Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:27

АКШ: АДИЛЕТ МИНИСТРИ СЕГИЗ ПРОКУРОРДУ ЭМНЕ СЕБЕПТЕН КЫЗМАТТАН БОШОТКОН?


Кошмо Штаттардын Адилет министри Алберто Гонзалес федералдык сегиз прокурорду кызматтан саясый негизде бошоттубу? Бул маселе бейшемби күнү Сенаттын юридикалык комитетинде талкууланды. Гонзалестин түшүндүрүшүнчө, прокурорлор жылдык аттестациянын негизинде кызматтан бошотулган. Бирок, айрым сенаторлор Гонзалести Адилет министрлигинен кетиш керек деп санашат.

Сенаттагы угуу жети саатка созулду. Демократ жана республикачыл сенаторлор: Адилет министри сегиз прокурорду кандай жүйө менен бошотулду? Алар президент Бушка лоялдуу эмес болушканы үчүн эле кызматынан кол жууштубу? деген суроонун жандырмагын издешти.

Адилет министрин АКШ президенти каалаган учурда иштен айдай алат. Атүгүл жаңы президент –мурдакы президент атаандаш партиядан болгон учурда- бардык 93 федералдык прокурорду алмаштырган фактылар бар. Бирок, Адилет министринин сунушу менен сегиз прокурорду бошотуу, маалыматтарга караганда, Акүйгө жагынуу үчүн саясый жүйөдөн улам жасалган кадам болгон.

Гонзалес ар бир прокурордун иши менен кылдат таанышып чыкпаганын, бирок алар аттестацияны өткөргөн орун басарларынын сунушуна ылайык кызматтан алынганын айтып, мындай деди:

- Мен ар бир прокурордун ишин карап жатканда анын республикачыл же демократ экенине көңүл бурбастан, далилдерге таянып, чечим чыгаргам. Албетте, мени президент дайындаган жана сенаторлор адилеттүүлүккө таянып иш кылысын деп бекиткен.

Гонзалестин прокурорлор аттестациянын негизинде кызматтан бошотулду деген түшүндүрмөсү демократтар түгүл, республикачылдарды да көп ынандырбады. Сенаттын юридикалык комитетинин мүчөсү, республикачыл Патрик Лиихи талкуудан кийин прокурорлордун эмне себептен кызматтан бошотулганы ал үчүн бүдөмүк калганын жана Гонзалеске болгон ишенимге «олуттуу доо” кеткенин айтты. Комитеттин башчысы, республикачыл Патрик Спектер акыркы эки жумада Гонзалес өзү жана Адилет министрлигинин башка жетекчилери карама- каршылыктуу билдирүүлөрдү жасаганын сындады:

-Сиз “кылдатыраак болушум керек болчу” деген сөздү чын дилден айттыңызбы, аны тешерип көрүүбүз зарыл. Анткени, иш жүзүндө (прокурорлорду бошотууга) кыйыр катыштым деген сөзүңүз, бизде бар далилдер менен коошпойт.

Экинчи бир республикачыл - сенатор Уррин Хэч суроону кырынан койду:

-Сиздер Адилет министрлигинде чечим кабыл алганда, аны колго саласыңарбы?

Ошентип, көпчүлүк сенаторлор Алберто Гонзалес берген түшүндүрмөгө канаатанышкан жок.

Өкмөт Гонзалес тарапта. Президент “Юстиция министрине толук ишенет” деп билдирди Акүйдүн өкүлүнүн орун басары Дана Перино. Бирок, президент Буш жана вице- президент Чейни прокурорлорду бошотууда Адилет министрлиги жаңылыштык кетиргенин мойнуна алышты.

XS
SM
MD
LG