Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:10

ФРАНЦИЯ ПРЕЗИДЕНТТИК ШАЙЛОО АЛДЫНДА


Жекшемби күнү Францияда президенттик шайлоо болот. Мамлекет башчысы болгонго он эки талапкер катталган. Эгер биринчи айлампада эч ким элүү проценттен ашык добуш албаса,6-майда шайлоонун экинчи айлампасы өткөрүлөт. Ага көп добуш алган эки талапкер гана катышат.

Шайлоо алдындагы коомдук пикирдин соңку көрсөткүчтөрүнө караганда, тарапкерлеринин саны жагынан башкаруучу коалициянын – “Элдик кыймыл үчүн союздун” ырасмий талапкери Николя Саркози алдыда баратат. Аны жактагандар саны жалпы шайлоочулар арасында 28 процентке жетет. Оппозициядагы социалисттер партиясынан Сеголен Руаяль башкы атаандашына куйрук улаш келатат. Бул экөөнөн тышкары талапкерлер арасында башкаруучу коалициянын дагы бир өкүлү – “Демократиялык күчтөрдүн” кандидаты Франсуа Байру,ашкере оңчул Улуттук фронттон Жан-Мари Ле Пен бар.

Улутчулдардын лидери 2002-жылдагы шайлоодо күтүүсүздөн экинчи орунга чыккан эле. Ле Пен бу жолу да ошондогу “эрдигин” кайталаганга үмүт кылууда. Башкы атаандаштарынын бири Саркозини жакында ал француздарга президент боло албайт деп айтып,анын теги можар экенин эске салды. Буга Саркози Франция кимдин кайдан келгенин унутууну талап кылбай турганын, ушунун өзү улуттук жалпы биримдиктин белгисин билдирерин айтып жооп берди.

Франциянын тарыхында биринчи ирет бу жолку шайлоого мамлекет башчылыгына саясатчы аял талапкер болуп катышууда.Сеголен Руаяль, эксперттик эсептерге караганда, экинчи айлампага чыгышы ыктымал. Ал өзү социалдык системаны кепилдеген, бул аркылуу калктын бардык катмарын бириктирген, алардын ичинде улгайган адамдар менен майыптардын проблемаларын социалдык камсыздоо чөйрөсүнө кошкон республиканын президенти болорун айтып жатат.

Социалист айымдын талуу жери катары байкоочулар анын өкмөттүк кызматтарда иштебегенин, тышкы саясатта такшала электигин айтышууда. Саркози болсо шайлоого даярдык көрүү мезгилинде ички иштер министринин кызматында калып, мындан белгилүү өлчөмдө пайдаланганы, ошондон соң гана кызматын тапшырганы үчүн сынга алынууда.

Жергиликтүү байкоочулар шайлоо өнөктүгү сыдыргага салгандай сыйда өтүп жатпаганын да белгилешүүдө. Жумушсуздук, саясатчылардын аксымдыгы, улуттук азчылыкты түзгөндөрдүн нааразылыгы, солчул күчтөр арасындагы араздашуулардын тереңдеп баратканы – быйылкы шайлоо өнөктүгүнүн башкы проблемалары катары аталууда.

Францияда президенттен соң июндун башталышында парламент шайланышы керек. Андыктан алдыдагы эки ай өлкөдө коомчулуктун саясий бүйүрүн кызыткан мезгил болмокчу.

XS
SM
MD
LG