Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:47

РУМЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН БИЙЛИГИ ТОКТОТУЛДУ


Кечээ Румыниянын парламенти өлкөнүн президенти Траян Басескуну кызматтан убактылуу четтетти. Мамлекет башчысы конституциянын жоболорун бузганы үчүн айыпталды. Парламенттин чечими саясий кризисти курчутуп,мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү мүмкүнчүлүгүн арттырды.

Президентти кызматтан убактылуу четтеттүү чечими кечээ парламенттин кош палатасынын кошмо жыйынында колго салынды. Чечимди жактап 322 депутат добуш берди, анын өтүшү үчүн 233 добуш керек болгон. Депутаттардын 108и чечимге каршы чыкты, ону калыс калды.

Депутаттар президентти бир нече ирет конституцияны бузган деп күнөөлөштү. Бирок буга чейин эле маселени конституциялык сот карап, мамлекет башчысынын кадамдарынан кандайдыр бир одоно каталыктарды тапкан эмес эле.

Президент Басеску мыйзам бузбаганын айтып, эгер парламент аны кызматтан убактылуу четтеттүү тууралуу чечим кабыл алса, дароо бошонум аларын айткан эле. Өлкөнүн премьер-министри Кэлин-Попеску Тэричан президенттин бул сөздөрүн эске салып, Басескудан убадасын аткарууну талап кылды. Румыния “көмүскө” президентке бир секунд да чыдай албайт, деп айтты премьер.

Президент менен премьер-министр ортосундагы тиреш узактан бери уланып келатат. Өкмөт башчысы сунуш кылган айрым талапкерлерди мамлекет башчысы министрлик кызматка дайындоодон бир нече ирет баш тарткан эле.

Президенттин бийлигин токтотуу тууралуу маселени парламентке либералдар партиясы менен социал-демократтар биргелешип киргизген. Социал-демократтардын лидери Мирча Жоана добуш берүүнүн жыйынтыгы дайын болгон соң Басеску мырзага парламент өтө олуттуу эскертүү жасаганын билдирди.Президентпи, башкабы, ким болбосун, конституция менен ойногонго укугу жок, деп айтты социал-демократтардын жетекчиси.

Румыниянын мыйзамдарына ылайык, эми бир ай ичинде президентке импичмент жарыялоо боюнча элдик референдум өткөрүлүшү керек. Байкоочулар парламенттин чечимине карабастан Басеску өлкөдө популярдуу саясатчы бойдон калат дешет. Кечээ кечинде анын тарапкерлери Бухаресттин борборуна чогулуп, митинг өткөрүштү. Өз жактоочулары алдында сөз сүйлөп,Басеску эл менен бирге экенин, анын тагдырын эми референдумда румын шайлоочулары чечерин билдирди.

XS
SM
MD
LG