Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:32

ФЕЛИКС КУЛОВ БАШ БОЛГОН ОППОЗИЦИЯ ӨКҮЛДӨРҮ СУРАЛА БАШТАДЫ


Жазгул Жамангулова, Чүй Бүгүн «Келечеги кең Кыргызстан үчүн» бириккен фронтунун лидери Феликс Куловду Улуттук коопсуздук кызматынын тергөөчүлөрү суракка алды. Үч жарым саатка созулган сурактын жүрүшүндө митингди каржылоо булактары жана массалык башаламандык жаатындагы суроолор берилген.

Кечээ Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары Артур Капаров баш болгон атайын кызматтын өкүлдөрү Байтик айылына келишип, Ф.Куловду УККга алып кетүүгө аракет жасашкан. Бирок, айылдаштары буга жол беришкен эмес. Кечинде Ф.Кулов жердештерине кайрылып, суракка барарын айткан. Бүгүн, Улуттук коопсуздук кызматынын тергөөчүлөрү саат 11:00дөн 14:30га чейин сурак жүргүзүштү. Ал туурасында Ф.Кулов төмөндөгүлөрдү айтты:

- Сурак адаттагыдай эле өттү, жооптун баары компьтерге жазылды. Эн негизги суроо митингди каржылоо жана 19-апрелдеги башалмандык туурасында болду. Тынчтык митингдин массалык баш аламандыкка эч кандай тиешеси жок. Бул бийлик уюштурган чагымчыл аракет. Андан башка көп суроолор болду, мен бардык суроолоруна жооп бердим. Ал эми учурда арбын адамдар мага кайрылып, менин кичи мекениме барып атышат. Алар тынчсыздануу менен бирге Бакиевдин бийлигинин келиши менен элде түндүк-түштүк ажырымы ачыктан ачык көрүнүп тургандыгын айтышууда.

Улуттук коопсуздук кызматынын имаратынын алдында жүзгө чукул адам чогулду. Алардын арасында укук коргоочулар да жүрүштү. Укук коргоочу Азиза Абдырасулова журналистердин суроосуна жооп берип жатып 19-апрелдеги башаламандыкка байланыштуу бийликтин дагы, оппозиция өкүлдөрүнүн дагы белгилүү денгээлде катачылыгы бар экендигин билдирди. Ал эми кечээ «Эркиндик» партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев маалымат жыйынында окуяга мындайча баасын берген:

- Куловдун авантрюисттик кадамдары ушундай бүтөөрү мурда эле айкын болчу. "Бириккен фронт" уюштурган митинг кан төгүүсүз аяктаганы биз үчүн сүйүнүч. Мен Ф.Куловду банкрот болгон саясатчы катары эсептейм. Ал өзүн дүйнөгө өзүн дагы бир жолу уят кылды. Азыр фронтчулар өздөрү алапайын таппай, ар кандай сүйлөй башташты.

Ал эми Арнамыс партиясынын штаб жетекчиси Эмил Алиев бул маселелерге байланыштуу мындай дейт:

- Бийлик өздөрүнүн чагымчыл ишин акырындап бизге түртө салды кылганы жатат. Сурак деле ошол нукта жүрүп жатат. Биз баары бир өзүбүздүн аракеттерди көрө беребиз. Элдин колдоосу менен кайрадан митингдер уюшула берет.

Кечээ Ф.Куловдун кичи мекени болгон Байтик айылында атайын штаб түзүлдү. Штабдын жетекчиси болуп Алмаз Айылчинов дайындалды.

XS
SM
MD
LG