошондой эле А.Атамбаев өлкөдөгү түзүлгөн кырдаал, конституциялык реформа сыяктуу бир катар маселелерге токтолуп, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Теманы Илим Жанузаков улантат.

Премьер-министр Алмазбек Атамбаев борбордук аянтка түнкү саат 24:10до келди. Алмазбек Атамбаев дароо бир канча саат мурда болуп өткөн тополоңго токтолуп, бардыгына “Келечеги кең Кыргызстан үчүн” бириккен фронтунун лидери Феликс Кулов баш болгон бир канча адам күнөөлү экендигин билдирди. Анын ырасташынча, Ф.Кулов 19-апрель чечүүчү күн болорун, 100 000деген адамдарды борбордук аянтка чыгарарын айтып коюп, анысын аткарган жок. Ошондой эле ал мурдагы өкмөт башчы 14 жашар балдарды милицияга каршы чагымга түртүп коюп, өзү башка жактарда жүргөнү өтө уят иш экендигин баса белгиледи:

- Кулов сыяктуу чагымчылыкка түрткөн билдирүүлөрдү жасабаш керек. 11-апрелде, 19-апрелде бийлик бизге өтөт дейт. Бул чагымчылык. Адамча чык. Реформаларды талап кыл, конституцияны талап кыл, президенттин адамча жүрүүсүн талап кыл, Атамбаевдин кызматтан кетишин талап кыл. Бирок, чагымчылык кылба. Анткени сен чоң кишисиң. Сен алтымышка чыгып калдың. 14-жашар балдар сага ишенип алып акүйгө асылып жатышат. Сен бардыгын толкутуп, кызытып коюп жөн гана качып кеттиң. Чагымчы!

Премьер-министр ошондой эле тополоңго карабай учурда өкмөт үйүндө кадимкидей эле иш жүрүп жатканынбилдирди:

- Өкмөт үйүндө кадимкидей эле иш жүрүп атат. Мен иштеп атам. Кечээ эле Астанадан келдим. Менден президент Назарбаев, «Алмаз эмне эле кылып атасыңар, качан иштейсиңер?» деп сураганда уялдым. Анан булар баарыбир керек экен дедим.

А.Атамбаев андан ары тополоңго байланыштуу кылмыш иши козголгондугу катардагы эле иш экендигин, эгер бирөөнүн мүлкүнө кол салуу болсо, менчик мүлк талкаланса күнөөлүүлөр жооп бериши керектигин баса белгиледи:

- Шаардагы баш аламандыктар үчүн, эгер бир жерде терезелер сынса дагы бирөөлөр жооп бериши керек да.

Ал эми аянттагы митингчилер тиккен отуздан ашуун бозүйлөр менен палаткалар эмне себептен дароо жыйналып жаткандыгын премьер-министр мындайча түшүндүрдү:

- Бозүйлөр өрттөлөт деген коркутуулар болгон. Бозүйлөр жөн гана бир жерге жыйылат. Бозүйлөрдүн ээлери келип, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан алып алышса болот.

Ошондой эле жайында Бишкекте өтүүчү ШКУнун саммитине өлкөдөгү олку-солку абал таасирин тийгизбейби деген суроого А.Атамбаев мындай жооп кайтарды:

- Эч кандай олку-солкулук жок. Бул кадимкидей эле митинг. Бирок, өлүмдөр менен талап-тоноолор коштолгон өтө чоң чагымдарды уюштурганга аракет кылышты. Мен бир гана нерсе айтам. Чагымчылардан корккула. Калыс адам бийликтен четтеп калгандан кийин эле оппозицияга кетпейт.

Ошондой эле ал мындан ары реформалар жүрө берерин, алгач конституциялык реформа болорун жана качан партиялык тизме менен шайлоо болгондо гана парламенттик өлкө болушу мүмкүн экендигин билдирди:

- Менин оюмча алгач партиялык тизме боюнча шайлоо болушу керек. Андан соң гана паламенттик өлкө болушубуз мүмкүн. Ошол себептүү азырынча эртерээк деп ойлойм. Анан калса парламент жакынкы үч жылда кетчүдөй эмес. Ал иштей берет. Муну менен эсептешиш керек. Реалдуулук ушундай.

XS
SM
MD
LG