Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:35

БАШ ПРОКУРАТУРА ТОПОЛОҢ ФАКТЫСЫ БОЮНЧА КЫЛМЫШ ИШ КОЗГОДУ


Бүгүн Жогорку Кеңеш өз токтому менен 19-апрелдеги окуяны териштирип, күнөөлүүлөрдү аныктоону Башкы прокуратурага тапшырды. Бул аралыкта коопсуздук кызматы Бириккен фронттун лидерлерин күбө катары сурай баштады. Оппозиция лидерлери бийликтин акыркы аракеттерин күнөөнү уюштуруучуларга примитивдүү, бир жактуу оодаруу аракети катары баалап жатышат.

Башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиевдин Жогорку Кеңеште берген маалыматына караганда, башкы прокуратура массалык тартипсиздик жана жарандардын эркиндигин мыйзамсыз чектөө деген негиздемелер менен эки факт боюнча кылмыш ишин козгоду:

- Экинчи кылмыш ишинин ачылышына 22 депутаттын мага кайрылган каты себеп болду. Анда Жогорку Кеңеште көрсөтүлгөн дискке көңүл буруу сунушталган. Экинчиси, силер баарыңар маалымат каражаттарынан кечээ Алатоо аянтында жана Президенттик администрациянын маңдайында эмне болгонун көрдүңөр.

Ушул эле Жогорку Кеңеште Улуттук Коопсуздук кызмат башчысы Мурат Суталиновдун билдиргенине караганда, козголгон кылмыш ишинин чегинде Бириккен фронттун кол тийбестикке ээ болгон жана ээ болбогон мүчөлөрү суракка чакырыла баштады.

Ушул эле күнү Бириккен фронттун маалымат катчысы Азамат Калман коопсуздук кызматында күбө катары беш саат сурак бергендигин билдирди. Маалымат катчынын айтымында, өзүнөн тышкары бул күнү Бириккен Фронттун Эмил Алиев, Мукар Чолпонбаев, Накен Касиев, Дүйшөн Чотонов, Бегиш Ааматов өңдүү лидерлери жана тарапкерлери чакырылды. Ал эми Бириккен фронттун лидери Феликс Куловду суракка алып баруу үчүн жасалган аракеттерге саясатчынын кичи мекени Байтик айылынын тургундары жол беришкен жок.

Бул аралыкта оппозиция лидерлери маалымат жыйынын уюштуруп, бийликтин аракеттерин, анын ичинде Жогорку Кеңеш кабыл алган токтомду бир жактуу, үстөмдүк кылуу чаралары катары сындап чыгышты.
Жогорку Кеңештин депутаты, «Реформа үчүн!» кыймылынын лидерлеринин бири Өмүрбек Текебаев бийликтин акыркы аракеттерин абийирдин жоктугунун белгиси катары баалады:

- Биздин кээ бир коллегалар, кээ бир укук коргоо органдары жеңиштин кумарына мас болуп, ийгиликти бекемдеп, андан ары биротоло басынтуу аракетинде болуп атат.

Жогорку Кеңештин кыйла депутаттары 19-апрелдеги аянтты тазалоо учурунда кеткен чыгымдардын бардыгын митингди уюштуруучуларга төлөтүү маселесин көтөрүштү. Ички иштер министри Болотбек Ногойбаевдин болжолдуу маалыматына караганда, милиция кызматкери жарат алып, көптөгөн чакан дүкөнчөлөр, автоунаалар талкаланган. Чыгымдар, чыр-чатактар милициянын аракеттеринен кийин болгондугун белгилеген депутат Өмүрбек Текебаев чыгымдарды төлөтүүгө байланышкан депутаттардын демилгесин примитивдүүлүгү үчүн сындады:

- Анда март окуясындагы баскынчылыктын чыгымдарын, Жалалабаддагы улуттук банктагы уурдалган акчаны, ал жердеги күйгүзүлгөн имараттардын чыгымдарынын баарын ошол митингдин уюштуруучуларына жүктөйлүк. Аларга жүктөгөндүн ордуна көчөлөргө ат коюп, улуттук баатыр деген наамдарды, эстеликтерди коюп атабыз го.

Депутат Темир Сариев Жогорку Кеңеш токтомду талкуулап жатканда парламентте оппозициянын көз карашын билдирди:

- Кечээки болгон инцидент менен Конституциялык реформа бүттү, эми бардыгы мурункудай болот, репрессия болот же диктатура болот деген бул туура эмес, бул ашыкча. Бизде эч качан андай болбойт. Буга биз жол берсек дагы эл жол бербейт.

Азырынча, Бириккен оппозицияга кирген депутаттарды суракка чакыруу жөнүндө маалыматтар кабарлана элек. Башкы прокурордун журналисттерге билдиргенине караганда, аталган кылмыштарды тергөө жараяны мыйзам боюнча эки айдан бир жылга чейин созулат. Ал эми козголгон кылмыш ишинин негизинде күнөөлөр далилденген шартта үч жылдан жети жылга чейинки жаза чектелиши мүмкүн.


Сүрөттө: Кыргызстандын баш прокурору Эльмурза Сатыбалдиев.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG