Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Февраль, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 17:35

ТҮНКҮ ТАЛАП-ТОНОО КАЙТАЛАНГАН ЖОК


19-апрелден 20-апрелге караган түнү милиция күчөтүлгөн тартипте иштеп, коомдук тартипти катуу сактоого аракет кылды. Түнү менен митингдин катышуучуларын Алатоо аянтына жолотпой, дүкөн, соода түйүндөрүн кайтарууга алышты. Түндөсү жүргөн атуулдардын көпчүлүгүнүн документтерин текшеришти. Митингди уюштуруучулар “тартип, коопсуздук чагымчылар бузуп, жаманатты кылып, милиция күч колдонду” дешүүдө.

Мен Алатоо аянтына барганымда милиция кызматкерлери митингдин катышуучулары жаткан боз үйлөрдү чечип, чатырларды жыйнап жүк ташуучу автоунааларга жүктөп жатышкан экен. Жолдо баратып Алатоо аянтынын күн чыгыш жагындагы бир нече дүкөн, чайканалардын терезелери таш тийип талкаланганына күбө болдум.

Бириккен фронттун коопсуздук кызматынын мүчөсү Атай Нуркашев тынчтык митингди чагымчылар дүүлүктүрүп эл толкуп кеткенин, ички иштер министри Болотбек Ногойбаевди бош желим бөтөлкөлөр менен урушканын, натыйжада милиция элге каршы күч колдонгонун айтып берди.

Алатоо аянтындагы боз үйлөрдө, чатырларда түнөп жүргөн митингдин катышуучулары кийим- буюмдарын алалбай милициядан айбыгып турушту. Айрым шылуундар чатырларды, жууркан-төшөктөрдү уурдап алышып, машиналарга жүктөй качышты. Каз-катар тизилген милициянын атайын тобу атуулдарды үйлөрүнө кетүүнү талап кылып, эскертип жатышты. Милиция кызматкерлери “Ата мекен” партиясынын чатырларын, желектерин айырып салышты.

Алатоо аянтында турганымда шаардагы айрым дүкөндөрдү, “Народный” соода түйүндөрүн талап- тоноп жатышыптыр деген маалымат түшкөндүктөн чын- бышыгын билүү үчүн Токтогул, Манас, Чүй көчөлөрүн аралап, бир нече соода түйүндөрүн милиция кызматкерлер кайтарып турганын көрдүм. Токтогул жана Исанов көчөлөрүнүн, Манас жана Чүй проспектилеринин кесилишиндеги “Народный” дүкөндөрү катуу кайтарууга алынып, талап-тоноо болбогонуна күбө болдум.

Өлкөнүн ички иштер министри Болотбек Ногойбаев Алатоо аянтынан саат он бир жарымда кырдаал тууралуу мындай деп жооп берди.

- Учурда абал көзөмөлгө алынган. Эч кандай талап-тоноого жол берилген жок. Үч-төрт дүкөндүн жана “Бета-сторес” дүр-дүйнө борборунун эки-үч терезеси сынганы болбосо, ири кылмышка жол берилбеди. Дүкөндөрдү, коомдук жайларды сактап калдык.

Министр Болотбек Ногойбаев шаар тургундарын тынсыздандырып турган талап-тоноолорго жол берилбейт деп, ири соода- сатык жайлар, базарлар, мекемелер, ишканалар катуу кайтарууга алынганын, абал көзөмөлгө алынганын белгиледи.

Жогорку Кеңештин алдында тигилип турган сегиз боз үйдү милиция кызматкерлери күчкө салып зордоп чечтирип жатканын, айылдан келип түнөп жургөн чал- кемпирлерге убал болуп, түндүн бир оокумунда ай талаада жатышканын мурда президенттикке үч ирет талапкерлигин койгон түптүк Өмүрбек Бөлтүрүков айтып, кырдаал мындан дагы курчуп кетиши ыктымал деди.

"Кыргыз улуттук тилектештик" уюмунун мүчөсү Бактыбек Нуралы уулу бийлик чыныгы жүзүн көрсөткөнүн айтып, элге каршы милиция күч колдонуу менен кырдаалды курчутуп жибергенин кошумчалады.

Түндөкү окуядан кийин 5 адам ооруканага түшкөн. Алардын экөөсү укук коргоо органдарынын кызматкери. Бул тууралуу премьер-министр Алмаз Атамбаев «Алатоо» аянтында өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Айрым ишкерлер, сатуучулар сактанып, дүкөндөрүн коопсуздук кызматы менен бирге түнү менен көзөмөлдөп чыгышты.

Бишкекте төрт миңге жакын милиция кызматкери коомдук тартипти көзөмөлдөп күчөтүлгөн режимде иштөөдө.

  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG